Учактагы жүк узун чырды улайбы?

16-январда учак кулаган жерден товарлардын калдыктары табылган
Image caption 16-январда учак кулаган жерден товарлардын калдыктары табылган

Бул кырсык Кыргызстанга кирген ири аткез товарларды ачыкка чыгарабы же саясаттагы төбөлдөрдүн кезектеги компроматына себеп болобу?

19-январда түзүлгөн депутаттык комиссия кулаган түрк учагындагы жүктү изилдеп баштады. Комиссия өрттөнгөн жүк Кыргызстанга келаткан болушу мүмкүн эле деген шектенүүлөрдөн кийин түзүлдү. Бирок ишкерлер аба жолдору менен мыйзамдуу да, мыйзамсыз да товар ташуу пайдалуу эмес дешүүдө. Ал эми шек санаган депутаттардын башында турган Өмүрбек Текебаев жүк Түркияга түз баратканына ишенбейт.

“Ооба, катардагы элге керектөөчү буюмдарды самолёт менен ташыган пайдалуу эмес. Бул жерде аз көлөмдү ээлеген, кымбат баалуу буюмдар гана ташылышы мүмкүн. Эң негизгиси – аба майдандын жетекчилиги менен тил табышкан, чоң саясий калкалоочулары бар топ гана жасашы мүмкүн”, - деди Текебаев.

Ал арада саясатчылардын арасында жүктүн ээлеринин аты аталып жатканы тууралуу сөз жүрүүдө.

Өмүрбек Текебаев баш болгон оппозиция президент Алмазбек Атамбаев жана анын жакын тегерегиндеги өнөктөштөрү менен өткөн жылдын августунан бери тирешип жатканын маалымат каражаттары жазып келатат.

Кыргыз өкмөтү кулаган Boeing-747-400 Кыргызстанга майын толуктоо үчүн гана конмок деп келди. Ал эми учак ээси MyCargo Airlines компаниясы тараткан пресс релизде учактын башка аба майданына конууга жетчү майы бар эле деп жазды.

Өмүрбек Текебаев “түрк компаниясы жүк Бишкекке түшмөк деди” деген билдирүүнү “Азаттык” радиосунун маалыматына таянып айтып чыкканын Би-Би-Сиге билдирди.

“Манас” эл аралык аба майдандын жетекчиси Эмир Чукуев учак техникалык тыныгууга гана конмок деп жатат:

“Биздеги маалымат боюнча, рейс транзиттик болчу. Ал техникалык конууга келаткан. Техникалык конуу – май куюу, экипажды алмаштыруу жана башка экипаж суранган регламенттик иштер. Алардын жүк түшүрүү же жүктөөгө укугу да болгон эмес”.

Бирок учак кулаган жерде күйгөн товарлардын колдонуу эрежелеринин кыргызча тексттери табылган.

Оппозициячылар ал аткез товар болгонун, муну бийлик жашырып жатканын айтууда.

Image caption Boeing-747-400 уюлдук телефон, ар кандай электроникалык буюмдарды алып келатканы айтылды

Аба майданы адегенде учактардын ичиндеги жүктөргө жооп бербей турганын айткан. Бажы кызматынын маалымат катчысы Жаманак Мүсүрканов да жүк “биздики эмес болчу” деп, ишкерлер тарабынан да Бажы кызматына катталбаганын билдирди.

Кырсыкты иликтеген өкмөттүк комиссиянын башчысы биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев жүк иликтенет деди.

Кытайдан Кыргызстанга жүк жеткирген “Kitay kg” фирмасынын өкүлү кандай товарлар, көбүнчө кандай жолдор менен келээрин айтып берди:

“Кытайдан Кыргызстанга асман менен товар келбейт. Келсе, кымбат товарлар келет. Мисалы, кездеме ташыгандар үлгүлөрүн гана учак менен жибериши мүмкүн. Биз он жылдан бери иштейбиз, кыргыздар түркиялык учак менен товар ташыганын уккан эмеспиз. Бирок биз, албетте, катардагы жарандардын товарларын алып келебиз. Унаа менен кийим-кечеден тарта ири техникаларга чейин ташылат”.

Улуттук Банктын маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар алмашуу бир миллиард доллардан ашып, мурунку жылдан кыйла көп болду. Бирок экономисттер “Дордой” гүлдөп турган учурдагы товар алмашуунун көлөмүнөн бул алда канча аз экенин белгилешет. Ал эми эки өлкө ортосундагы товар алмашуунун дээрлик баары, албетте, импорт. Кыскаруунун себеби Евразия экономикалык биримдиктин өз өндүрүшчүлөрүн коргоо максатында башка өлкөлөргө бажы төлөмдөрүн кымбаттатуу болуп эсептелет. Мына ушул жагдай да Кытайдан аткезчилик жол менен келген товарлардын санын өстүрүшү мүмкүн деген күдүк ойлорго түртөт.

Тектеш темалар