Кыйраган учак "Манаска" жүк жеткирип келатканбы?

bbckyrgyz
Image caption Өкмөт жүк түшүрүү боюнча эч кандай маалымат жоктугун, учкучтар май куюп, Түркияга учушмак болгонун айтууда

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Бишкекте кыйраган учак "Манас" аба майданына май куюу үчүн эмес, жүк түшүрүү үчүн конгону жатканын айтып чыкты. Ал өкмөттү чындыкты жашырып жатат деп сындады. Бул маселе бүгүн парламентте да талкууланып, кырсыкты тереңирээк изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин колундагы Түркиядан алынган маалыматтар боюнча, учактын жетиштүү күйүүчү майы болгон, эки-үч жолу аэропортту айланып, учак коно албай койду деген өкмөттүн маалыматтары чындыкка туура келбейт жана бул учак Кыргызстанга ар кандай эл керектөөчү товарларды түшүрүү үчүн конгон.

"Кырсыкка учураган учак Бишкекке күйүүчү май куюу үчүн эмес, жүк түшүрүү үчүн келген. Өкмөт кыйраган учактын жүгү боюнча чындыкты жашырып жатат. Жыйынтыгын күтпөй эле депутаттык комиссия түзөлү", -деди Текебаев.

Төрт күн мурда болгон кырсыкты иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, аны биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жетектеп баштаган эле. Абулгазиев жана башка өкмөт мүчөлөрү каргашалуу окуя боюнча жаңы эле коомчулукка маалымат таратуу максаты менен чыгып, бул жүк самолету учкучтарын алмаштыруу, май куюу үчүн Бишкекке конгону жатканда кырсыктады деп билдирди:

"Учкучтар жүк түшүрүү боюнча эч кандай маалымат беришкен эмес. Алар май куюп, Түркияга учушмак болгон. Өкмөттүк комиссия териштирүү иштери бүтмөйүнчө, жүк тууралуу кандайдыр бир маалымат айтуудан карманып жатабыз", -деди өкмөт мүчөлөрү.

Image caption Кырсыктан каза болгондорду акыркы сапарга узатуу учуру

Кырсык болгон күнү ӨКМдин куткаруучулары ал жерден мобилдик телефондор, аксессуарлар, электрондук товарлар күйүп жатканын көрүшкөн. Ал эми жергиликтүү журналисттер бул товарлардын колдонуу кагаздарында кыргызча жана орусча колдонуу эрежелери болгонун маалымдап жатышат.

Эгерде жүк Түркияга кете турган болсо, анда кыргызча кагаздарга эмне зарылдык бар эле деген суроолор кызуу талкууланып жатат.

Image caption Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров

"Бул жүктөр боюнча расмий билдирүү бербей жатышканы үчүн ар ким ар нерсени айтып жатат. Эмнени жашырып жатышат болду экен? Түркия башканы, биздин өкмөт башканы айтууда. Так билдирүүлөрдү талап кылабыз",- дейт жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, учурда бардык издөө иштери бүтүп, тазалоо, учактын калдыктарын чыгаруу иштери эртең башталат. Бул кырсык болгон Дача-СУ айылында 34 кыргызстандык жаран каза болуп, алардын аты-жөнү такталып бүттү. Андан тышкары учактын төрт экипаж мүчөсү мерт кеткен. Алардын сөөктөрү мекенине жиберилди.

Тема боюнча башка макалалар