Диний окуу жайлардагы көйгөйлөрдү көрсөткөн мониторинг

Мониторинг бир катар диний окуу жайларда окуу программалары талапка туура келбей турганын көрсөттү. Сүрөттүн автордук укугу google
Image caption Мониторинг бир катар диний окуу жайларда окуу программалары талапка туура келбей турганын көрсөттү.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы өлкөдөгү диний окуу жайлардын ишине жүргүзүлгөн экинчи мониторингдин жыйынтыгын чыгарды. Мониторинг диний билим берүүнүн бир катар көйгөйлөрүн көрсөттү, атап айтканда кээ бир медреселерде толук орто мектепти бүтпөгөн өспүрүмдөр окуп жаткан, аларды аттестациядан өтпөгөн мугалимдер окутуп жаткан фактылар катталды. Ошондой эле мониторинг бир катар диний окуу жайларда окуу программалары талапка туура келбей турганын көрсөттү. Би-Би-Си Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Закир Чотаевди маекке тартып, мониторинг кѳрсѳткѳн проблемаларды сураган.

Би-Би-Си: Диний окуу жайларда окуп жаткандар баардыгы канча? Мониторинг учурунда медресе жана башка диний окуу жайларда окуп жаткандардын баарынын тең эсебин алууга мүмкүн болдубу?

З. Чотаев: Мониторингдин маалыматтарына караганда кээ бир медреселерде катталгандар бар, бирок окушпайт. Же болбосо тизмеде жок, бирок окуп жаткандары көп болушу мүмкүн. Ошондуктан бардык медреселер боюнча бизде күмөн ойлор бар. Бул сандар так болбогондуктан биз аны берген жокпуз. Биз мониторингди абдан кыска убакытта өткөрдүк. Биз азыр табылган проблемаларды талдап чыгып, жыйынтыгын чыгарып, мыйзам бузуулар жөнүндө тийиштүү тартипте эскертүүлөрдү беребиз.

Би-Би-Си: Мониторинг мектеп жашындагы, тагыраак айтканда тогузунчу классты бүтө элек окуучулардын дагы медреселерге барып жаткан фактыларын аныктаган экен. Мына ушундай проблема менен байланышкан канча окуучу жөнүндө сөз болуп жатат?

З. Чотаев: Бул биз билип калган анда-санда кездешкен фактылар. Биз аларды каттадык. Жетекчилер ал балдарды бир күнгө келген, калтыра турган киши жок болчу, иниси менен келген деген ар кандай себептерди айтышты. Бирок бир нече жерде анда-санда болсо да ушундай фактылар болду. Биз тогуз жылдык светтик билим албай туруп балдар медреседе окуй алышпай турганы жөнүндө эки жыл мурда эле катуу эскертүүлөрдү бергенбиз.

Башка маселени айтсам, балдар туруктуу жашап, диний сабактарды окуган жайлар бар экенин айта кетишибиз керек, бирок алар бир эле учурда мектепке да калбай барышат. Мындай мекемелер көп эмес, бирок биз азыр аларга да эскертүү берип жатабыз. Анткени баарын бир стандарттык түргө алып келишибиз керек. Бул жөнүндө азыркы мыйзамда каралган эмес. Диний окуу жайларга коюлган конкреттүү талаптар бар. Бирок практикада карап келгенде диний окуу жайлар ар кыл болуп чыгууда.

Колунда жок үй-бүлөлөрдүн же алыскы аймакта жашагандардын балдары окуган пансиондор бар. Ата-энелери балдарын райондук борборлорго же шаарларга окууга жиберишкен. Бишкекте да мындай көрүнүштөр бар. Балдар кадимки эле мамлекеттик мектепте окушат. Бирок алар ошол эле учурда пансиондо жашап, ошол жерден диний сабактарды окушат. Ата-энелери буга макулдук беришкен. Биз мунун баарын бир тартипке салалы деп жатабыз.

Би-Би-Си: Бул көрүнүштөр кайсыл региондорго көбүрөөк мүнөздүү?

З. Чотаев: Мониторинг бүт республика боюнча болду. Диний окуу жайлардын көбү өлкөнүн түштүгүндө жана Чүй областында жайгашкан . Ошондой эле Ысык-Көл, Нарын, Таласта, областтардын баарында тең айрым бир сандагы диний окуу жайлар бар.

Биз айтып жаткан проблемалар тигил же бул деңгээлде бардык региондордо кездешет. Биздин эскертүүбүздү алып, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты билген, өздөрүнүн ишин мыйзамга ылайыктап жаткандиний окуу жайлар бар. Кээ бирлери бул ишти аткарып жатышат. Кырдаал бардык диний мектептерде бирдей эмес. Бул жөнүндө таптакыр укпаган, билбеген да медреселер бар. Ка ттоодон өтүп коюп, каалагандай иштеп жатышат. Азыр биздин өкүлдөр өлкөнүн бардык региондорунда бар. Алар мониторинг жүргүзүүгө активдүү катышып, эми аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча мониторинг кылышмакчы.

Би-Би-Си: Балдардын укуктары бузулган фактылар боюнча укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү канчалык зарыл?

З. Чотаев: Биз эки жыл мурда муфтият аркылуу эскерткенибизге карабастан, анда-санда болсо мыйзам бузулган айрым учурлар болуп жатат. Биз ар бир окуу жайга эскертүү жасайбыз. Эгер укук коргоо органдарынын компетенциясына тийиштүү маселелер болсо, албетте, аларга да билдиребиз. Жалпысынан алганда, азыр укук коргоо органдарынын компетенциясына тийиштүү маселелер жок, көбүнчө дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү мыйзамга тийиштүү болуп жатат. Кээ бир окуучулардын диний окуу жайда окушуна ата-энелеринин макулдугу жок болуп калган учурлар, ушул сыяктуу административдик мүнөздөгү маселелер.

Би-Би-Си: Ушул мониторингден кийин диний окуу жайларда диний радикалдык көз караштар, окуулар жок деп ишенимдүү айтууга болобу?

З. Чотаев: Жүз пайыз ишенимдүү болууга мүмкүн эмес. Бирок бул диний радикалдык, фундаменталдык көз караштардын диний окуу жайлар аркылуу жайылышынын алдын алуунун эффективдүү чараларынын бири болуп эсептелет. Биздин кызматкерлер эми ар бир диний окуу жай боюнча маалыматты билип, байма-бай текшерип турмакчы. Биз бул жолу мониторингди бир жарым-эки ай ичинде өткөдүк. Бул аз убакыт. Диний окуу жайларда фундаменталдык, радикалдык диний көз караштардын тарап жатканы билиш үчүн, ушундай мыйзам бузууларды так аныкташ үчүн сабактарга такай катышып, окуучулар, мугалимдер менен сүйлөшүп көрүш керек. Ошондо даана көрүнөт.

Азыр ар бир диний окуу жайга көп болсо жарым күндөн убакыт бөлүндү. Бир күндүн ичинде алар баарын тазалап койгон болушу мүмкүн. Мындай текшерүүлөрдү дайыма жүргүзүп туруш керек. Же биз пландалган текшерүүлөрдү жүргүзгөндө биз алардын окуу мазмунун карашыбыз керек. Бул азыркы күндө маанилүү болуп турган проблема. Биз Кыргызстанда бир эле учурда диний сабактар менен катар светтик дагы сабактар окутула турган өзүбүздүн диний билим берүү системабызды түзүп чыгышыбыз керек. Азыр бизде светтик билим берүүнүн стандартында түзүлүп, ага кошумча диний сабактар окутулган теологиялык колледж ачылып, иштеп жатат. Анда диний сабактар дагы жетиштүү мазмунда окутулуп, аны окуп бүткөндөр кийин жергиликтүү мечиттерде имам болуп иштей алышат же теологиялык факультеттерде окууну улантышат. Ошол эле учурда аларга бир эле учурда кесиптик билим берүү жагы да каралып жатат. Бул жөнүндө диний жана дин таануу билим берүүсүн реформалоо концепциясында каралган. Биз аны 2016-жылы жайында коомдук талкууга койгонбуз.