"Фридом Хаус": "жарым-жартылай эркин" Кыргызстан

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 195 өлкөнүн 45% “эркин”, 30% “жарым-жартылай эркин”, 25% “эркин эмес” деп табылган Сүрөттүн автордук укугу official website
Image caption 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 195 өлкөнүн 45% “эркин”, 30% “жарым-жартылай эркин”, 25% “эркин эмес” деп табылган

“Фридом Хаус” эл аралык укук коргоо уюму эркиндик боюнча жылдык баяндамасын жарыялап, дүйнөдө саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер чектелип жатканын айтып чыкты. Иликтөөгө алынган 195 мамлекеттин ичиндеги жетимишке жакын өлкөдө саясий жана жарандык эркиндиктердин көрсөткүчү төмөндөп кеткени айтылат. Бул рейтингде Борбор Азия өлкөлөрүнөн жалгыз гана Кыргызстан “жарым-жартылай эркин өлкө” деп табылды.

Башкы кеңсеси Вашингтондо жайгашкан "Фридом Хаус" уюму кезектеги баяндамасын жарыялап, саясий жана жарандык укуктар чектелип жатканына көңүл буруп, бул өз кезегинде коркунучтуу экенин айтууда. Аталган уюмдун расмий интернет сайтындагы соңку иликтөөлөрүнө караганда, өткөн 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча, дүйнөдөгү 195 өлкөнүн 45% “эркин”, 30% “жарым-жартылай эркин”, 25% “эркин эмес” деп жазылган.

Швеция, Норвегия, Финляндия эң “эркин өлкөлөр” деп саналса, Өзбекстан менен Түркмөнстан эң ылдыйкы тепкичтерде турат.

Бул рейтингде Борбор Азия өлкөлөрүнөн жалгыз гана Кыргызстан “жарым-жартылай эркин өлкө” деп табылды. Эркиндиктин мындай көрсөткүчүндө Кыргызстан Кытай, Орусия, Казакстандан кыйла алдыда. (ErA)

Тектеш темалар