Учак кырсыгынан жаракат алгандардын абалы кандай?

Учак кырсыгынан жабыр тарткан 15 жаштагы Байнур
Image caption Учак кырсыгынан жабыр тарткан 15 жаштагы Байнур

Учак кырсыгынан каза тапкан 37 кишинин өздүгү аныкталды. Алардын отуз төртү кыргыз жарандары, төртөө кырсыкка кабылган учактын экипаж мүчөлөрү.

Кырсыктан мерт кетендердин көпчүлүгүнүн сөөгү жерге берилди. Айрымдарын туугандары кичи мекенине алып кетишти. Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканага түшкөндөрдүн биринин абалы оор экенин айтты.

Он беш жаштагы Байнурга дарыгерлер белинен катуу жарат алган жана мээси чайкалган деген диагноз коюшту. Сол бети шишип, көзү көгөрүп кеткен Байнур учак кырсыгы тууралуу көп нерсе эстей албайт. Ошентсе да ал кырсык болордон эки күн мурда Дача-Суу айылына конокко барганын айтып берди:

"Бир тууган бөлөмдүн туулган күнү 15-январь күнү болду. Мен аны утурлай эки мурда эле келип алгам. Өздүк майрам жакшы өтүп, шаңдуу отурдук. Бүткөндөн кийин бейкапар баарыбыз уйкуга кирдик. Таң атпай катуу үн угулуп, дубал бузулуп кеткенин көрдүм. Ошо бойдон эстен таңган окшойм. Бир маалда өзүмө келсем үйдүн урандыларынын астында калыпмын, пешенемде чоң учактын асылып калган дөңгөлөгү айланып атыптыр. Кыйкырайын десем үнүм чыкпайт, колумдун учун кыймылдаттым. Карындашым көрүп жездеме айтты окшойт, жездем келип сууруп чыкты. Абдан ызы-чуу болчу", - деп сөзүн жыйынтыктады өспүрүм.

Учак кырсыгы Байнур конокко барган үй-бүлөдөн үч өспүрүмдүн өмүрүн алган. Ал кечинде эле чогуу туулган күн тоскон бөлөлөрүн үчөөнү эрте менен көрбөй калганын айтып муңканат.

Ал эми Байнурдун апасы Москва шаарында иштеп жүргөн көптөгөн мигранттардын бири. Учак кулап, андан баласы жабыр тартканын уккан эне эч нерсеге карабай жолго чыгып, 16-январдын кечинде жетип келген. Ал мындай кырсык жүрөгүн тилип кеткенин айтып ыйлап отурду:

"Эч күткөн эмеспиз. Балам туулган күнгө бара калып, башына ушундай оор учур келет деп кимдин оюна келсин? Абдан нес болуп турам. Батыраак сакайып кетсин деген эле тилек".

Шаардагы номер үчүнчү балдар ооруканасында Байнурдан башка дагы кырсыктан жабыркаган алты бала дарыланууда. Алардын абалы кечээкиге салышмалуу жакшы экенин айтат дарыгери Данияр Шайбеков:

"Бизге келген өспүрүмдөрдүн баарынын абалы жакшы, экөөсүн кайра текшерүүдөн өткөрдүк. Психологдор тынбай иштеп атышат, алар азыр нес абалынан чыгышты. Бала барибир бала да, күлүп, чуркап, ойноп калды".

Өспүрүмдөрдүн абалы жакшырганы көңүл жубатканы менен 4-шаардык ооруканада жаткан, денесинин дээрлик жарымы күйүп кеткен кишинин абалы дале болсо оор бойдон калууда. Дарыгерлер аны сактап калуунун бардык аракетин көрүп жатканын айтат.