Алматыда кышкы Универсиаданын оту жанды

спортчулар

28-январда Казакстандын Алматы шаарында 28-кышкы универсиада оюндарынын ачылыш салтанаты “Алматы-Арена” спорт сарайында өтүп, оту жанды.

Ачылыш аземине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Эл аралык студенттик спорт федерациясынын президенти Олег Матыцин, Бириккен Араб Эмираттарынын вице-премьер-министри шейх Мансур ибн Зайд аль-Нахайян жана башкалар катышты.

Бул ирет кышкы универсиада оюндарына 57 өлкөнүн тандалган беш миңден ашуун студент спортчулары катышууда. Универсиаданы президент Нурсултан Назарбаев ачып, соңку беш жыл ичинде Алматыда заманбап спорттук имараттар, спортчулар үчүн атайын айыл курулганын, Алматы студенттердин шаары экенин, учурда 137 миң студент Жогорку окуу жайларда билим алып жатышканын, кышкы универсиада спорттун өнүгүшүнө зор салым кошоорун белгилеп, спортчуларда жаңы бийиктик, жеңиштерди каалады.

Ачылыш аземиндеги спорттук-маданий шоу концерт, көрсөтмөлүү оюндарга 1 миң 500дөн ашуун өнөрпоздор, спорт ишмерлери катышты. “Самрук” балет бийи, казакстандык белгилүү опера ырчысы Досжан Табылды жана британиялык модель, ырчы Виктория Модеста ачылыш салтанаттын көркүн ачты.

Кышкы Универсиаданы Алматы шаарында өткөрүү тууралу расмий чечим 2011-жылы 29-ноябрда Брюссель шаарында өткөн Эл аралык университеттик спорт федерациясынын Конгрессинде (FISU) кабыл алынган. Ошентип, мурдакы советтик республикалардын ичинен кышкы универсиаданы алгач ирет кабыл алып жаткан Алматы шаары болуп калды. Студенттик спорт оюндарынын тарыхына үңүлсөк 1973-жылы Москва, 2013-жылы Казан шаарлары жайкы Универсиада оюндарын жогорку деңгээлде өткөргөн. 2015-жылдын15-февралында Испаниянын Гранада шаарында Алматы шаарына 28-кышкы Универсиада оюндарынын желеги расмий тапшырылган.

Алматы шаары мыкты даярдык көрүп, заманбап спорт имараттарын куруп, атайын олимпиадалык айыл студент спортчуларды кабыл алды. Бул ирет казактар универсиаданын тумары катары “шумкарды” тандап, аны ылдамдыктын, ийкемдүүлүктүн, шамдагайлыктын, толуп ташкан энергиянын жана жеңишке умтулуунун символу, төлгөсү катары тартуулашты.

Эн белгиси дагы көктү карай канатын кеңири серпип бараткан шумкарды элестетет. Ошондой эле Алматыдагы универсиаданын урааны да “Канатыңды кең серпи!” деп аталып,жеңиштерге шыктандырып турат. Коңшу Алматы шаарында 28-январдан 8-февралга чейин кышкы спорттун 13түрү боюнча 28-кышкы универсиада оюндары курч таймашуулар менен өткөрүлмөкчү.

Бул ирет 57 өлкөнүн беш миңден ашуун студент спортчулары мөрөй талашууда. Аларды тейлөө үчүн 3 миңден ашуун ыктыярчылар кызмат кылып жатышат. Казактардын мындай ири масштабдагы кышкы оюндарды өткөрүү тажрыйбасы да бар. Алар 2011-жылы 7-кышкы Азия оюндарынын катышуучуларын Алматы-Астана шаарларында кабыл алышып, жогорку уюшкандыкта өткөргөнүнө мен дагы спорттук баяндамачы катары күбө болуп келгем. “Шумкар” аталышындагы эл аралык лыжа транплин спорт комплекси, Балбан Шолак атындагы спорт сарай-ордосу, Алматы облусундагы лыжа, биатлон стадиону, даңазалуу “Медео” муз айдыңы,“Чым-булак” тоо лыжа курортунда мелдештер улантылып жатат. Мындан сырткары казактар кышкы универсиаданын шылтоосу менен муз ордосу, муз тебүү аренасы жана атлеттер үчүн олимпиадалык айыл куруп алышты. Бул имараттар эл аралык талаптарга жооп берип, көргөндүн көз жоосун алат.

Бул ирет Казакстандагы универсиада оюндарынын жадыбалына спорттун кышкы 13 түрү кирип, анын 8и милдеттүү түрдө болсо, бешөө оюн ээлеринин сунуштары менен кошумча кабыл алынды. Көркөм муз тебүү,шорт-трек, тоо-лыжа спорту, сноубординг, биатлон, лыжалык жарыштар, шайба хоккейи жана керлинг милдеттүү түрдөгү мелдештер болсо,уюштуруучулардын демилгеси менен лыжа менен трамплинден секирүү, лыжанын эки түрү боюнча таймаш, фристайл, коньки менен жарыш спорту жана топ менен ойнолуучу хоккей түрү бенди боюнча дагы күч сынашуулар башталды.

Казакстандык спортчулар мындан сырткары 8 ирет кышкы универсиада оюндарына катышып, 43 жолу байгелүү орундарды ээлеп,тажрыйба топтой алышкан. Алматыда дагы мыкты жетишкендиктер болуп,байгелүү орундарга жетүүгө тилек кылып,жигердүү аракеттенип жатышат .

Алматыда башталган кышкы Универсиада оюндарына кыргызстандык 9 спортчу катышууда. Ачылыш аземинде Кыргыз туусун лыжачы Тариэл Жаркымбаев көтөрүп, команданы баштап чыкты.

Кыргызстандык спортчулар сноубординг, көркөм муз тебүү жана лыжанын кросс жарыштарына катышып жатышат. Кыргызстандык спортчулардын мелдештерге катышуу ирети:

30- январь

Тариэль Жаркымбаев (лыжалык жарыштар)

12:30. 10 км аралыкка классикалык жеке жарыштар Евгений Тимофеев (тоо лыжа спорту)

13:00 Супергигант

1- февраль

Кристина Бедросова (көркөм муз тебүү)

14:00 Кыска программа

2-февраль

Николай Матвеев (биатлон)

13:15 10 км аралыкка спринттик жарыш Кристина Бедросова (көркөм муз тебүү)

17:00 Эркин программа Тариэль Жаркымбаев жана Кундуз Абдыкадырова (лыжа жарыштары), спринт, 1600 метр

12:30 Мыктыларды иргөө мелдештери

14:45 Финал

Тимур Губаев, Алексей Вакурин, Павел Вакурин (сноуборд)

14:00 Сноуборд-кросс.

3- февраль Николай Матвеев (биатлон)

14:00 12,5 км аралыкка из кууп, атаандашуу мелдеши

4- февраль

Евгений Тимофеев жана Максим Гордеев (тоо лыжа спорт), гигант слалом

10:00 Биринчи аракет

13:00 Экинчи аракет

Тариэль Жаркымбаев жана Кундуз Абдыкадырова (лыжа жарыштары), аралаш командалык спринт11:00 Мыктыларды иргөө мелдештери

13:00 Финал

7- февраль

Евгений Тимофеев жана Максим Гордеев (тоо лыжа спорт), слалом

10:00 Биринчи аракет-сыноо

13:30 Экинчи аракет-сыноо

Тимур Губаев, Алексей Вакурин, Павел Вакурин (лыжалык фристайл)

14:00 Ски-кросс.

Эмесе Алматыга барып, көз жоосун алган заманбап имараттарын көрүп, универсиада оюндарынын мелдештерине күбө болуп, кыргызстандык спортчуларды сүрөөнгө алып келели, спорт күйөрмандары!

Студенттик спорттун башаты

Расмий түрдө студенттик спорт тарыхы 1905-жылдан башталган. Ошо жылы АКШда студент жаштардын алгачкы эл аралык жарыштарды өткөрүшкөн. 1919-жылы француз Жан Птижандын демилгеси менен студенттердин Конфедерациясы түзүлгөн. Биринчи бүткүл дүйнөлүк студенттик оюндардын оту 1923-жылы Парижде жандырылып, тушоосу кесилген. Ал учурда Эл аралык студенттер оюндары деп аталып, олимпиадалык оюндарга атаандаш болуу аракеттери көрүлгөн.

1947-жылы Эл аралык студенттер союзу (UIE)түзүлүп, 1962-жылга чейинки оюндар ушул уюмдун алкагында өткөрүлүп келген. 1923-жылдан 1957-жылга чейин өткөрүлгөн 16 оюн- Бүткүл дүйнөлүк университеттер оюндары деп аталган.

Ал эми Универсиада деген атты алган алгачкы спорт мелдештери 1959-жылы Италиянын Турин шаарында өтүп,ага 45 өлкөнүн 965 студент спортчулары катышып, расмий1-универсиада оюну аталып, ошондон бери таасири артып, үзбөй өткөрүлүп келатат. Ал эми кышкы универсиада 1960-жылы Франциянын Шамони шаарында алгач ирет өткөрүлүп, канатын жайды. 1981-жылга чейин эки жылда бир жолу так сандагы жылдары жайкы универсиада өткөрүлүп келсе, жуп сандагы жылдары кышкы оюндарга кезек берилип турган.

Советтер союзу учурунда студенттер 1967-жылы Токио шаарында өткөн универсиадага алгач ирет катышып, чеберчиликтери менен таанылган. Негизи универсиаданын башкы максаты – спортту билим берүү менен айкалышытырып, ден соолукка,сергелең жашоого үндөө, спорттогу бийиктиктерди багындыруу,чеберчиликти жогорулатуу болуп саналат. Бул оюндар олимпиадалык мелдештерден өзгөчөлөнүп, эки жылда бир ирет өткөрүлүп жүрөт.

Быйыл жайында 19-августтан 30-августка чейин Кытай Эл республикасынын Тайбэй шаарында кезектеги 29-жайкы универсиада оюндары өткөрүлөт. Ал эми2019-жылы Италиянын Неаполь шаарында 30-жайкы универсиада, ушул эле жылы Орусиянын Красноярск шаарында 29-кышкы универсиада оюндарынын оту жанат. 2021-жылкы эстафетаны жайкысын Румыниянын Бухарест, кышкысын Швейцариянын Люцерн шаары кабыл алат.

Бул оюндарга кыргызстандык спортчулар азыртан даярдык көрүүсү зарыл

Кыргызстандык спортчулардын Универсиада оюндарындагы ийгиликтери Кыргызстандык спортчулардан алгачкылардан болуп студенттер оюндарына катышып, байгелүү орундарды ээлеген суучул Ахмед Анарбаев болуп саналат. Ал 1970-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн 6-жайкы Универсиада оюндарында сууда сүзүү мелдештеринде марага эки ирет экинчи келип, эки күмүш медаль тагынган. Кыргызстандык спортчулардан союз учурунда жеңил атлетчи Игорь Паклин 1985-жылы Жапониянын Кобе шаарында өткөн 13-жайкы универсиада оюндарында 2 метр 41 сантиметр бийиктикке секирип, дүйнөлүк рекорд жаңыртып, универсиаданын чемпиону аталган. Эсиңиздерга сала кетели, 2013-жылы Татарстандын борбору Казан шаарында 6-июлдан 17-июлга чейин жайкы

Универсиада оюндары спорттун 27 түрү боюнча өткөрүлүп, студенттердин дүйнөлүк таймашына162 мамлекеттин 10 миңден ашуун өкүлү катышкан. Алардын катарында токсондон ашуун кыргызстандык спорттун 12 түрү боюнча мөрөй талашкан.Жыйынтыгында 2 алтын, 2 күмүш жана 8 коло байге утуп, командалык эсепте 26-орунду ээледи.

Таймаштын алгачкы күндөрүндө эле бел кур күрөшүн эркин ыкмасы боюнча Нурбек Аканов жана Нурбек Кожобеков алтын медалга ээ болгон. Спорттун ушул эле түрүнөн күмүш медалды Нагира Сарбашова ээлеген. Коло байгеге Канимет Барпыбеков, Бекболсун Кушубаков жана Бурул Алыкулова татыган.Андан тышкары бел кур күрөшүнүн классикалык ыкмасында Нуржан Рыскул уулу, Дуулатбек Сапарбек уулу жана Кадыр Келсинбеков коло байгелүү болгон.

Кийинки таймаштарда эркин күрөш боюнча Самат Надырбек уулу күмүш байгеге, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова коло медалдын ээси болгон. Акыркы 12-медалды самбо спорт чебери Артур Тё уткан.Ошондой эле 2015-жылы Түштүк Кореянын Кванжу шаарында өткөн Дүйнөлүк жайкы универсиада оюндарына Кыргызстандан 22 студент спорттун 4 түрү боюнча мелдештерге катышкан.

Алардын арасынан жеңил атлетчи Дарья Маслова 5 миң метрге чуркоодо 3-орунду ээлеп, Кыргызстанга таандык жалгыз коло медалдын ээси болгон. Ал эми кышкы универсиада оюндарында кыргызстандык спортчулар ийгилик жарата элек.

Атайын “Би-Би-Си” үчүн спорттук баяндамачы Кабыл Макешов.