Сот тармагы соболдон арылабы?

Кыргызстан боюнча жергиликтүү соттордо 401 судья эмгектенет, ага Жогорку соттун 35 судьясын кошкондо 436 судья өлкө боюнча иштейт
Image caption Кыргызстан боюнча жергиликтүү соттордо 401 судья эмгектенет, ага Жогорку соттун 35 судьясын кошкондо 436 судья өлкө боюнча иштейт

Бүгүн "Айкөл Ала Тоо" жана "Апрель байрагы" кыймылдары Жогорку Сот имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгып, үч талап коюшту. Митингде айтылган дооматтар боюнча атайын териштирүү жүрөрүн Би-Би-Сиге Жогорку Соттон билдиришти. Коомчулукта элдин сотко ишениминин көрсөткүчү да байма-бай талкууланып келет.

Элүүдөн ашуун киши Жогорку Соттун алдында кыйкырып турушту. Алардын жарымына жакыны колдоруна ар кандай талаптар жазылган кагаздарды көтөрүп алышкан.

Алардын имаратка кирүү аракеттеринен майнап чыкпагандан кийин, келгендердин арасынан жети өкүл тандалып Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Качыке Эсенканов менен жолугушууга киришкен.

Image caption 2013-жылдан ушу кезге чейин 365 жаңы судья дайындалган

"Алар негизи үч талапты коюшту. Биринчиси, Свердлов жана Биринчи май райондорунун соттору Жаркеева менен Сатарованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетсин дешти. Алар келтирилген иштерге туура эмес чечим чыгарган деген жүйөөлөрдү айтылды. Бул боюнча атайын тергөө жүрөт. Экинчиси, апрель окуясы боюнча сотто бир нече адамдар шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулгандыгына байланышкан талап болду. Үчүнчүсү, Чүй райондук соту Азимжан Аскаров боюнча туура чечим чыгарды. Анын жактоочулары кайрадан Жогорку Сотко кайрылып, эгер соттор башкача чечим чыгара турган болсо, сотторду үйүнө чейин барып өзүбүз жазалайбыз дегенге чейин барышты. Мындан сырткары жакында атайын жыйын уюштурабыз ошого келип маалымат бергиле дешти",- дейт Жогорку Соттун басма сөз кызматынан Айнура Токтошева.

Митингге чыккандардын арасында мындан бир нече жыл мурун инвестиция иретинде 300 млн доллар жумшап, үч жылдан бери соттошуп келе жаткан казак жараны Нурмухаммед Нагиев да бар экен. Ал адилеттик издеп айласы кеткендиктен митингге чыккандардын катарын толуктаганын айтып жатты.

Image caption Өзүн казакстандык инвесторлордун өкүлүмүн деп тааныштырган Нурмухаммед Нагиев

"Акыркы үч жыл аралыгында биз Кыргызстандын укуктук системасы менен күрөшүп келе жатабыз. Бул жерде соттор жана жоопту кызматкерлер, Башкы прокурордун орун басары Усманов сыяктуу жогорку даражалуу өкүлдөр аралашып жатат. Жалпысынан кыркка жакын сот ишин өткөрдүк. Бизде баардык далилдер бар. Казакстандын да Кыргызстандын да Жогорку Сотторунун "Бишкекавтоматика" үч миллион долларды кайтарып берүүсү абзел деген чечими бар. Бирок Жогорку соттун чечимин райондук соттор четке кагып жатат",-дейт өзүн казакстандык инвесторлордун өкүлүмүн деп тааныштырган Нурмухаммед Нагиев.

Эл арасында соттордон адилеттик тапкан жокпуз дегендер ондоп саналат. 2010-жылдан кийин өлкө башчылары сот тармагында коррупцияны түп тамырынан жоёрун эл алдында да бир нече жолу айткан эле. Аталган бийлик бутагына болгон эл ишенимин жогорулатуу үчүн ар кандай аракеттер да көрүлүп келет. Ал канчалык өзүн актап жатканы так белгисиз.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева Кыргызстанда эл 80 пайыз сотторго ишенбей калган деп бүтүм чыгарууга эч кандай негиз жок дейт

"Кээде элдин сексен пайызы сотко ишенбейт деп айтып келишет. Мен буга толук кошулбайм. Мен аны жөн эле айтып койбостон статистикага таянып айткым келет. Акыркы тогуз айдын ичинде 88 миң 369 иш каралса анын 9 миң 626 болду. Бул деген токсон пайызга жакын иш кайрадан даттанып кайрылган эмес дегенди түшүндүрөт. Демек, тескерисинче ошончо пайыз сотторго ишенет десем болот",- деген жаңы жыл алдында Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева Би-Би-Сиге берген эксклюзивдүү маегинде.

2013-жылдан ушу кезге чейин 365 жаңы судья дайындалган. Алардын ичинен биринчи жолу судья болуп иштей баштагандары 239. Алардын 136сы аялдар. Негизи Кыргызстан боюнча жергиликтүү соттордо 401 судья эмгектенет, ага Жогорку соттун 35 судьясын кошкондо 436 судья өлкө боюнча иштейт.

Тема боюнча башка макалалар