Сөз эркиндиги: министрлик көрсөтмөсүн өзгөрттү

Эксперттер соцтармактарда билдирүү жазган колдонуучулар коопсуздук комитети тарабынан тескелип жатканына тынчсыздануусун билдирүүдө
Image caption Эксперттер соцтармактарда билдирүү жазган колдонуучулар коопсуздук комитети тарабынан тескелип жатканына тынчсыздануусун билдирүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берүү жана интернетке кирүү боюнча көз каранды кызматкерлерине көрсөтмөсүн өзгөртүп жатат. Аны байкоочулар тармактын кемчиликтерин жашыруу аракети, пикир билдирүү жана маалымат алуу эркиндигин чектөө деп баалап жатышкан.

Эксперттер соцтармактарда билдирүү жазган мындан башка колдонуучулар да коопсуздук комитети тарабынан тескелип жатканына тынчсыздануусун билдирүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысынын көрсөтмөсү коомдо кайчы пикирлерди жаратты. Анда министрликке караган мекемелерди журналисттерге маалымат берүүдө жана жумуш учурунда интернет колдонууда чектөө каралган.

Көпчүлүк муну тармактын көйгөйлөрүн жаап-жашыруу кадамы катары баалап, пикир айтуу эркиндиги менен маалымат алуу укугу сакталбай жатат дешти.

Мындай көрсөтмөдөн кийин эң эле активдүү медиктердин ал боюнча оюн айтуудан баш тартышы күтүлгөн иш эле.

Айрым медиктерди жашыруун сурадык. “Албетте, баарыбыз терс кабыл алдык. Юмор менен да карасак болот, биз көнбөгөн эмне калды?”, - деди ооруканалардын биринде илим изилдеген адис.

Айрымдары ансыз да жумуш учурунда интернетке колу бошобогонун айтты.

“Интернет колдонууга укугум бар! Менин жеке уктарым анда кайда калат? Жумуш учурунда да, балким, дары-дармекти, анын кыйыр таасирлерин окуш үчүн кирем”, - деди дагы бир дарыгер.

Саламаттык сактоо министрлиги аталган көрсөтмөнү учак кырсынан кийин медициналык академиянын кызматкери “Фейсбукта” жазган пикирине байланышуу чыгарган. Албетте, кырсык бетин ачкан Бишкектеги өлүккананын аянычтуу абалы да ага себеп болгон шекилдүү.

Бирок көрсөтмөнүн максаты менен ниети сөз эркиндигин чектөө эмес болчу дейт министрликтин Кадрдык иштер жана медициналык билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Ибраева:

“Көрсөтмө так, толук маалымат кетсин деген эле оюбуз менен жазылган. Жумуш маалында медицина кызматкерлери сегиз саат иштейби, алты саат иштейби адамдарга медициналык жардам берүү менен гана алек болуш керек. Бул көрсөтмө убактылуу, азыр толукталды, эми күчүн жоготууда десек болот”.

Ошентип, коомчулуктун сынынан кийин көрсөтмө өзгөртүлүп, ал учак кырсыгы боюнча маалыматтарга гана тиешелүү болуп калды.

Социалдык тармактардагы билдирүүлөр саламаттык сактоо министрлигин гана убайымга салган жок. Бул окуяга чейин эле Улуттук коопсуздук комитети “шектүү” колдонуучулардын изине түшкөн.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин “бүгүн комментарий үчүн, эртең лайк басууга жазаланабыз” деген мүчөлөрү ушул маселени чогуу отуруп талкуулашты.

“Депутаттардын, бийликтеги адамдардын баары эле социалдык тармактардан корко баштады. Анткени социалдык тармакты көзөмөлдөш кыйын. Ал эми гезиттер, телеканалдарды көзөмөлдөш жеңил. Анын ээлеринин көпчүлүгү парламентте отурат же ишкердик боюнча бийликке көз каранды. Бийликке жагынгысы келген саясатчылар социалдык түйүндөрдү массалык маалымат каражаттарына теңейли деп айта башташты ”, - деди комитеттин өкүлү, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков.

Image caption Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысынын көрсөтмөсү коомдо кайчы пикирлерди жаратты

Улуттук коопсуздук комитети социал-демокат депутат Ирина Карамушкинанын өтүнүчүнө ылайык, президент тууралуу социалдык тармактарда такай терс пикирлерди жазган 45 колдонуучуну аныктаганын билдирген.

“Адилет” укуктук клиникасы Башкы прокуратурага Карамушкинанын, УКМКнын аракетинин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен кайрылды. Клиниканын жетекчиси, мурдагы депутат Чолпон Жакупова социалдык тармакты тескөө бардык мыйзамдарды бузарын айтууда.

“Бул адамдардын укуктарына кол салуунун дал өзү. Укук коргоочулар менен журналисттер гана эмес, жарандардын өздөрү да Конституция берген укугун алдырып койбойт деп ойлойм. Мамлекеттик органдар мыйзамсыз жана мыйзамга каршы иш-аракет кылып жатышат”, - деди Жакупова Би-Би-Сиге.

Ал эми КСДПдан депутат Ирина Карамушкинага социалдык тармактын колдонуучусу интернеттеги чырга жеткирген, жеке беделине шек келтирген кайым айтышуунун, сүрөтүн жөнөтүп, чара көрүүнү суранган. Эл өкүлү чоң күчкө айланган социалдык тармактарга жазууда жоопкерчилик болуш керек дейт. Бирок ал жазага тартуу тууралуу маселе коюлбаганын айтууда.

“Коопсуздук органдары, андагы маалымат бөлүмү көзөмөлдөө багытында иштеп жатат. Бирок кылмыш жазасы катары же дагы башка жазалар бизде жоюлган. Эскертүү берүү түрүн колдонушууда. Анткени жек көрүү, түшүнбөстүк жана башка учурлардын алдын алыш керек. Мыйзамга ылайык, алар чара көрүүгө милдеттүү”, - дейт Карамушкина.

Акыркы айларда президентти сындаган бир нече адам УКМКга суракка чакырылды. Социалдык тармакта оюн билдирген активисттердин үстүнөн сотко арыз жазуулар катталды. Соцтармакта президентти сындаган ыры үчүн бир акын прокуратурага чакырылды.

Социалдык тармактар жалпыга маалымдоо каражаттарынын катарына кирбегендиктен, ЖМК тууралуу мыйзамдарда ал аталбайт. Бирок көзөмөлгө алуу үчүн соцтармактарды ЖМК деп таануу идеясы айрым бийлик өкүлдөрү тарабынан улам көтөрүлө калып жүрөт.