“Камактагы оппозициячыларды коргоо комитети” “Акунов” тизмесин түзүүдө

Камактагы оппозициячылардын тарапташтары сот жыйындары жабык өткөнүнө нааразылыгын билдирип октябрда каршылык акциясына чыгышкан
Image caption Камактагы оппозициячылардын тарапташтары сот жыйындары жабык өткөнүнө нааразылыгын билдирип октябрда каршылык акциясына чыгышкан

“Камактагы оппозициячыларды коргоо комитети” менен “Сөз эркиндигин коргоо комитети” адам укугун бузган, мыйзамды тебеледи делген мамлекеттик кызматкерлерди “Акунов” аталган тизмеге киргизип жатышат.

Алардын максаты ушундай жол менен мыйзам бузуп жаткан мамлекеттик кызматкерлерге чара көрүп, Кыргызстан менен дипломатиялык келишими бар өлкөлөргө тизмедегилерди киргизбөө. Бектемир Акунов - он жыл мурда Нарындагы милициянын убактылуу кармоо жайында өлүгү табылган укук коргоочу.

Камактагы опоозициячыларды коргоо комитети аларды бошотууну талап кылышууда. Алар мурда соттун гана ачык өтүшүн талап кылып келгенин комитеттин төрагасы Сапарбек Аргынбаев Би-Би-Сиге билдирди.

Оппозициячыл ишмерлер өткөн жылдын жаз айларында камалгандан бери жакындары жана бул комитет алар саясий себеп менен түрмөдө отурганын айтып келишет. Ошондой эле сот жыйындары жабык өткөнүнө нааразылыгын билдирип каршылык акциясына да чыгышкан.

Коргоо комитети мамлекеттик телеканалдар аркылуу жайылтылган айыпталуучулардын үн жана видеотасмалары бурмаланган, атайын жасалган деп эсептешет.

Бирок бийликтин бул боюнча пикири карама-каршы.

Жогорку Соттун басма сөз катчысы каралып жаткан иш жашы жете электерге, купуялыгы сакталыш керек болгон жеке жашоого жана мамлекеттик сырга байланыштуу болсо сот жабык өтөөрүн билдирди.

Оппозициячылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мартта Аксыда өткөн митингден кийин камалган. 'Элдик парламент' кыймылынын төрт лидери май айында кармалган. Июнда кармалган Дастан Сарыгулов жыл аягында үй камагына чыкты. Энергетика тармагынны адиси Эрнест Карыбеков марттан бери түрмөдө. Булардан баары “мамлекетке чыккынчылык кылуу”, “бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу” же “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык көрүү” деген беренелер боюнча айыпталууда. (AK)