Учак кырсыгы: жардамга чогулган акчалардын дареги

Кубатбек Бороновдун айтымында, учак кулаган тилкеде 43 үй болгон
Image caption Кубатбек Бороновдун айтымында, учак кулаган тилкеде 43 үй болгон

Бишкектин четиндеги учак кырсыгынан жабыркагандарга өлкө ичинде жана сырттан ондогон миллион сом жардам чогулууда. Жардам чогултуу, өткөрүп берүү жыйынчактуу жана ишеничтүү болуш үчүн көзөмөлдөгөн бир түйүн болуш керек деген ойлор айтылууда.

Би-Би-Си кабарчысы акчалай жардам кайсы жерлерде чогултулуп, кандай жолдор менен берилерин жана канча суммага жеткенин тизмектегенге аракет кылды.

Берилген жана убада кылынган акчалардын суммасы

  • ӨКМдин ачык эсебинде 10 млн сомдон ашык экенин министр Кубатбек Боронов 19-январда түштөн кийин билдирди.
  • “Кыргыз темир жолу” ишканасы кызматкерлеринин бир күндүк айлыгын – 3 млн сом берди. (ӨКМнын эсебинин ичинде)
  • “Дизель” интернет форуму 18-январдагы эсеп боюнча, 1 миллион 600 миңден ашык сом чогулткан.
  • Бишкектеги балдардын хосписи 18-январда келген каражатты 460 миң сомдон ашык деп эсептеди. Андан сырткары сырттагы краутфайдинг компаниялар 10 миң доллардай чогултуп беришти.
  • “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду 19-январда берген маалыматы боюнча, 700 миң сомго чукул чогултту. Чет жерден 10-15 миң доллар күтүшүүдө.
  • Президент жакындары курман болгон ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон берди.
  • Өкмөт сөөк көмүүгө ар бир үй-бүлөгө 70 миң сомдон берди, жабыркагандарга да жардам берилет.
  • Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан курман болгон бүлөлөргө 80 миң сомдон берилди.
  • Жогорку Кеңештин депутаттары үч күндүк маянасын беришет.
  • Токмок мэриясы 48 миң сом берди (ӨКМнын эсебинин ичинде болушу мүмкүн).
  • Кыргыз ислам институту 45,7 миң сом берди (ӨКМнын эсебинин ичинде болушу мүмкүн).

Министрликтер, инспекциялар, мамлекеттик кызматтар, агенттиктер, фонддор, комиссиялар болуп мамлекеттик ведомстволордун дээрлик бардыгы кызматкерлеринин бир күндүк айлыгын берээрин айтышты.

Image caption 16-январда Бишкектин четиндеги кыштакка кулаган учак 38 адамдын өмүрүн жалмады

Мисалга алсак, Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин бир күндүк айлык акысы орточо 2,5 миллион сом болот деп эсептешкен. Мамлекеттик органдардын баары ӨКМдин ачык эсебине которууда.

Жаза аткаруу кызматынын жамааты бир күндүк айлыгын уулу, келини жана эки баласынан айрылган өздөрүнүн кызматкерине түз берген, дагы чогултушууда.

Айрым элчиликтер да жардам берүү каалосун билдирген.

Көрсөтүлгөн акчалай жардамдын көлөмү мүнөт сайын өзгөрүп жатканын жана Би-Би-Синин эсебине кирбей калган акчалай жардамдар болушу мүмкүн экенин эскертебиз.

Акча кандай бөлүштүрүлүүдө?

“Дизель” интернет форуму чукул жардам үчүн каражаттарды 19-январда бөлүштүрдү. Алар жакындары каза болгон 14 үй-бүлөгө 50 миң сомдон, жаракат алган он бештей үйгө 20 миң сомдон берүүдө. Бул тууралуу маалыматтарды форумдун модератору Надежда Хохлова билдирди. Андан сырткары 100 миң сомду ооруканадагы денесинин 45 пайызы күйгөн жаранга кармашууда. Хохлованын айтымында, денеси күйгөн адамдардын дарылануусуна демейде 100 сомдон 200 миң сомго чейин каражат кетип жүрөт.

Интернет форум жогоруда аталган жардамдардан ашканын бүлөлөрдүн кийинки социалдык муктаждыктарына сактайт.

Бишкектеги балдардын хосписинин директору Динара Аляева да кырсыкта жакындарын жоготкон, жаракат алган, үйсүз калгандар деп категорияга бөлүп жардам беришерин билдирди. Ошондой эле хоспис “Кызыл жарым ай коому” менен бирге жаңы эсеп ачты. Андагы каражат эсептелине элек.

“Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду чогулткан каражатын кармап турат.

“Биз азыр өкмөттүн иликтөөсүнүн корутундусун күтүп жатабыз. Алар кайсы жакта муктаждык көп десе, ошол тарапка беребиз. Балким үй-жайга керек болушу ыктымал. Эгер мамлекет үй маселесин чечип берсе, анда үй ичине, эмеректерге зарыл болушу мүмкүн. Аягында элге отчет беребиз”, - деди “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов.

Социалдык тармактын колдонуучулары, кайрымдуулук менен алектенгендер туш тараптан агылган жардамды координациялаш керек деп тынчсызданышууда. Көпчүлүк жардам акчалар жабыр тарткандардын убактылуу муктаждыктарына эмес, үй-жай, жер тилкесине же жетим калган балдардын келечегине жумшалыш керек дешүүдө.

Жеке адамдар, журналисттер, жабыркагандардын достору да акчалай жардам чогултууда. Мындан шектенгендер да чыгууда. Хабиб Арзыкуловдун айтымында, жардамдын жабыр тарткандарга түз жетпей калуу коркунучунан адамдар кайрымдуулуктан баш тартышы мүмкүн:

Image caption OFFICIAL

"Элдин кайрымдуулук фонддоруна ишенбеген себеби да ошол. Айрым шылуундар же башка шектүү адамдар пайдаланат. Муну Ош окуясында көрдүк. Андыктан андай дайыма боло беришин эске алып, расмий жардам берүү эсептерин гана калтырыш керек".

Ал эми кайрымдуулук менен көп жылдан бери алектенип келген журналист Надежда Хохлова бир эле координациялык түйүн болсо да иштеш оор деген пикирде.

"2010-жылдагы тажрыйба көрсөткөндөй, жардамдарды көзөмөлдөгөн бирдиктүү борбор болгондо кайра эле топторго бөлүнүп иштеш керек болот. Андыктан эки нерсенин ортосунда бир механизм табыш керек. Азыркы стресс бир аз басаңдаганда биз өкмөт менен талкуулап, көмөктөшүү саясатын аныктайбыз. Бизге дагы өзүбүздүн репутациябыз маанилүү. Баардыгы ачык, так болсо дейбиз", - деди Хохлова.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдон канча үйгө жардам керек экенин сурадык.

“Тактоо иштерин комиссия жасап жатат. Ошол катарда 43 үй болгон. Анын дээрлик баары кайсы бир деңгээлде жабыркаган. Кайсы турак-жай канчалык жабыркаганын, кайсынысына канча жардам керек экенин аныкташ үчүн бир аптадай убакыт керек”, - деди Боронов Би-Би-Сиге.

Министр ӨКМ чогулткан каражатты бөлүштүрүүдө комиссияга жергиликтүү бийлик менен калктын өкүлдөрү кирерин кошумчалады.

"Элим барсыңбы?" фонду ар бир жаран, каалаган жерден жардам берүү үчүн жеңил жолдорду түзгөн:

  • "Билайн" байланыш операторунун абоненттери 2015 номуруна "Учак" деген сөздү жиберсе 25 сом которулат;
  • "Мобильник" терминалынан кайрымдуулук бөлүгүнөн "Элим барсыңбыны" тандап каалаган сумманы салууга болот;
  • 0 772 00 20 15 деген телефон номерине бирдик жүктөөгө болот

Тектеш темалар