Китеби Англияда жарык көргөн кыргыз илимпоз

Китеп
Image caption Кемел Токтомушевдин "Кыргызстан - режим коопсуздугу жана тышкы саясат" аттуу китеби

Жакында эле Лондон шаарында жаш кыргыз илимпоз Кемел Токтомушевдин "Кыргызстан - режим коопсуздугу жана тышкы саясат" аттуу китеби англис тилинде жарык көрдү. Саясат - адамзаттын цивилизациясынын тарыхында мамлекетке, элдердин тагдырларына, адамдын жеке турмушуна түздөн-түз таасирин тийгизип келет. Ал эми саясат таануу коомдук илимдердин арасында маанилүү рол ойноп келет.

Би-Би-Си Борбор Азия университетинин мамлекеттик башкаруу жана саясат институтунун илимий кызматкери Кемел Токтомушевди кепке тартып, китеби тууралуу суроо жолдоду.

Кемел Токтомушев: Бул китеп менин төрт жылдык Англиядагы "Экзетер" жана Кыргызстандагы Борбордук Азия университеттериндеги илимий сапарымдын негизинде жазылган. Мен албетте көп адамдарга ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алар бул китептин чыгарылышына чоң салым кошту.

Менин "Кыргызстан - режим коопсуздугу жана тышкы саясат" аттуу китебимди Британиядагы атактуу "Раутледж" басылмасы, Борбор Азияны изилдөө долбоорунун алкагында чыгарды. Китепте 1990-жылдардан бери 2011-жылга чейинки Кыргызстандын тышкы саясаты изилдөөгө алынган.

Image caption Кемел Токтомушев

Мен бийликтин режимин сактап калуу аракети, Кыргызстандын тышкы саясатына кандай таасир эткенин карап чыктым. Бул изилдөө аркылуу Борбор Азиядагы мамлекеттердин саясаты тууралуу түшүнүктү кеңейтүүгө аракеттенип, жалпы эгемендүүлүккө жаңы жеткен "алсыз" мамлекеттердин тышкы саясатынын булагы эмнеде экенин анализдедим.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы саясаты боюнча англис тилинде жазылган китеп жок болчу. Бул биздин коом үчүн чоң жетишкендик деген пикирдемин.

Би-Би-Си: Көп адистер Кыргызстанда илимий изилдөөлөр унутта калды деп айтып калышат, саясат таануу жаатында кандай жылыштар болуп жатат?

Кемел Токтомушев: Саясат таануу адамзаттын цивилизациясынын тарыхында маанилүү рол ойногон. Ал мамлекеттик башкаруу жана бийлик системасынын кемчиликтерин жок кылуу аракеттери аркылуу илим катары калыптанган. Политология деген түшүнүктүн өзү саясаттагы өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр, нормалар жана саясий турмушту камтыйт. Мисалы, байыркы мамлекеттерде коом саясатка таасир этип келген. Ал доордо Платон жана Аристотелдин чыгармалары жарык көргөн.

Ал эми саясат таануу илим катары жакында эле XIX кылымдын башында калыптанган. Демек саясат таануу илимий процесс, башка мамлекеттерде ал ондогон жылдары бою илим катары калыптанган.

Ал себептен Кыргызстанда саясатан таануу илими унутта калды деп айтуу катачылык болот. Кыргызстан коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу эркин болуп саналат. Мамлекетибизде айтылган илимдин өнүгүшүнүн жолу ачык.

Би-Би-Си: Кыргызстан коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу демократиялык мамлекет катары саналат деп айттыңыз. Демек режимди сактап калуу аракеттери Тышкы саясатта канчалык маанилүү?

Кемел Токтомушев: "Алсыз" мамлекеттердин коопсуздугу деген түшүнүктү алсак, "алсыз" дегеним социалдык-саясий жагынан биримдиги жок мамлекеттер. Бул өлкөлөрдө орчундуу маселелер абдан көп.

Ал эми мамлекетти башкарган элита "коопсуздук дилеммасына" дуушар болот. Ага ылайык, айтылган элита күчтүү, туруктуу мамлекет куруунун оордуна, кыска мөөнөткө созулчу режим коопсуздугуна көңүл бурат.

Китепте "режим" деген сөздү бийликти колуна алган азчылык топ деп чечмеледим. Биздин мамлекетибизде аны президент жана анын айланасындагы расмийлер деп түшүнсөк болот.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Манас" аба майданындагы Транзиттик борбор

Мен "Манас" аба майданындагы АКШнын аскердик базасына мунай жеткирүү процесстерди изилдеп, Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин айланасындагы адамдар өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, өлкөнүн саясатына таасир эткенин көрсөттүм.

Чынында "Манас" аба майданындагы АКШнын аскердик базасына мунай жеткирүү аркылуу байлык топтойм деген бийликке жакын адамдар Кыргызстандын тышкы саясатына таасир этишкен.

Би-Би-Си: Кыргызстан тышкы саясатын курап жатканда окумуштуулардын пикири жана идеялары эске алынабы?

Кемел Токтомушев: Бул өтө жакшы суроо. Себеби тышкы саясатты илимий иштер аркылуу аныктоо буга чейин көп болгон. Мисалы, АКШ 70-жылдары тышкы саясатын илимий анализ аркылуу, кандайдыр бир формуланы таап саясатын түзгөн. Ал өзүнчө илимий дисциплинага айланган.

Ал эми Кыргызстанды алсак, айтылган суроого жооп табуу абдан оор. Менимче аны дипломатия жаатында иштеген расмийлер жооп берсе туура болот.

Тарыхты алсак, Акаев 90-жылдары илимий өкүлдөрдү тышкы саясатты жүргүзүүгө чакырган. Бирок көп жылдардан бери Кыргызстандын тышкы саясаты туруктуу болгон жок - башаламан, стратегия жок саясат жүргүзүлдү. Бул туралуу көптөгөн адистер, анын ичинде дипломаттар дагы айтып келишет.

Кыргызстандын тышкы саясатында өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон системалык стратегия жок болгондуктан, мамлекет бир тараптан, экинчи тарапка ооп жаткандай сезилет.