Түштүк Кореянын соту Samsung жетекчисин камакка алуудан баш тартты

Ли Чжэ Ён Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ли Чжэ Ён формалдуу түрдө Samsung компаниясынын вице-президенти кызматында. Бирок анын атасы, компаниянын президенти Ли Гон Хи жүрөк оорусуна кабылгандан кийин, иш жүзүндө ал корпорацияны жетектеп жүрөт.

Түштүк Кореянын соту Samsung компаниясынын вице-президенти Ли Чжэ Ёнду камакка алуу боюнча прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган жок. Аны өлкө Президентинин курбусунун тегерегиндеги жаңжалга катыштыгы болгон деп айыпташкан.

Сот 48 жаштагы Ли Чжэ Ёнду камакка алууга негиз боло турган жагдайлар жок деген чечимге келген.Тергөө Samsung компаниясы Президенттин курбусу Чхве Сун Силдин көзөмөлүндөгү коммерциялык эмес фонддорго каражат которгон деп айтууда.

Президенттин жакын курбусу Чхве Сун Сил ири бизнес өкүлдөрүн өзүнө караштуу өкмөттүк эмес эки фондго ири суммадагы акча которууга мажбурлаган деп айыпталып жатат. Бул жаңжалдын арты Президент Пак Кын Хеге импичмент жарыялоого себеп болду.

Каражат которгон компаниялардын арасында Samsung дагы аталып,өткөн аптада прокуратура компаниянын вице-президенти Ли Чжэ Ёнду камакка алуу боюнча сотко кайрылган эле. Аталган компания Президенттин курбусу Чхве Сун Силге түз эле бир нече миллион доллар каражатты, кызынын Германиядагы окуусу үчүн берген дейт тергөө маалыматында.

Ли Чжэ Ён формалдуу түрдө Samsung компаниясынын вице-президенти кызматында. Бирок анын атасы, компаниянын президенти Ли Гон Хи жүрөк оорусуна кабылгандан кийин, иш жүзүндө ал корпорацияны жетектеп жүрөт. Samsung дүйнөдөгү эң ири жогорку технологиялык электрониканы, мобилдик телефон, телевизор, монитор, турмуш-тиричилик буюмдарын өндүргөн компания эсептелет.