Чек арадагы калктын турмушу

Чек арага жакын райондордун тургундары жумушсуздук көп дешет Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Чек арага жакын райондордун тургундары жумушсуздук көп дешет

Чек арага жакын жашагандардын турмушу Көк-Таш айылында кечээ болуп өткөн окуя өңдүү чырлардан кийин коомчулуктун көңүлүн өзгөчө бурат. Өздөрү жеңилдетүүлөрдү алуу үчүн бийликке кайрылып келатат.

“Бизде иш жок, жаштардын баары диплом алып эле Россияга кетип калып атат. 10-15 сотка жерибиз бар, шалы эгип, ошол менен элебиз. Пенсия, жөлөк пул бар эле, эми жөлөк пул да жок болуп кетти. Бир айылда эки-үч эле адам балдардын жөлөк пулун алат. Машинаңар, башкаңар бар экен деп бербей коюшту. Башкасын алса да пенсия менен балдардын акчасын жөн эле коюш керек эле, өздөрүнүн дары-дармегине кетет. Пенсия 3-4 миң сом, башкалардыкындай эле, көбөйтүлгөн эмес”, - деди Баткен районундагы Апкан айылынын тургуну Инабат апа.

Ал Тажикстанга чектеш жайгашкан айылы аралдай болуп көңүл буруудан кур калганын айтып берди. Бир жериң ооруп калса, Баткендин өзүнө же дагы алыс шаарча, райондорго барыш керек дейт жергиликтүү тургун:

Image caption Чек арага жакын жашагандар негизинен дыйканчылык кылып, мал багышат

“Айылда медпункт бар, анда бир эле аял иштейт. Анча-мынча дары берет, сурансаң кээде гана укол сайышы мүмкүн. Андан башка эч нерсебиз жок. Жыйнаган шалыбызды бирибиз сатып, бирибиз алып оокат кылабыз. Мурда тажиктерге, өзбектерге сатат элек, азыр андай жок”.

Апкан айылынын короолору тажик үйлөрү менен дээрлик жабышып турат. Бул айылды ортодогу чек ара бекети гана бөлөт. Бул түштүк аймактагы чек аралаш айыл, кыштактардын бир гана үлгүсү.

Өткөн жылдын аягында Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча агенттиктин башчысы Жумагүл Эгамберидева дагы бир нече айыл өзгөчө макам алуу өтүнүчү менен кайралганын парламентте билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөсү Бахадыр Сулейманов чек арадагы жарандарды камкордукка алууга мыйзам базасы жетиштүү экенин айтып, маселе анын ишке ашуусунда деди:

“2012-жылы чек арага жакын айылдар тууралуу мыйзам кабыл алганбыз. 2013-жылы бул мыйзамдын негизинде өкмөт ал элди колдоо боюнча планын иштеп чыккан. Адашпасам, жер салыктары жеңилдетилген, эмгек мөөнөтү кыскартылган, жеңилдетилген кредиттер каралган. Өкмөт атайын программа иштеп чыккан. Маселе алардын аткарылышында болуп жатат”.

Ушул эле комитеттин төрага орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев чек араны тактап, бөлүү маселеси бүтсө ал жердеги тургундардын негизги маселеси чечилип, турмушу жеңилдемек деген ойдо:

“Биз тоолуу жана чек арада жашаган мугалимдердин айлыгын көтөрүүнү карап жатабыз. Менимче, эң негизгиси – чек ара так бөлүнүп калса, малдар өтүп кеткенге, башкага байланыштуу конфликттер токтоп, элдин турмушу жеңилдемек. Буюрса, Өзбекстан менен компромисске баруу маселеси башталды. Маселе көбүнчө такталбаган жерлерде чыгат”.

Чек арага жакын жашаган калкка өзгөчө макам берүү, аларды камкордукка алуу боюнча өкмөт баштаган иш аягына чыга элек. Мурдагы мыйзамга өзгөртүү киргизүү, чек арадагы калкты камкордукка алуунун критерийлери каралууда. Мамлекеттин өзгөчө камкордугунда өлкөнүн 59 чек арага жакын айылы турат.