Кыргызстан эң көп пара берилген өлкөлөрдүн катарында

Transparency International уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн төрагасы Адылбек Шаршенбаев
Image caption Transparency International уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн төрагасы Адылбек Шаршенбаев

Эл аралык Transparency International уюму дүйнөдөгү коррупцияны кабыл алуунун деңгээли боюнча кезектеги баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, Дания, Жаңы Зеландия, Финляндия жана Швеция коррупция аз делген өлкөлөрдүн эң башынан орун алды. Эң коррупциялашкан өлкөлөр Түндүк Корея, Түштүк Судан жана Сомали деп табылды. Бул рейтинг боюнча Кыргызстан 136-орунду ээлеп, мурдагы деңгээлинде калды.

Transparency International уюму жыл сайын ар бир мамлекеттеги коррупция деңгээлин изилдеп, баяндамасын жарыялап турат. Бүгүн аталган уюм 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарып, изилдөөдө Кыргызстан 136-орунду алып, эң көп пара берилген өлкөлөрдүн катарына кирди.

“Коррупциянын деңгээли канчалык өзгөрдү, аны кандай сезип жатасыз деген суроолор эксперттерге жана ишкерлерге жолдонгон. Андан тышкары 13 иликтөөгө таянып жыйынтык чыгарылды. Анын натыйжасында Кыргызстан 28 балл топтоду. Баллы отуздан ылдый болгондор бул коррупция көп дегенди билдирет”, -деди Transparency International уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн төрагасы Адылбек Шаршенбаев.

Коррупция деңгээлин азайткан өлкөлөрдүн катарында КМШ мамлекеттеринен Грузия алдыга кетсе, Өзбекстан менен Түркмөнстан эң начар абалда. Орусия менен Казакстан Кыргызстандын катарында келүүдө.

“Жетекчилер тез-тез алмашып, иштер кагаз үстүндө гана калат”

Transparency International уюму мындай иликтөөлөрдү ушуну менен жыйырма экинчи жолу жарыялап жатат. Өлкө эгемендик алгандан бери бул өңдүү эл аралык уюмдардагы Кыргызстандын көрсөткүчү олуттуу өзгөрө элек. Мунун себеби эмнеде?

“Коррупцияга каршы такыр иш жасалган жок деп да айта албайбыз. Бизде ага каршы күрөшүү саясаты бар. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Сот тармагын, башкарууну, энергетика тармагын коррупциядан арылтуу планы бар эле. Ал башталгандан бери көп жыл өттү, жыйынтык жок. Мына ушинтип, жетекчилер тез-тез алмашып, иштер кагаз үстүндө гана калып жатат. Коррупция менен күрөшүп жатабыз дегени менен, бюджетте атайын каражат каралган эмес, буга эл аралык уюмдар жардам берет. Ошого көз каранды болуп калдык”,-деп билдирет Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова.

Image caption Жаңы баяндама Transparency International уюмунун интернет сайтына жарыяланды

Инвесторлор мындай изилдөөлөргө көңүл бурушат

Кыргызстанда эң көп коррупцияланышкан тармак катары сот менен укук коргоо органдары, бажы, салык кызматы жана медицина тармагы айтылып келет. Бирок бул тармактардагы жемкордук фактыларын далилдөө өтө кыйын болгону үчүн Transparency International уюму мындай изилдөөлөрдү Дүйнөлүк Банк, “Фридом Хаус” уюму, “Глобал Инсайт” сыяктуу бир катар эл аралык институттардын иликтөө докладдарына таянып, чыгарат.

Мындай изилдөөлөр өкмөткө кулак кагыш гана болбостон, Кыргызстанга келе турган чет өлкөлүк инвесторлор үчүн да маанилүү деп саналат.

“Инвесторлор кайсы бир өлкө менен кызматташканда, ишенимдүү эл аралык изилдөөлөргө көңүл бурушат. Жыйынтыктарды карап чыгып, ишинин келечеги кандай болоорун иликтешет. Бул бизнес үчүн абдан маанилүү”,-дейт ЖИА Бизнес биримдигинин аткаруучу директору Руслан Акматбек.

Кыргызстанда жең ичинен жеп-ичмей төрөт үйлөрүнөн баштап, көрүстөндөн жер алууга чейин өкүм сүргөнү коомчулукта айтылып келет. Ошондон улам бийлик башына келген дээрлик ар бир жетекчи кызмат алганда эле коррупция менен аёосуз күрөшөөрүн убада кылат.

Коррупцияга каршы күрөшүү президент Алмазбек Атамбаевдин да шайлоо алдындагы эң негизги убадаларынын бири болгон.

2010-жылдын апрель окуяларынан кийин көптөгөн чиновниктерге каршы кылмыш иши козголгон эле. Ошол эле учурда коомчулук арасында жемкорлук боюнча башында чуу көтөрүлгөн иштердин көбү кийин баш-аягы жок, бүдөмүк бойдон калып келатат деп сындагандар бар.