"Ата Мекен" менен бийликтин тиреши уланууда

Белизден келди делген документтерди өткөн жыл соңунда УКМК президентке көрсөткөн Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Белизден келди делген документтерди өткөн жыл соңунда УКМК президентке көрсөткөн

Жогорку бийлик менен “Ата Мекен” партиясынын тиреши бири-бирин алымсабак айыптоо менен уланууда. Эртең “Ата Мекендин” лидерлери маалымат жыйынында “Белизгейт” боюнча бийликтин айыптоосун төгүндөй турчу жаңы билдирүүлөр менен чыгаары айтылууда.

“Ата Мекен” партиясынын лидерлери бийликтин айыптоосун төгүндөй турган кезектеги фактылар менен чыгаарын айтышууда. Ал “Белизгейтке” байланыштуу экенин партия лидери, депутат Өмүрбек Текебаев билдирди:

“Акыркы документтерди биз эртең маалымат жыйынында көргөзөбүз. Иши кылып “Безизгейти” дагы жомок. Ойдон чыгарылган жалган жалаа. "Балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат" деп убактылуу бирдеме кылып, элдин башын айландырып турсак, калганын көрө жатарбыз деген логика менен жасашууда. Жалган экени чыгып калып жатат”, - деди Би-Би-Сиге Текебаев.

Өткөн аптада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Альфа Телеком” боюнча 2012-жылы токтотулган тергөө иши жандандырылганын билдирди. Ал Penwell Business Limited деген компания Кыргызстандын кызматтагы кишилерине “Мегакомду” алуу үчүн ири суммадагы акча бергенин билдирди. Комитеттин маалыматында, 2010-жылы парламенттик шайлоо алдында “Альфа Телеком” менен Penwell Business Limited айрым саясий партияны каржылоого бир нече миллион долар жумшаган.

Комитет расмий билдирүүсүндө мурдагы депутат Өмүрбек Абдрахмановдун маалымат каражаттарына берген маалыматын да негиз келтирген.

Image caption Өмүрбек Текебаев бийликтин "Белизгейт" айыптоосу жалган экенин төгүндөгөн документтердин акыркыларын алдык дейт

Мурдагы “атамекенчи” Өмүрбек Абдрахманов 2010-жылы Текебаев “Альфа Телекомду” толугу менен сатуу үчүн москвалык “Мегафон” компаниясынан бир миллион доллар алганына күбө болгонун Би-Би-Сиге да айтты.

“Ал учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башында Текебаевдин партиялашы, ал кызматка койгон адам турган. Мүлктү фонд өткөрөт. Ошондуктан алардын баары Текебаевдин колунда болгон. Мен башында турган комиссия ишкана 100 пайыз мамлекетке алынсын деген чечим чыгарган. Андан кийин фонддун жетекчиси иштен кетти, “Мегаком” сатылуучу мүлткөрдүн тизмесине да кирбей калды”, - деп түшүндүрдү Абдрахманов “Альфа Телекомдун” жогоруда болжолдонгон тараптарга сатылбай калышын.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет издөөдөгү Елисеевдин лицензиясын узартуу боюнча Аида Салянованын үстүнөн да “жоопкерчиликтүү кызматтагы адамдын кызматынан пайдалануу” беренеси боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалады. Текебаев эртең Салянова да өз фактыларын келтирерин белгиледи.

Ал арада эки тараптын былтыртан бери уланып келаткан тиреши, түрдүү жоромолдорго жем таштоодо. Президенттик шайлоого аз калганына карабай Өмүрбек Текебаев импичмент үчүн даярдык көрүүдө. Мурдагы аскер прокурору, эксперт Кубатбек Кожоналиев экөөнүн ортосундагы тирешүү бийлик, байлык талашуу гана дейт:

“Текебаевдин койгон эң олуттуу күнөөсү президент чөйрөсү менен бийликти узурпациялады деди. Ошол эле убакта ал өзү “бийликке келгенде саясий оппоненттерди куугунтукка алып, молекула, плазмага чейин жеткиргенбиз” деп жатат. Анан каяктагы узурпация? Атамбаевдин бийлиги күчөп, ушул деңгээлге жетишине Текебаевдин салымы зор”.

Image caption Мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев эки тараптын тиреши бийлик менен байлык үчүн күрөш дейт

Кожоналиев ошол эле учурда президент да керт башынын кызыкчылыгын ойлоп жатканын кошумчалады.

Эки тараптын тирешүүсү, маалымат каражаттары аркылуу бири-бирине каршы аргументтерди жаадырышы өткөн жылы конституциялык реформа аракети башталгандан бери уланууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Белиз өлкөсүнөн алынган делген документтерде “Ата Мекендин” мамлекеттик кызматтагы үч өкүлү “Альфа Телекомду” сатууга аракет кылганы тастыкталган деди. Ал эми “атамекенчилер” бул айыптоолор негизсиз деп, алар да муну төгүндөгөн документти Белизден алганын билдиришкен.