Нурдин Абдылдаев: Мэр шайлоо боюнча сотко кайрылышыбыз мүмкүн

Албек Ибраимов өзүнө ишеним көрсөткөн депутаттарга ыраазычылыгын билдирип, шаарды өнүктүрүү үчүн 90 барактан турган беш багыттагы программасы бар экенин айтты
Image caption Албек Ибраимов өзүнө ишеним көрсөткөн депутаттарга ыраазычылыгын билдирип, шаарды өнүктүрүү үчүн 90 барактан турган беш багыттагы программасы бар экенин айтты

Бишкек шаарына жаңы мэр болуп кайрадан Албек Ибраимов шайланды. Шайлоого жалпы 43 депутат катышты. Талапкерлер жеңишке жетүү үчүн жыйырма үч добуш алуусу керек эле. Көпчүлүк коалициянын талапкери Албек Ибраимов жыйырма тогуз добуш алды. Атаандашы Нурдин Абдылдаев шайлоонун жыйынтыгынан шек санап жатканын жана бул боюнча юристтер менен кеңешип, сотко да кайрылышы мүмкүн экендигин билдирди. Ал он эки добушка ээ болгон.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Нурдин Абдылдаев: Шайлоо басым көрсөтүү менен өттү

"Шайлоо басым көрсөтүү менен өттү. Көчөдө митинг, анын чуусун баары укту. Бул да кысым көрсөтүүнүн бир жолу деп эсептейм. Ушундай иш болгондон кийин депутаттарга мындан башка да ар кандай кысым болду деп ойлойм. Алардын ар бири менен жекече иштешти болуш керек. Андан сырткары депутаттардын алдында мага беш мүнөт сөз да беришкен жок. Сүйлөө үчүн беш мүнөт бул мыйзам жана регламент боюнча мага бериле турган убакыт болчу",-дейт "Өнүгүү-прогресс" фракциясынын талапкери Нурдин Абдылдаев.

Ал ошондой эле мындай жыйынтык болорун күтпөгөнүн да кошумчалады.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Эртең менен Албек Ибраимовду колдоо үчүн уюштурулган митингдин чуусу шайлоо жүрүп жаткан учурда да угулуп турду

Албек Ибраимов болсо өзүнө ишеним көрсөткөн депутаттарга ыраазычылыгын билдирип, шаарды өнүктүрүү үчүн 90 барактан турган беш багыттагы программасы бар экенин жана шайлоодо эч кандай басым-кысымды байкабаганын айтты.

"Урматтуу шаар тургундары, урматуу шаардык кеңештин депутаттары мага артылган ишенимди актоого даярбыз. Мен митинг болоорун билген эмесмин. Себеби мен иш күнүмдү эрте баштаганмын. Силер сыяктуу эле мен да бул жактан көрдүм. Ал депуттаттарга канчалык деңгээлде кысым көрсөтөөрүн мен билген жокмун",-деди Албек Ибраимов.

Шайлоо башталаар алдында депутаттар арасында эки талапкердин программасын угууга беш мүнөттөн убакыт берүү же бербөө туралуу талаш-талкуу болду. Анда депутаттардын бир тобу буга чейин фракцияларда талапкерлер менен жолугушууда баарын талдап чыкканын айтса, экинчилери шайлоочуларды сыйлап, мындай олуттуу чечим кабыл алаарда талапкерлерди дагы бир жолу угуу керектигин билдирди.

Мындан сырткары эртең менен Албек Ибраимовду колдоо үчүн уюштурулган митингдин чуусу шайлоо жүрүп жаткан учурда да угулуп турду.

Image caption Албек Ибраимов: Мен митинг болоорун билген эмесмин. Себеби мен иш күнүмдү эрте баштаганмын. Силер сыяктуу эле мен да бул жактан көрдүм

"Ачык эле айтайын митингдин демилгечиси менмин. Шаардыктар Албек Ибраимовду жакшы көрүп келип жатышат. Бул жердегилер бүгүнкү күндө иштеп жаткан мэр ишин улантсын деп келишти",- дейт өзүн "Бириккен элдик кошуундардын" төрагасынын орун басарымын деп тааныштырган Алга Кылычов.

Image caption Алга Кылычов

Шайлоодон кийинки малымат жыйынында Албек Ибраимов буга чейин ар кандай талкууларга жем таштап, бирок ишке ашпай калган теледебатка эмне себептен барбаганын да түшүндүрдү.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption КТРК жетекчилиги дебат уюштуруу сунушу менен кайрылгандар 9-январь кечки саат жетиге чейин партия өкүлдөрү сунушун бышыктабагандыктан, уюштурууга үлгүрбөй турганын айтып, баш тарткан

"Кандидаттан кат келген, биз жазуу жүзүндө жооп бергенбиз. Анда КТРК, НТС жана Сентябрь каналдары көрсөтүлгөн. Биз коомдук канал экенидигин жана алардын дебат өткөрүү тажырыйбасын эске алып КТРКны тандаганбыз. Бирок биз саат тогузга чейин жазуу жүзүндө чакыруу алган жокпуз",- дейт Ибраимов.

Ошентип Албек Ибраимов борбор калаага кайрадан мэр болуп шайланды. Ал буга чейин жалгыз талапкер катары шайлоого чыгып, шаарды жетектеп келген. Ибраимов эл арасында президенттин эн жакын адамы катары да айтылып келе жатат.

"Бишкектин мэринин отчётун премьер-министр угушу керек. Бул өкмөт башчынын конституциялык укугу. Бирок ал Албек Ибраимовго сүйлөгөндөн чочуйт болушу керек. Ибраимов премьерди тоотпойт да болуш керек. Ошондуктан ал президентке кирип, отчёт берип, андан көрсөтмө алып жатат",- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев.

Деген менен шаар тургундарынын арасында Албек Ибраимов жакшы иштеп жатат дегендер да жок эмес.

Image caption Албек Ибраимовду колдоп митингге чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов да жүрдү

"Чындыгында Ибраимов кызматка келген тогуз ай ичинде өзүн чарба адамы экенин далидей алды. Ал биринчи кезекте чарбагер, саясатчы эмес. Мен да мэр ошондой адам болушун каалайм. Ал коммуналдык чарба жана башка маселелерди жакшы билгени маанилүү",- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов

Эми жаны шайланган мэр мыйзам боюнча 3 ай ичинде шаарды өнүктүрүү боюнча социалдык-экономикалык программасын шаар кеңешинин депутаттары менен бекитиши керек.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар