Авиакырсык:"өлгөндө көргөн колдоонун бирин тирүүсүндө көргөн жок"

Авиакырсыктан курман болгондордун тажыясына көп киши келип жатты
Image caption Авиакырсыктан курман болгондордун тажыясына көп киши келип жатты

Учактар кыйма-чийме учкан, жыл бою жашоого жарабаган саздуу дачага жашоочулардын көбү борборго жакындап, жан багуу максатында аймактардан келишкен. Байкоочулар мындай кырсыктарга калктын аярлуу катмарлары көп дуушар болоорун айтышууда.

16-январдагы учак кырсыгынан мерт кеткен үй-бүлөнүн Бишкек четинде өтүп жаткан тажыясына көп киши келди. Министр баш болуп, президенттин, өкмөт аппаратынын кызматкерлери төш болуп, жардамын көтөрүп алган бейтааныш мекендештер, орус-кыргызына карабай көз көрсөтүштү.

Көпчүлүктүн арасында “жанды кейиткени – өлгөндө көрсөтүлгөн колдоонун бирин маркумдар тирүүсүндө көргөн жок” деген сөз айтылды.

“Жаш үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан колдоо учурунда болуш керек. Бизге мамлекеттик ипотека боюнча ишкананын төрайымы баш болуп келгенде маркум Наргиза менин жанымда турду. Ал ушунчалык үмүт менен үй калып калам деген тилекте болуп, ага жада калса ишенди. Мен ишенген жокмун, анткени 6-7 миң сом айлык менен мүмкүн эмес эле. Эми курман болгондордун 90 пайызы Кыргызстандын туш тарабынан келген жаш үй-бүлөлөр болуп жатат. Ар бирибиздин күнөөбүз бар, мамлекет жарандарын көзүнүн тирүүсүндө сыйлаш керек”, - деди маркум келиндин кесиптеши Алимжан Масаев.

Байкоочулар жамандыкка коомдун коргоосуз катмарлары көп учураарын белгилешүүдө.

Image caption Маркум Наргизанын кесиптештери жаш бүлөлөргө учурунда камкордук көрүлсө болмок дешти

Аба майданга жакын кыштакка да коопсуз жерден үйгө же дегеле өз тамына жете электер, жакшы жашоо издеп аймактардан келгендер баш калкалаганын айтышууда. Курман болгон башка үй-бүлө борбордо иштеш үчүн бир ай мурда гана келгени кабарланды.

“Аялдардын демократиялык тармагы” коомдук уюмунун жетекчиси Гүлжан Байбетова Орусиядагы басмаканада жан берген кыздар, Дача-Суудагы кырсык Кыргызстанда калктын камкордукка алынбаганын көрсөттү дейт. Болбосо Дача-Сууда жашоого уруксаат эмес, саз дагы. Байбетова аярлуу катмарда жаш бүлөлөр, аялдар жана балдар басымдуу болоорун белгиледи:

“Биз Жаңы жерге барганда Манас айылында гана мектеп бар экенин көрдүк. Балдардын көбү он сом, жыйырма сом берип маршрутка менен келип кетет экен. Суукта тоңуп, ар машинага кол көтөрүп, “ала кетиңиз” деп турушат. Бул Бишкектен отуз чакырым алыстагы бир кыштактын гана мисалы. Мындай конуштар аймактарда канча? Ушул окуя сабак болуш керек. Калкты камкордукка алууга бизде мыйзам жетиштүү бирок алар иштебейт. Ошолорду иштетиш керек”.

Түштүк аймактарда иштеген “Калктын аярлуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү” коомдук фондунун жетекчиси Зайнап Эшмуратова мамлекет калктын социалдык абалын үч жылда бир анализдеп, ага жараша чараларды көрүш керектигин эскертип, бирок бул өңдүү укуктук нормалар иштебей келатканын айтууда.

Ал эл ичинде ким кандай, кайда, эмне менен жан багып жатканын ирээттеген киши жок деди:

“Мисалы, ушул учурда Ош шаарында көп кабатту үйлөр жайгашкан райондор бар. Ал жерде батирди ижарга алып тургандар абдан көп. Базар экономикасынын агымы менен алыскы райондордон келип, алды-саттыга байланыштуу иштерде иштешет. Алар атайын каттоодо болбогондуктан ар кандай социалдык кызматтарды, кепилдиктерди ала алышпайт”.

Жогорудагы эксперттер мамлекет Конституцияда жазылган нормаларды эле аткарып, ар бир жаш үй-бүлөнү жок дегенде жер тилкеси менен камсыз кылууну колго алыш керек деп эсептешет. Эл ичинде бири бирин жамандыкта жалгыз калтырбаганы жакындарына чоң күч берген менен тирүүсүндө мамлекет кепилдеген муктаждыктарына да жетпесеа кеч жардамдан не пайда?

"