Кыргызстандык мигранттар каза тапкан окуя боюнча сот иши

сот иши

Орусиялык маалымат каражаттары август этегинде Москвадагы басмаканада өрттѳн каза тапкан 17 кыздын окуясы боюнча сот иши бейшембиде болгонун жазып чыгышты.

“РИА Новости” агенттиги тараткан маалыматка караганда, бул иш боюнча айыпталып жаткан "Печатный экспресс" басмаканасынын ээси Сергей Москвин менен башкы инженер Антон Яцковдун баш коргоо чарасын сот 27-февралга чейин узартты.

Орусиянын тергөө комитети 17 кишинин өмүрүн алган басмаканадагы кырсык боюнча “өрт коопсуздугу эрежелерин бузуу” деген берененин негизинде кылмыш ишин козгогон болчу.

Август этегинде Москвадагы басмаканада чыккан өрттѳн каза тапкан 17 кишинин он төртү 18 жаштан 45 жашка чейинки кыргызстандык кыз-келиндер эле. Бирөөсүнүн үч айлык боюнда бар экени айтылган. Миграциянын күчтүү агымына туштуккан өлкөдө соңку трагедиялуу окуяны коомчулук абдан оор кабыл алып, өлкө боюнча аза күтүү жарыяланган. Бул ишти адилетүү тергеп, күнөлүүлөрдү жазага тартуу талабы курч коюлуп, кыргыз расмийлери тергөөнүн орус бийлиги көзөмөлгө алганын айтышканы бар.

Кыргыз тарап буга чейин каза тапкандардын жакындарына компенсация төлөтүп берүү маселесин да көтөрүп келген. Азырынча бул маселе чечиле элек. (AbA)

Тектеш темалар