Айыл чарбасын багбанчылык алгалатабы?

Айыл чарба министирлиги жазгы талаа иштеринде көйгөй болбой турганын маалымдады. Мекеме былтыркы жылдын жыйынтыгын карап чыгып, атайын план түзгөнүн Би-Би-Сиге билдирген.

Айрым фермелер болсо министирлик жазгы талаачылыкка ойдогудай камылга көргөн жок деп сынга алууда.

Image caption Министирликтин маалыматы боюнча,быйыл жалпысынан 1 млн 200 миң гектар жер иштетилет

Айыл чарба министирлиги акыркы эки жылдан бери мурдагыдан айырмаланган жаңы план түзүп иш алып барып жатканын айтууда. Анын жыйынтыгы катары өткөн жылы кант кызылчасы сыяктуу өсүмдүктүн бир нече түрүнөн мол түшүм алынганын мисал келтиришүүдө.

Деген менен кызылча өстүргөн дыйкандардын өздөрү түшүмдүн рекорддук көрсөткүчү министирликтин эмес, өздөрүнүн таман акы, маңдай тери экенин айтып жатышат.

Кечээ күнү Жогорку Кеңештин агрардык комитетинде 2017-жылдын жазгы-талаа жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү боюнча өкмөт маалымат берген. Министирликтин маалыматы боюнча, буга чейин иштетилбей жаткан жерлер улам четинен өздөштүрүлүп, быйыл жалпысынан 1 млн 200 миң гектар жер иштетилет. Бул мурдагыдан көбүрөөк аянт дегенди билдирет дешет алар.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев Би-Би-Сиге берген маегинде өткөн жылдардагы көрсөткүчтөрдү карап, өсүмдүктөрдү өстүрүүдө дыйкандардын акыбети кайта тургандай кылып багыт берип жаткандыгын айткан.

"Былтыркы жылы биз күнөскана менен тамчылатып сугарууну башкы багыт катары алганбыз. Быйыл болсо үрөөнчүлүк менен асыл тукум багытын тандап алдык. Республика боюнча алганда мынча дан эгин айдагыла деп көрсөтмө бергенге каршыбыз. Себеби ар бир дыйкан өзү билет. Бирок биз жалпысынан сунушубузду берип жатабыз. Биз тамак аш коопсуздугун эске алып, дан эгинин да башкасын да өстүрүшүбүз керек. Дыйкандын өз эрки, мисалы биз эгин айдабагыла десек да айдайт. Негизгиси техникалык өсүмдүктөр тамеки, пахта, картошка, төө бурчак, кызылча деп айтып жатабыз",-дейт Жаныбек Керималиев.

Image caption Жаныбек Керималиев

Деген менен аталган министирлик жарытылуу иш алып барбай жатат деп сынга алгандар да жок эмес.

"Багбанчылыкка өтүшүбүз керек. Багбанчылыкка өткөндө божомол кылып эле тура берген болбойт. Министирликтин иши ушул мен башка милдетин көрбөй турам. Жакшы багыт болбогон соң дыйкандар өзү менен эле өзү болуп жатат. Министирлик дыйкандар менен фермерлерден бир канча кадам алдыда жүрүп, алар жетпей аткан дүйнөдөгү жаңылыктарды аларга кабарлап, жайылтып, жол көрсөтүп турушу керек эле. Күнүгө тынымсыз иштеши керек, бөлмөдө олтуруп анализ кылып атам дегенде иш болбойт. Биз негизи багбанчылыктын өлкөсүбүз. Бирок аны жолго коё албагандыктан азыр эӊ жөнөкөй түшүнүктөрдү да чачыштырып турган кезибиз",-дейт фермер Манас Саматов.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Манас Саматов

Өткөн жылы кыргызстандык бир топ дыйкандар жашылча, мөмө жемиштерин Казакстан, Орусияга сата албай кыйналган фактылар да катталган эле. Дыйкандар муну атайын лабараториялардын жоктугу менен байланыштырса, министирдин орун басары шарттар жетиштүү экенин айтып, кемчилик дыйкандардын өздөрүнөн кетип жатат деп эсептейт.

"Эң негизгиси биздин дыйкандардын кенебестигинен болуп калды. Продукцияларын атайын сертификат менен алып чыкканда чет жакта маселе жаралмак эмес. Коңшулаш Казакстан да өз базарын сактап калуу үчүн кээде чектөө койгон учурлар да болду. Негизи барыбыз чогуу биримдикте тургандан кийин андай чектөө болбошу керек эле. Биз ошол мамлекеттерге кайрылып жатабыз. Бизден таза продукция чыгышы керек. Анын тазалыгын сертификат ырастайт. Биз бажы биримдигиндеги башка мамлекеттер менен продукциянын көлөмү боюнча атаандаша албасак да биз табыгый таза продукт деген артыкчылыгыбыз менен кымбат баада сатканга жолубуз бар",-дейт Жаныбек Керималиев.

Ал ошондой эле өткөн жылы Орусия менен Казакстан каражат бөлүп курула турган лабараторияны казак тарап акча бербесе да мамлекет өз каржатын кошуп, куруп бүткөндүгүн, жакынкы айларда Бишкек, Ош шаарларында иштеп жаткан лабараторияларга кошулуп дагы эки жаңы лабаратория ишке кирише тургандыгын ырастады.

Image caption Кечээ күнү Жогорку Кеңештин агрардык комитетинде 2017-жылдын жазгы-талаа жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү боюнча өкмөт маалымат берген

Тектеш темалар