Аманбай Кайыпов: Нарында көмүр жок деген чуу атайын саясат деп ойлойм

Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповдон отун-суу маселеси боюнча маалыматын укту
Image caption Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповдон отун-суу маселеси боюнча маалыматын укту

Бүгүн Жогорку Кеңеш депутаттары өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповдон отун-суу маселеси боюнча маалымат укту. Апта башында аймакта сатып алууга көмүр жок болуп жатканы кызуу талкууларды жараткан. Учурда атайын кампаларга көмүр жеткирилгени айтылууда, бирок бул суроо-талапты толук камсыздай албайт дегендер да бар. Кабарчыбыз Абдыбек Казиев өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов менен "Кенч Строй " фирмасынын жетекчиси Кылычбек Исамамбетовду ушул маселени талкуулоого чакырган.

Би-Би-Си: Нарын шаарынын тургундары акыркы 3-4 күндө көмүр жок экенин, суукта кыйын абалда калганын билдирип чыгышкан. Абал кандай?

А. Кайыпов: Бюджеттик мекемелерге өз убагында тартып толугу менен камсыз кылганбыз. Бул боюнча маселе жок. Ал эми элге 22 миң 700 тонна көмүр керек. Муну деле негизинен кампаларга тартып койгонбуз. Нарында азыр суук 35-40 градуска жетип, көмүргө талап да ошого жараша өсүп жатат. Көмүр сатуу толук токтоп калды дегенге кошулбайм. Жаңы жылдан кийин да бир, эки машинелеп сатып атты. Бирок чоң кампаларда баягыдай көмүр жок боло калганы чындык. Эки күн эле жок болуп калды. Азыр 350 тонна көмүр Нарын шаарында сатыла баштады.

Image caption Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов

Би-Би-Си: Интернетке тараган тасмалардын биринде жергиликтүү тургундар менен мэрия өкүлү он күндөн бери көмүр жок калды деп талашып жатпайбы? Сиз 2-3 күн гана жок болду деп жатасыз?

А. Кайыпов: Он күн бою көмүр жок болду дегенге мен кошулбайм. Себеби мен өзүм 9-январь күнү базарда эки машинеде көмүр сатылып жактанын көргөм. Бул жерде атайылап саясат да болуп жатабы деген оюм бар. Азыр да 769 тонна көмүрүбүз райондордо турат.

Image caption А. Кайыпов: Мурун көмүрдүн тоннасы 3000-3500 сом болчу, азыр да ошол баада.

Би-Би-Си: Өнөр жай, энергетика мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев быйыл кыш абдан катаал боло турганын сентябрь айынын башында эле айтты эле. Эмне үчүн эртелеп камылга көрүлгөн эмес деп эл сиздерге суроо берип жатса керек?

А. Кайыпов: Мына эки жылдан бери кыштан жакшынакай эле чыгып келгенбиз. Буюрса быйыл да жакшы чыгабыз. Эмне үчүн эрте даярданбайсыңар деп сурашат. Биз ишкерлер менен биргелешип, элди көмүр менен камсыздап келебиз. Ошол эле ишкерлердин да мүмкүнчүлүгү чектелүү да. Азыр эле он машине көмүрдү Аттокуров Бакыт деген ишкерибизге алдырып келип, шаарда 3000-3500 сомдон кыдырып саттырып атабыз. Анан мүшөктөп алгандарга болсо чыгымы көбөйүп 4000 сомго чейин чыгып кетип жатат. Бир жагынан жаңы жылдан кийин Кара-Кечеде урап кеткен жерден улам кезек көмүр чыкпай атты. Болбосо ташып келгенге биздин камаздар азыр да даяр турат.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption "Кенч Строй "фирмасынын жетекчиси Кылычбек Исамамбетов

Би-Би-Си: Кылыч сиз көмүр менен камсыздоо боюнча иштеп келе жатасыз? Кандай кылганда мындай чыр чыкмак эмес?

К. Исамамбетов: Эл айткандай кыштын камын жайда, жаздыкын кышта көр дейт. Кычыраган кышта көмүр менен камсыз кылабыз деп, өкмөт да ишкер да ачуу сынга кабылып жатканы ошондон. Мамлекет көмүр тармагындагы болгон лицензиянын баарын ишкерлерге берген. Бүгүнкү күнү элди көмүр менен камсыздоо ошол ишкерлердин моюнунда. А аким, губернаторлор күзүндө монополияга каршы агенттик менен бирге бааларын коюп, уюштуруп берүүгө жоопкер болушу керек. Беш жылдан бери көмүр менен иштеп келе жактан киши катары айтайын дегеним, биз 3000-5000 тонна көмүрдү элге карызга таратып берип, пенсия, жөлөк пулунан чогултуп олтуруп, акчабызды мартта колго алчубуз. Тилекке каршы быйыл биздин компания иштебей калып, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорунда ушундай чуу чыгып жатышы ошого түздөн-түз байланыштуу.

Би-Би-Си: Турук көмүр кенинин айланасында чыккан чырга байланышы бар деп сиздин атыңыз да айтылыа калып жүрөт. Буга кандай тиешеңиз бар?

А. Кайыпов: "Сардар" компаниясына Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев кожоюндук кылат. Былтыр акимдин орун басарларын алып барып, Кылыч мырзалар менен аябай тыгыз иштедик. Ошентип баардык базаларга көмүрдүн баарын карызга алдын ала жеткирип койгонбуз. Бирок, быйыл булардын лицензиясын алып коюптур. Ал канчалык мыйзамдуу экенин мен билбейт экенмин. Бул жылы деле "Сардар" компаниясы жакшы иштеп койгондо мындай маселе чыкпайт болчу. Алар жакшы иштей турган болсо ташып кете турган транспорт бизде даяр турат. Ишкерлер жакшы иштей турган болсо ал жерге акимдин да губернатордун да кереги жок болчу. Ишкерлер өздөрү ташып келип, жакшынакай сата бермек.

Би-Би-Си: Азыр Нарында көмүр түшүрүп, сата турган канча кампа бар?

А. Кайыпов: Учурда алтымыш сегиз кампа бар. Жогорку Кеңеште да айттым, буга чейин да мындан кийин да камсыз кылабыз.

Би-Би-Си: Аманбай мырза 2-3 күн көмүр жок болуп калды дедиңиз. Ушундан улам көмүрдүн баасы асмандап кеткен жокпу?

А. Кайыпов: Мурун көмүрдүн тоннасы 3000-3500 сом болчу, азыр да ошол баада. Мен муну ишенимдүү айта алам.

Image caption А. Кайыпов: Аба ырайы 40 градуска чейин суук болуп алыс жактан келип окуган балдарга кыйын болуп калат. Ушундан улам эс алууну узартып берсеңиздер деп ата-энелер өтүнүштү

Би-Би-Си: Кылыч мырза көмүр сатып алган кардарлар быйыл эмне деп жатышат, алардын абалы кандай?

К. Исамамбетов: Чындыгында эл буга даяр эмес болуп калды. Себеби биз буга чейин эл үшүбөсүн деп карызга түшүрүп берчүбүз. Элге ал ыңгайлуу болуп кызыл козуга алгандай кенен-кесир алып коюп, акырындап кутулуп берчү. А быйыл жүз сому кем болсо да бербей, накталай сатабыз деп туруп алганда эл айласы кетип, муктаж болгон көмүрүнүн араң жарымын алып калды. Анан суук да аябай күчүнө кирип, бир айга жетет дегени жарым айга жетип жатат. Бул жерде өкмөт бир эле программаны ишке ашырышы керек эле. Ал геология тармагындагылар лицензия алгандар кандай иштеп жатканын элден чындап сурамжылоо жүргүзүп, көзөмөлгө алып койгондо эле мындай маселе чыкпайт болчу. Минтип өкмөттүн деңгээлинде талаш да чыкмак эмес.

Би-Би-Си: Көмүр жоктугунан эл токойго да кол салып жиберди деп айтылып жатат. Сизде ушундай маалымат барбы?

А. Кайыпов: Чынында бул эми ушак болуш керек деп ойлойм. Нарында биринчи жолу кыш болуп жаткан жери жок. Биз да негизи мындан да жакшы даярдык көрүшүбүз керек. Бир гана жери азыр ишкерлерди баланча тонна алып кел деп кыйнабайбыз да. Алардын да чама-чаркы чектелүү.

Би-Би-Си: Сиз эл көмүрдү мүшөктөп алышат деп айтканыңыз үчүн депутаттардын сынына да кабылдыңыз. Бул тууралуу социалдык тармактарда да талкуу жүрүп жатат. Буга кандай дейсиз?

А. Кайыпов: Себеби мындай, бул жерде Нарын шаары тууралуу эле кеп болуп жатат. А айылда болсо канча керек болсо ошончону тонналап алып коюшат. А шаарда көбү мамлекттик кызматта иштегендер, каражаты чектелүү болуп, мүшөктөп алганга аргасыз болуп жатат. Балдарын окутат, кийинтет, дагы толгон-токой керектөөлөрү бар. Бул айла жоктон же кайдыгерликтен деп айта албайм. Биз аны да жакшы түшүнүп турабыз. Маалыматты ар башкача таратып жиберип жатат.

Би-Би-Си: Жогорку Кеңеште сиздин малыматыңызды угуп жатып, сизди кызматыңыздан кетесизби деген да суроо берилди. Жообуңуз кандай болду?

А. Кайыпов: Депутат Камчыбек Жолдошбаев, дагы ушундай кайталана турган болсо кызматыңызды тапшырып бересизби деп сурады. Мен тапшырып берем дедим. Бирок буга чейин да колдон келишинче иштеп келгенбиз, уланта беребиз.

Би-Би-Си: Мектеп, бала бакча, ооруканаларда жылуулук кандай болуп жатат? Себеби кышкы эс алууну узартуу демилгеси менен чыккан ата-энелерди да уктук?

А. Кайыпов: Туура айтасыз. Ак Талаада акимдин эл менен жолугушуусунда аба ырайы 40 градуска чейин суук болуп жаткандыктан, алыс жактан келип окуган балдарга кыйын болуп калат. Ушундан улам эс алууну узартып берсеңиздер деп ата-энелер өтүнүштү. Биз да туура көрүп, билим берүү министирлигине сунуш менен кайрылдык. Эгер ишке ашып калса жакшы эле болот болуш керек.

Би-Би-Си: Сиз облус жетекчиси болуп дайындалганда ишиңзди Кара-Кече кенине барып таанышуу менен баштадыңыз эле. Азыр ал жакта эмне өзгөрдү?

А. Кайыпов: Ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Жолдошев ал жакты ирээтке келтирүү тапшырмасын берген. Мага чейин ал жакта кезек күтмөй, атышуу, киши өлтүрүү сыяктуу окуялар болду эле. Азыр 2-3 күн күтүп калганда көмүр жок деп чуу чыгып жатат. Ал кезде барсам айлап кезек күтүп жатып сакал, муруту өскөн айдоочулар көйгөй көп экенин айтышты. Алар айткандай агы, кызылы, карасы баары аралашып кезек эмне экенин билбей калган экен. Ошондо ал жерге атайын тосмо, тараза, салык, милиция кызматын коюп иш баштаганбыз. Азыр аябай эле жакшы болуп калды деп айта алам. Кылыч мырза да мени калп айттырбайт. Ошол жылдары болгону 300 миң тоннага чейин көмүр казылчу. 2014-жылдан баштап 600, былтыр 700, быйыл болсо 741 тонна көмүр казылды.

К. Исамамбетов: Мен Кара-Кече эмес Турук кени тууралуу айтайын. Мен ал жакка барганыма беш жылдай болуп калды. Ал жакта бир камаз көмүр алып кетүү үчүн, бир кой союп, баштык камдап барган деңгээлге жетип калган экен. Башкасын айтпай эле коёлу. Жогоруда Аманбай Кайыпович айткандай болгон көзөмөлдү коюп, кримналдык элемент, башаламандык дегенди жойдук.

Тектеш темалар