Кыргызстан санариптик форматка 15-майдан толук өтмөкчү

сигналдарды жеткирүүчү каражат

Ѳкмөт өкүлдөрү жер-жерлерде снариптик форматка өтүү маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аналог форматындагы көрсөтүү ушул жылдын 15-майынан токтотулмакчы.

'Кыргызстанда санарип телеберүүгө өтүү программасынын алкагында 2011-жылдан баштап, бүгүнкү күнгө чейин техникалык инфраструктура түзүлдү. Ѳлкө аймагында 54 сигнал жеткире турган передатчик калктын 95 пайызы жашаган аймакта коюлуп турат. Эми элди ошол сигналдарга кошулгула, сигнал кармай турган каражаттарды сатып алгыла деп жатабыз. Азыр 5 пайыз элге сигнал жете элек, бул 326 айыл экен”,-деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова.

Бул айылдарга снариптик форматтагы сигналдарды жеткирүүчү каражаттар акырындап коюлуп баштайт. Май айында аналогдук берүүлөр толук өчүрүлгөндө санарип жетпеген айылдарга убактылуу сигналдар берилип турат деди Темирбекова.

Кыргызстан 2006-жылы Женевада эл аралык электр байланышы боюнча бирикменин келишимине кол койгон болчу. Санариптик берүү форматына өтүү 2015-жылга пландалган, бирок каражат маселесинен улам создугуп келди. Кыргызстанга коңшулаш өлкөлөр Казакстан жана Өзбекстан санарипке толугу менен өткөн.

Санариптик форматка өткөндө телевизорлордо бул сигналды кармай ала турган кошумча жабдыктар болушу керек. Өкмөт кыска убакыт калган аралыкта эл арасында ушул маселе боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштады. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар