Прокурорлор Сарыгуловго 12 жыл, Карыбековго 22 жыл сурап жатышат

Дастан Сарыгулов учурда үй камагында отурат, анын ден соолугу начарлап кеткени айтылган болчу
Image caption Дастан Сарыгулов учурда үй камагында отурат, анын ден соолугу начарлап кеткени айтылган болчу

Бийликти күч менен кулатууга даярдык көргөн деп камалып, соту болуп жаткан саясатчыларды коргоо комитетинин мүчөсү Зульфия Марат жабык сот процессинде толтура мыйзам бузуулар менен ээнбаштык болуп жатканы жөнүндө Би-Би-Сиге билдирди.

"Бүгүн Чүй облусунун жана Свердлов районунун прокурорлору Дастан Сарыгуловду 12 жылга эркинен ажыратууну, Эрнест Карыбековду мамлекетке чыккынчылык кылган деген айыптар менен 22 жылга абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуунун сурап жатышат. Кубанычбек Кадыровго 16 жыл, Бектур Асановго 15 жыл түрмө жазасын берүүнү сурашууда. Айыптоочу тараптын мындай жазаны сурашы мыйзамдарды одоно бузгандыкка жатат. Айыпталып жаткандар болгону өздөрүнүн ойлорун гана эркин айтышкан болчу. Бул үчүн көп жыл абак жазасын суроо абсурд", -деди Би-Би-Сиге Зульфия Марат.

Камакта кармалып жаткан оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын соттук иши 9-10-февралда каралып, алар соңку сөзүн сүйлөйт деп күтүлүп жатат. Алардын соттук иши август айынан бери жабык каралып жатат.

Дастан Сарыгулов болсо учурда үй камагында отурат, анын ден соолугу начарлап кеткени айтылган болчу.

"Дастан Сарыгулов азыр интервю бере албайт, коомдук-саясий иш-чараларга катыша албайт. Учурда ал ден соолугун калыбына келтирүү менен алек. Жетимишке таяп калган кишини дээрлик 170 күн СИЗОдо кармап отурушту. Эми дагы аны 12 жылга эркинен ажыратууну сурап жатышканына биз таң калып жатабыз. Камакта жаткан саясатчыларды кармоого айыптоочулардын да тергөөчүлөрдүн да жетиштүү далилдери жок", -дейт Зульфия Марат.

Image caption Зульфия Марат: "Соттук иш каралып жаткан имараттын подъездине да киргизбей жатышат. Мурдагы бийликте да мындай болгон эмес эле"

Жогорку Соттун басма сөз кызматы каралып жаткан иш жашы жете электерге, купуялыгы сакталыш керек болгон жеке жашоого жана мамлекеттик сырга байланыштуу болсо сот жабык өтөөрүн билдирип келген.

Оппозициячылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов өткөн жылы мартта Аксыда өткөн митингден кийин камалган. "Элдик парламент" кыймылынын төрт лидери май айында кармалган. Июнда кармалган Дастан Сарыгулов жыл аягында үй камагына чыкты. Энергетика тармагынын адиси Эрнест Карыбеков марттан бери түрмөдө. Булардан баары "мамлекетке чыккынчылык кылуу", "бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" же "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык көрүү" деген беренелер боюнча айыпталууда. (ErA)