Президенттик шайлоого аттангандардын “жүрүштөрү”

Кыргызстанда оппозициядагы партиялар “Көлөкө өкмөттү” түзүшкөнүн жарыялашты
Image caption Кыргызстанда оппозициядагы партиялар “Көлөкө өкмөттү” түзүшкөнүн жарыялашты

Кыргызстанда оппозициядагы партиялар “Көлөкө өкмөттү” түзүшкөнүн жарыялашты. “Таза Кыргызстан”, “Эрк”, “Ишеним” сыяктуу онго жакын партия жана кыймылдар меморандумга кол коюшту. Алар өкмөт мүчөлөрүнө, керек болсо президентке альтернатива катары иштеп, баш мыйзам уруксат берген эрежелердин чегинде гана аракеттенээрин айтышууда.

“Көлөкө өкмөт” аттуу коомдук-саясий күч түзүлүп, алар Кыргызстан элине жана бийликке кайрылуу менен чыгышты. Анда буга чейин өлкөдө болгон саясий олку-солку абалдар, коопсуздук, башкаруу системасы тууралуу бир катар мисалдар келтирилип, анын кайталанбашы үчүн мындан ары мамлекеттик органдарга жардам берүү максатын көздөп жатышканы айтылат.

“Өкмөт мүчөлөрү бийликтен кеткен учурда ким келет экен, кантет экен дебей, биз кесипкөй адистер алардын ордун басууга даярбыз. Ошондуктан өзүбүздүн министрлер кабинетин түзүп жатабыз. Бизге азыркы өкмөттүн структурасы жакпайт, бирок алардын каталарын көрсөтүп, керек болсо жардам берүүгө даяр болуу үчүн биз алардыкындай эле структура түзүп жатабыз”, -дейт “Көлөкө өкмөттү” түзүүчүлөрдүн бири, “Эрк” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу.

Бул саясий топ баш аламандыкка жол бербөө, саясий стабилдүүлүктү сактоо, улут аралык тынчтыкка доо кетирген күчтөр болсо, аларды мамлекеттик органдарга билдирип туруу максатын көздөйт.

Президенттик шайлоого даярдыктын фонунда

Кыргызстандын Конституциясында же башка мыйзамдарда “көлөкө өкмөт” түшүнүгү жок. Бирок өнүккөн мамлекеттерде ал демократиянын нормасы деп айтылат. Башкача айтканда муну оппозициянын саясий ишмердигинин бир түрү деп атоого болот.

Саясий күчтөрдүн мындай биригүүлөрү Кыргызстанда быйыл күзүндө боло турган президенттик шайлоого даярдыктын фонунда өтүүдө. Серепчилер жыл жаңыргандан баштап эле шайлоого аттана турган ушул сыяктуу күчтөрдүн “жүрүштөрү” башталганын айтышат.

Сүрөттүн автордук укугу youtube
Image caption Келдибеков, Мадумаров жана Ташиевдер бир партияга биригип, президенттикке араларынан бир талапкер көрсөтөөрүн айтышкан эле

“Көлөкө өкмөттөн” башка дагы, өлкөдө таасирдүү деп саналган саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков президент болууга аттанып, анын шайлоо штабы түзүлгөнү жөнүндө жергиликтүү маалымат агенттиктери жазышууда.

Мындан мурдараак Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиевдер бир партияга биригип, президенттикке араларынан бир талапкер көрсөтөөрүн ачык айтышкан болчу:

“Биздин максат- быйыл боло турган президенттик шайлоого баруу. Үчөөбүздүн бирөөбүз мамлекетти башкарып, элибиздин эртеңки келечегин аныктоо үчүн бел байладык”, - деген эле Ташиев.

Мадумаров, Келдибеков, Ташиев бириккенин жар салганда, өзүнүн катарына парламенттеги оппозициялык күчтөрдү да кошуу максаты бар экенин, айрыкча соңку учурларда бийликти сындап келаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди коргоого алаарын жашырышкан эмес.

Оппозициячыл саясатчылардын тизгинин тартуу

Кыргызстандын саясий айдыңы соңку жылдары салыштырмалуу тынч болгону менен, өткөн жылы болгон чек ара чырлары аягында саясаттагы олку-солкуларга да себеп болду.

Аксыдагы митингге барган оппозициялык саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров март айында камакка алынып, “бийликти күч менен басып алуу” жана “кылмышка даярдануу” беренеси боюнча иш козголгон.

Жаз, жай айларында мындай бир нече кармоолор болуп, “Элдик парламенттин” лидерлери деп айтылган Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев жана Тойгонбек Калматовдор камалганы коомчулуктун эсинде.

Бирок бул оппозиция өкүлдөрү саясий куугунтуктун курмандыктары экенин айтып, негизсиз түрмөгө жабылганын айтып келишет.

Image caption Аксыдагы митингге барган оппозициялык саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров март айында камакка алынган эле

Быйыл Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн соңку жылы. Бул мөөнөтү бүткөндөн кийин өкмөт башчы да, спикер да болбой тургандыгын билдирип, буга чейин бир канча ирет айтып келген. Бирок жаңы жыл алдындагы маалымат жыйынында КСДП партиясынын бийликте калышын колдой турганын, өзү кызматта отурбаса да, партиясы аркылуу саясатты көзөмөлдөй турганын кыйытып айткан.

Байкоочулар президент өзүнүн партиясы аркылуу бийликти кармап туруу үчүн өтө алысты караган саясат жүргүзүп жатканын белгилешет. Ушундай шартта оппозиция күчтөнө алабы? Алардын биригип жатышынын башкы максаты кандай?

“Таасирдүү саясатчылар делген Келдибеков, Ташиев, Мадумаровдор бириккени менен, аларды түштүк аймактар көбүрөөк колдошот, эми түндүк тараптан да күч топтоп, башкалар менен биригиши керек. Ал эми “Көлөкө өкмөттү” түзгөн Бакир уулу, Иманкуловдор Текебаевге кошулуп кетишпейт. Тескерисинче башкаларды тартканда, оппозиция ресурсу азайып кетиши мүмкүн. Принципиалдуу оппозициячыл саясатчы делген Текебаев, Бекназаровдор Келдибеков командасы менен тил табышууга аракет кылышууда. Бирок алардын баарын бир күч, бир система деп айта албайм. Ал эми бийлик системалуу болуп, азырынча саясий процесстерди колунан чыгара элек”, - деди саясат таануучу Марс Сариев.

Сариев кошумчалагандай, учурдагы оппозициядагы саясатчылар ынтымактуу эмес, чачырап жүрүп, конструктивдүү иштей алышпай жатышат. Ошондуктан шайлоодон кийин бийлик оппозициянын колуна өтөт дегенге көпчүлүк ишенбей тургансыйт.