Жогорку Кеңештеги жаңжал бүттү

Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңешти жетектеп жатканына бир жылга жете элек.
Image caption Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңешти жетектеп жатканына бир жылга жете элек.

Жогорку Кеңештеги "Республика-Атажурт" фракциясы төраганы кызматтан кетирүү жөнүндө сунушун кайра чакыртып алды. Чыныбай Турсунбеков менен Ѳмүрбек Бабанов нааразылык чыккан маселелерди чечүүнүн жолун сүйлөшүшкөнүн, парламенттеги кризис жоюлганын бүгүн маалымат жыйынында билдиришти.

"Биз фракцияда акылдашып бир чечимге келдик. Биз спикерди чакыртып алуу демилгебибизди кайра артка чакырып алдык. Бул маселе азыр актуалдуу эмес. Кыргызда жакшы сөз бар го. Ар бир нерседен жакшы жыйынтык чыгышы керек. Ынтымак болсо ырыс болот деп элибиз айтып келгендей, ынтымакка келип, мыйзам чыгаруу бутагындагы ишти бирге алып кетели деген чечимге келдик",-деди Ѳмүрбек Бабанов.

Image caption Өмүрбек Бабанов президенттик жарышка катыша турган негизги талапкерлердин бири катарында аталууда

Жогорку Кеңеште өткөн бейшембиде жалпы пленардык жыйында Ѳмүрбек Бабановго сөз берүү убактысы чектелип калганына байланыштуу нааразылык чыгып, жума күнкү жыйынында "Република-Ата-журт" фракциясы төраганын кызматына байланыштуу маселени көтөргөн. Анда бир эле учурда спикер бир партиялык фракцияга жан тартып, кээ бир комитеттерде бир фракциянын мүчөлөрү ашыкча көбөйүп кеткени жөнүндө да сөз болгон. Азыркы учурда жалпы жыйында сөз берүү жана комитеттердин курамы жөнүндө чыккан нааразылыктар чечүүнүн жолу табылганын ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков өзү да айтып кетти.

"Негизи биздин регламентте алешемдиктер бар. Ошол эле өкмөттүк саат, өкмөттүк күн боюнча бир топ жоболорун алмаштырууга туура келет. Андан сырткары, ошол эле комитет мүчөлөрүнүн саны боюнча биз бир чечимге келип атабыз. ЖКнын комитеттеринин мүчөлөрүнүн саны ар бир фракциядан баланчадан эмес, депутаттардын санына жараша болушу керек деген жыйынтыкка келип атабыз",-деди төрага.

Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңешти жетектеп жатканына бир жылга жете элек. Бул ошол убакыттын ичинде фракция лидерлери менен төраганын ортосунда болгон биринчи жаңжал. Депутаттар өздөрү быйылкы президенттик шайлоо өтө турган жылда мыйзам чыгаруу бийликтин кризиске түшпөй, туруктуу иштеши абдан маанилүү деп жатышат.

Тектеш темалар