Президент Атамбаев Конституциянын расмий текстин жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду

Алмазбек Атамбаев Сүрөттүн автордук укугу official

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн референдум аркылуу өзгөртүлгөн конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Бул иш чарага өлкөнүн бардык бийлик бутактарынын жетекчилери - Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, өлкөнүн премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров, парламенттеги фракциялардын лидерлери катышкан.

“Өзүңүздөр билгендей, 11-декабрдагы референдумда элибиз Баш мыйзамгабир топ өзгөрүүлөрдү киргизүүнү колдоп берди. Бул өзгөрүүлөр Башмыйзамды өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө, элибиздин ынтымагына доо кетирген, улуттук маданиятыбызга, адеп-ахлагыбызга төп келишпеген биртоп 'миналардан' тазалап берди. Мындан тышкары, референдумдун чечимине ылайык атайын жумушчу топ түзүлүп, Баш мыйзамдын кыргыз жана орус текстиндеги 60тан ашуун каталар, карама-каршылыктар, бурмалоолор оӊдолду. Бүгүн биз сиздерди Баш мыйзамдын жаңыланган, тазаланган нускасынын бет ачарына чакырдык. Мына ал алдыӊыздарда турат. Азыр мен нусканы жарыкка чыгаруу боюнча Жарлыкка кол коём жана нусканын төрт көчүрмөсүн Жогорку Кеӊеш, Өкмөт, Жогорку Сот жана Конституциялык палатанын өкүлдөрүнө тапшырып берем! Баш мыйзамдын түп нускасы Президенттик аппаратта сакталат. Жарлыкка ылайык, Баш мыйзам эртеӊ'Эркин Тоо' гезитинин атайын санына басылат жана андан кийин, албетте, китепче болуп жарык көрөт”,-деп кайрылуу жасаган Президент Алмазбек Атамбаев.

2016-жылдын 11-декабрында өлкөдө Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөн эле. Бул Баш мыйзамды оңдоо боюнча 25 жыл ичиндеги сегизинчи референдум болуп калды. Бирок буга чейинки бир дагы референдум мынчалык курч талаштарды жана карама-каршылыктарды жараткан эмес. Ошого карабастан референдумга катышуу өтө активдүү болгон жок. Жалпы шайлоочулардын 42 пайызы добуш берүүгө келген. Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы добуш 16 пайыз болгон. Ал эми өзгөртүүгө макул деп добуш бергендер 80 пайызды түзүп, Баш мыйзам өзгөртүлгөн эле. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар