Бишкек мэрлигине Албек Ибраимов кайра келди

Албек Ибраимов Сүрөттүн автордук укугу facebook

Бишкек шаардык кеңеши борбор калаанын башчылыгына Албек Ибраимовдун талапкерлигин колдоду.

Добуш берген 43 депутаттын 29у Албек Ибраимов үчүн, ал эми 12 депутат "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы сунуштаган Нурдин Абдылдаев үчүн добуш берген. Мэр болуш үчүн кеминде 23 добуш алуу керек эле.

Мэр шайлоо митинг менен коштолуп турду. Мэриянын алдына чогулган жүз чамалуу киши бүгүнкү мэр шайлоодо адилеттүү, сатылбай добуш берип, кайра Ибраимовду мэрликке алып келүү талабы менен чыгышкан.

Экинчи талапкер Нурдин Абдылдаев бул митингди шаардык кеңешке жасалган кысым катар мүнөздөп, атайын уюштурулган деп билдирди.

Албек Ибраимов өткөн жылдын февраль айында шаардык кеңештеги социал-демократтар фракциясынын сунушу менен мэрлик кызматка келген эле. Президенттин жакын адамы катары мүнөздөлгөн Албек Ибраимов борбор калааны дээрлик бир жылга чукул башкарды.

Тема боюнча башка макалалар