Зар какшаган Зарлык жакындарын жерге берди

Зарлык Орозбаев
Image caption "Жакында эле келип, сагынычымы таратып кеттим эле. Москвага келип-кетип иштеп, ошол жерге үй салып, апамы, иними, карындашы жаныма алып барган элем, эжем дагы бар болчу үйдө...заматта беш жакынымдан, уулумдан айрылып, боздоп турам... ",-деди жашка буулуп, буркурап турган Зарлык.

Авиакырсыктан набыт кеткен бир бүлөөдөгү төрт адамдын сөөгү бүгүн Оштун Алай районунда жерге берилди.

“Бир бүлөөдөн Зарлык калды...ал Москвада келинчеги менен иштеп жүргөн эле. Зарлык үй салып, апасы, баласы, иниси,карындашы ошол үйдө эле да. Дал ушул жерде учак өрттөнүп кеткен экен. Сөөктөрдү колунан таанып, шакегинен таанып алып келдик”,-дейт бүлөсүнөн айрылган иниси Зарлык Орозбаевдин абалына жүрөгү ачышып, көзүнө жаш алган авасы Муса ажы Тайчабаров.

Зарлык Орусиянын Москва шаарынан кабар жетери менен кайтып келген. Учак кырсыкка кабылган Дача-Суу айылындагы үйүндө 1959-жылы туулган апасы Бүнаркан Орозбаева, 1989-жылы туулган карындашы Айжамал Орозбаева, 2005-жылы туулган тун баласы Тимур, 2006-жылы туулган иниси Айбол болгон.

“Жакында эле келип, сагынычымы таратып кеттим эле. Москвага келип-кетип иштеп, ошол жерге үй салып, апамы, иними, карындашы жаныма алып барган элем, эжем дагы бар болчу үйдө...заматта беш жакынымдан, уулумдан айрылып, боздоп турам... ”,-деди жашка буулуп, буркурап турган Зарлык.

Кырсык болгонун угары менен ошол жерге жетип келген аталаш тууганы Мунарбек Орозбаев:

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кырсыктан набыт кеткен бир бүлөдөгү төрт адамдын сөөгү Оштун Алай районунда жерге берилди.

“Окуя болгон жерге дароо эле угарыбыз менен жетип бардык. Барсак үйү урандыга айланыптыр. Ошол жердеги балдар ушул үйдө беш киши бар эле деп куткаруу кызматына айтышкан экен. Алар суу чачып, өрттү өчүрүшүптүр. Сай-сөөгүбүз сыздап, сөгүлүп турсак да, денелери бөлүнүп кетпей, бүтүн табылганына шүгүр кылып турабыз”,- дейт.

Зарлыктын 27 жаштагы карындашы Айжамалды жакында күйөөгө беребиз деп турушкан экен. Айжамалдын сүйлөшкөн жигитинин ата-энеси сөйкө салып кеткен эле-деди чоң апасы Саадат Абдалова.

“Жакында турмушка узатышмак да...оо дүйнөнүн периштеси болуп учуп кетти”.

Зарлыкка кайрат берип, жөлөп-таяп келген элдин катары калың болду. Өкмөт өкүлдөрү да сөөк коюу зыйнатына барып, Президенттин, өкмөт башчынын атынан көңүл айтып, жардамдарын көрсөттү. Бул кайгылуу окуяны бүтүндөй журт жүрөгүнөн өткөрүп, колунан келгени тамак-ашын, төшөнчүсүн көтөрүп келип, акчалай жардам чогулткандар көп болууда. Кырсыктан набыт болгондордун ар биринин тагдырына кейип, алардын жакындарынын мүшкүлүн бүтүндөй кыргызстандыктар кошо тартып, кайгыдан мөгдөп олтургандарга чоң кайрат берүүдө.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар