Себеби талаш мунай баасы

Адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстандын бензин жана соляркага болгон жылдык муктаждыгынын көлөмү 1 млн тоннаны түзөт Сүрөттүн автордук укугу RIA NOVOSTI
Image caption Адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстандын бензин жана соляркага болгон жылдык муктаждыгынын көлөмү 1 млн тоннаны түзөт

Айдоочулар соңку жарым айдан бери бензиндин кымбаттаганын айтып жатышат. Мунун себеби Орусияда мунай өндүрүшүнө байланыштуу деп түшүндүрүлгөнү менен, мунай болобоу газ болобу бир эле тараптын көзүн карап калдык деп сынга алгандар да бар.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын бири да кечээ күнү Бишкек нефти компаниясында бензин кымбаттаганын жазып чыккан. Анын себебин сурап компанияга байланышканыбызда, кымбаттоо мындан эки апта мурун болгонун айтып кат жүзүндө Москвадан гана жооп алып бере алаарын белгиледи.

Image caption Бишкектик айдоочу

Көчө бойлой сурамжылап көргөнүбүздө айдоочулар да бир ооздон бензин кымбаттаганын айтып жатышат. Алар жакында эле отуз жети сомдон май куюп келишкен болсо, азыр баа отуз сегиз же отуз тогуз сомго чейин көтөрүлгөнүн мисал келтиришүүдө.

Адатта ар жылы жазга маал мунай продуктуларына болгон баа кымбаттап келет. Бирок бул ага байланышы жок экени белгилүү болду.

"Акыркы үч айдан бери Орусиядагы мунай заводдорунда дүң баа 10-18 пайызга чейин кымбаттап жатат. Ошондуктан бизде да чекене баалар көтөрүлдү. Биз негизи импортко көз каранды болгондуктан, Орусияда баа кандай болсо бизде да ошого карап түзүлөт",-дейт "Кыргыз нефтетрейдерлер" ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption "Кыргыз нефтетрейдерлер" ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов

Бирок убагында мунай продуктуларын сатып алуу боюнча келишимдерди Орусия эле эмес, бир канча мамлекет менен түзгөндө мындай кымбаттоо болмок эмес дегендер да бар.

"Бир эле майдын аздыгы эмес, бул жерде геосаясий да себеп бар. Учурда Орусиянын башкы куралы дал ушул мунай заты болуп жатат. Булар мунайга бажы төлөмүн киргизе турган болсо биз күнүнө 200 миллион сомго чейин жоготушубуз мүмкүн. Аны эксперттер да такай айтып келишет. Ал тургай аны 2010-жылдан кийин деле көргөнбүз. Азыр майбы, газбы баарын бир эле "Газпромдон" гана алып жатабыз. Бул монополия. Казакстан боюнча алсак, бул жерде аткезчилик маселелси абдан чоң. Ал жактан ташылып келген майдан абдан таасирдүү адамдар пайда көрүп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Адил Турдукулов

Түркмөнстан, Азербайжан керек болсо Иран менен да кызматташсак болмок. Бул багытта иштерди жургүзүү керек эле. Карап көрсөңөр кээ бир учурда Америкада, Японияда бензин арзандап жатса, Кыргызстанда тескерисинче кымбаттайт",- дейт жарандык активист Адил Турдукулов.

Деген менен "Кыргыз нефтетрейдерлер" ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов бул пикирлерди четке кагууда.

"Бул айтылгандарга такыр кошулбайм. Себеби компаниялар кайсы булактардан сатып алса арзан болоорун изилдеп турашат. Алар жогоруда айткан мамлекеттерден алып келүү жагын карап, биз да эсептеп көргөнбүз. Салыштырганда Орусиядан алган баадан кымбат. Казакстанда андан арзан болгону менен алар экспортко бажы салыгын киргизип коюшкан. Биз алып келе албайбыз. Эсептей келгенде алардыкы да кайра эле кымбат турат. А арзан алуу үчүн анда бажы салыгы төлөнбөгөндөй кылып Казакстан менен келишим түзүү керек",- дейт Улан Кулов.

Ал ошондой эле мындан саналуу күн мурун Орус президенти Путин ратификациялаган келишимге ылайык, мындан ары Кыргызстанга бажы акысы төлөнбөй турган чийки мунай заты да келе турганын кошумчалады. Буга чейин Кыргызстанга чийки зат эмес даяр бензин жана дизел майы ташылып келген.

Эгерде чийки мунай затты ташып келип кыргызстанда иштетсе, бензиндин баасы бир топ арзандай турганын экономист Жумакадыр Акенеев да Би-Би-Сиге билдирди. Анын айтымында, өлкөдө салыктардын төмөндүгү жана жумушчу күчүнүн арзандыгы менен балардын ылдыйлашы турган иш. Адистердин берген маалыматы боюнча, Кыргызстандын бензин жана соляркага болгон бир жылдык муктаждыгынын көлөмү 1 млн тоннаны түзөт.

Тектеш темалар