Улуттук статком: Кыргызстанда жашоо минимуму төмөндөдү

Image caption Комитеттин маалыматына карганда, 2011-жылдан бери республикада жашоо минимуму жылдан жылга өсүп келген

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Комитеттин маалыматына карганда, 2011-жылдан бери республикада жашоо минимуму жылдан жылга өсүп келген. Биринчи жолу 2016-жылы төмөндөө катталды. 2015-жылы жалпы калк үчүн жашоо минимуму 5183 сомду түзсө, өткөн жылы бул көрсөткүч 4794 сом болгон. Бул жан башына 389 сомго арзандады дегенди билдирет.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Биринчи жолу 2016-жылы төмөндөө катталды

Аталган мекеме мунун себебин күнүмдүк турмушта эң көп колдонулган азык-түлүк арзандады деп түшүндүрдү. Жашоо минимуму - коомдук индикатор болуп эсептелет. Анын структурасы калктын демографиялык ар бир катмарына иштелип чыгат. Негизги көрсөткүчтүн 65 пайызын такай колдонулуучу азык-түлүк, 16 пайызын азык-түлүктөн сырткары товарлар, 17 пайызын ар кандай кызматтар, 2 пайызын салыктар түзөт. (AbK)

Тектеш темалар