Учак кырсыгынан жабыркагандарга президент резиденциясында көңүл айтты

Президент жабыркагандарды "Ала-Арча" резиденциясында кабыл алды Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Президент жабыркагандарды "Ала-Арча" резиденциясында кабыл алды

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев резиденцияда учак кырсынан жабыркагандарды жана жакындарын кабыл алды. Буга чейин 39 адамдын өмүрүн алган апаатта президент элге кайрылбады, кырсык болгон жерге барбады деген сындар айтылган.

Ал арада кырсыктын чыгымдары алдын ала эсептелди.

Президент Алмазбек Атамбаев Дача Су айылында учак кырсыгынан каза болгондордун жакындарын кабыл алып, көңүл айтты. “Ала-Арча” резиденциясында аппаратынын жетекчиси, министрлер катышкан кенен курамда, чоң үстөл үстүндө жолугушуптур.

Уулу, келини эки небереси курман болгон Рахат мырза жолугушуу тууралуу айтып берди.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Маркумдардын жакындары президентке суроолорун берип, өтүнүчтөрүн айтышты

“Муфтияттан молдолорду чакырыптыр, ошол жерден кичине тамак берип, куран окутту. Жардам берүү комиссиясынын төрагасы, аппаратынын жетекчиси жана эки-үч министр болду. Биздин көзүбүзчө аларга тапшырмаларды берди. Президент “учурунда ар бириңерге бара албай калдым, убактым жок болуп калды, бирок өзүмүн өкүлдөрүмү жибердим” деди. Жардам беребиз деди. Элдин суроолоруна жооп берди”, - деди Рахат Би-Би-Сиге.

Түрк жүк ташуучу учагынын кыштак үстүнө кулаганына он күн болду. Буга чейин президенттин көңүл айтуусу кат түрүндө гана тараган. Коомдун айрым өкүлдөрү ал кырсык болгон жерге барбаганын, кур дегенде телеканалдар аркылуу көңүл айтып кайрылбаганын сынга алышты.

Эми кеч болсо да президенттин жабыркагандар менен көзмө-көз көрүшкөнү айрым жарандык активисттердин сынын жумшартты.

Бирок саясий ишмер Эдил Байсалов жерине барыш керек эле деген пикирде:

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жабыркагандар менен президенттин жолугушуусуна башка чиновниктер да катышты

“Кеч болсо да, түштөн кийин болсо да барчу жерине барып, көңүл айтып, кайгыларын тең бөлүшөт деп сүйүндүм эле. Бирок өзүнө чакырганын уктум. Кыргызда отуруп алып кабыл албайт. Кыргыздын ханы дагы, кыйындары дагы жабыркаган, кайгыга батып турган үй-бүлөлөргө көңүл айтканы өзү барат”.

Ал эми Рахат президенттин айылга келип келбешин капарга алган жокпуз деди:

“Президент өзү келди келбеди деген ойдо калган жокмун. Чакырбай койсо деле эч нерсе кыла алмак эмеспиз. Менимче, кичинекей нерсени деле чоңойто берген туура эмес. Биринчиден, эл жардам берди, экинчиден мамлекет колунан келген жардамын берип жатат. Президент жылуу сөздөрүн айтты. Жардам бербей койсо деле өзүбүздүн жүгүбүздү өзүбүз тарта бермекпиз. Президенттин чакырганына аябай сүйүнүп кеткен жокмун. Бирок ыраазы болуп калдык, мен ыраазычылыгымы ошол жерден айттым”.

Ал арада учак кырсыгынын материалдык чыгымдары эсептелүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.

“Негизи материалдык чыгымды Сокулук райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактап жатат. Анын алдын ала маалыматы боюнча, материалдык чыгым 186 миллион сомдон ашты. Ал дагы такталууда”.

Министрликтин маалыматы боюнча, 28 үй жашаганга жарабайт. Алардын он тогузу толук талкаланган. Бирок бул акыркы сандар эмес, тактоо иштери уланууда. Дача СУ айылында керосинден тазалоо иштери жүрүп, учактын кесепети толук жоюлду.

Ал эми кырсыктын себебин иликтеген эл аралык комиссия изилдөө иштеринин чети менен тааныштырган.

Image caption Дача СУ айылына 16-январда Boeing-747-400 86 тонна жүгү менен кулап, 39 адамдын өмүрүн алды, ондогонун жарадар кылды

“Кырсык болгон жердеги иликтөөлөр аяктады. Маалыматтарды жаздырып калуучу жабдыктары табылып, борбордук кеңсебизге жөнөтүлгөн. Кара кутусунан да, үн жаздырган аппаратынан да маалыматтар өткөрүлүп алынды. Маалымат көп. Аны тыкыр изилдеп жатабыз”, - деген Бишкектеги маалымат жыйынында комиссиянын төрагасы, Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттен келген Леонид Кашурский.

Ал толук иликтөө жыйынтыгы төрт айдан алты айга чейин созулушу мүмкүн экенин айтты. Бирок комиссия учак оор жүгү менен болгондуктан Бишкектен майын толукташ керек болчу, Гонконгдон Стамбулга түз кете алмак эмес деди.

“Манас” аба майданынан бир жарым чакырым ыраакта жайгашкан Дача СУ айылына 16-январда Boeing-747-400 86 тонна жүгү менен кулап, 39 адамдын өмүрүн алды, ондогонун жарадар кылды.