Баалар базарда арзандадыбы же кагаз бетиндеби?

2015-жылы жалпы калк үчүн жашоо минимуму 5183 сомду түзсө, өткөн жылы бул көрсөткүч 4794 сом болгон
Image caption 2015-жылы жалпы калк үчүн жашоо минимуму 5183 сомду түзсө, өткөн жылы бул көрсөткүч 4794 сом болгон

2015-жылы жалпы калк үчүн жашоо минимуму 5183 сомду түзсө, өткөн жылы бул көрсөткүч 4794 сом болгон. Бул жан башына 389 сомго арзандады дегенди түшүндүрөт. Мындай маалыматты бүгүн Улуттук статистика комитети билдирди.

Деген менен сурамжылоо учурунда базарда сатуучулардын көбү ун, май, шекер, туз сыяктуулардын жылдан жылга кымбаттап жатканын Би-Би-Сиге айтып беришти. Алардын айрымдары, кыска мөөнөткө өсүмдүк майы менен күрүч гана арзандаганын белгилешти.

Image caption Жашоо минимуму - коомдук индикатор болуп эсептелет. Анын структурасы калктын демографиялык ар бир катмарына иштелип чыгат

Сатуучулар менен алармандар арзандаган азык-түлүк көрө элекпиз дегени менен Улуттук статистика комитети соңку беш жыл аралыгында биринчи жолу жашоо минимуму төмөндөгөнүн айтып, анын негизги себебин азык-түлүктүн арзандашы менен түшүндүрүүдө. Мамлекеттик мекеме шаар эле эмес аймактарда да күн сайын өз адистери аркылуу баалардын кымбаттап же арзандаганына байкоо салып жыйынтык чыгараарын түшүндүрдү.

Image caption Акылбек Султанов

"2016-жылы социалдык экономикалык абал негизинен көрсөткүчтөрдүн жогорулашы менен мүнөздөлдү. Маселен ички дүң продукция 458 млрд сомду түздү. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 3,8 пайызга өскөндүгүн айгинелейт. ЕАЭБ мамлекеттеринин арасында тышкы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2016-жылдын соңку айларында 16.7 пайызга азайган. Анын ичинде экспорт 8.1 ал эми импорт 18 пайыздын айланасында кыскарган. Жакшы жактарын да кемчиликтерин да байкап жатабыз. Ошондой болсо да азырынча ЕАЭБге баа берүү эртелик кылат. Себеби биз жаңы эле кирдик да. Биз ар бир кварталда аныктап турабыз. 2016-жылы жашоо минимуму төмөн болушу бул эң көп колдонулган товарлардын арзандашы менен түшүндүрүлөт. Жашоо минимуму өткөн жылы жалпы калк үчүн 4 794 сомду түздү. Биздин комитет берген маалыматтар боюнча кээде өкмөт, парламент да ишенбегендей көз карашын билдирип келишет. Бетме-бет сүйлөшүп, тактай келгенде баардыгы биздин маалыматтар менен макул болуп чыгышат", - дейт комитет жетекчичси Акылбек Султанов

Сүрөттүн автордук укугу Ош базары
Image caption Ош базары

Деген менен бул маалымат жашоо жеңилдеди дегенди эмес, көйгөй көбөйдү дегенди түшундүрөт дегендер да жок эмес.

"Бул көрсөткүч адамдардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү азайды дегенди түшүндүрөт. Азык-түлүк эмнеден улам арзандап жатат дегенди ойлонуу керек. Кардар жогунан айласы кеткен ишкерлер продукциясынын баасын арзандатып сатып, чыгымдарды үнөмдөө үчүн жумушчулардын санын кыскартууга аргасыз болуп жатат. Бир сөз менен айтканда бул кубана турган сөз эмес",- дейт экономист Кубан Чороев

Жашоо минимуму - коомдук индикатор болуп эсептелет. Анын структурасы калктын демографиялык ар бир катмарына иштелип чыгат. Негизги көрсөткүчтүн 65 пайызын такай колдонулуучу азык-түлүк, 16 пайызын азык-түлүктөн сырткары товарлар, 17 пайызын ар кандай кызматтар жана 2 пайызын салыктар түзөт. Ошондой эле Улуттук статистика комитети бүгүн берген маалыматка караганда, өлкөдө орточо айлык акы он төрт миң сомдун айланасында.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар