Создуккан сот реформасы, соолуган үмүттөр

Жарандык уюмдар жана көз карандысыз эксперттер сот реформасынын жүрүшү боюнча өткөргөн мониторингдин жыйынтыгын чыгарды.
Image caption Жарандык уюмдар жана көз карандысыз эксперттер сот реформасынын жүрүшү боюнча өткөргөн мониторингдин жыйынтыгын чыгарды.

Бүгүн жарандык уюмдар жана көз карандысыз эксперттер сот реформасынын жүрүшү боюнча өткөргөн мониторингдин жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, реформа башталгандан берки беш-алты жыл ичинде бул тармакта көзгө толорлук өзгөрүү болбогону айтылып, сотторго карата элдин ишеними дале болсо төмөн бойдон калып жатканы белгиленди.

Сот адилеттигин издегендер

Сот өкүмүнө нааразылыгын билдирип Би-Би-Сиге кайрылган адвокат Жуматай Абдрахманов Ысык-Көлдө өткөн жылы августта жергиликтүү таксист жүргүнчү аялды баласынын көзүнчө зордуктаган деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган жарандын ак жерден камалып кеткенин айтууда. Ал сот чечим кабыл алууда бир катар мыйзам бузууга барганын кошумчалады:

"Соттордун чечимине макул эмесмин, жетиштүү далилдер жок туруп жөнөкөй жаранды үч жылга эркинен ажыратты. Мыйзам боюнча зордуктоо деген оор кылмышка жатат. Аларга жаза да беш жылдан жогору кетиши керек. Сот болсо үч жыл берип, жарым-жартылай жаза колдонумуш болуусу туура эмес да. Же акташ керек, же беш жылдан көпкө соттош керек болчу. Бирок мен ал жигиттин ак экенин айта алам".

Ал арада Бишкекте төрт жылдан бери киши сабоого айыпталып камалган эки адамдын сот иштери создугуп бүтпөй жатат. Аларды тергөө абагынын башчысынын орун басарын сабады деген айып тагып, сот он төрт жылга соттоп жиберген. Булар ак жеринен азап жеп, абакка түштү деп апасы жана жактоочусу көптөн бери көчө акцияларын өткөрүп, соттон адилет чечим чыгарып берүүнү талап кылып келатышат. Бүгүнкү сегизинчи соттук отурумда да балдар абактан бошотулган жок.

Image caption Балдары камакта жаткан ата-энелердин ачкачылык акциясы

"Соттор бизди чуркатып да, күйүктүрүп да бүттү. Бүгүн караган сот да мыйзамсыз чечим чыгарды. Октябрдан берки соттук отурумдарда балдардын күнөөсү жок экени далилденген. Бирок соттор коркуп жатат. Анткени буга чейин караган сот Сагымбаев Бакыт 4 миң доллар сураганда бербей койгонбуз, ал балдарды он төрт жылдан кесип салган. Шаардык сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Ушул өкүмдөр баары Жогорку Сотто жокко чыгарылып, биринчи инстанцияга кайра кароого жиберилген. 2016-жылдын 6-октябрынан баштап бул иш биринчи инстанцияда кайрадан карала баштаган. Азыр эми биздин балдар акталып кете турган болсо, ошол сот автоматтык түрдө камалышы керек эле. Ошону сактап, коргоо үчүн бүгүнкү сот да туура эмес кадамга барып отурат. Күнөөсүн далилдебей туруп кайра беш жылга соттоп жибергени туура эмес", - дейт жактоочу Исмаил Токобаев.

Булар сотторго нааразылыгын айтып, акыйкаттык издеген адамдардын бир-экөөсү гана. Жыл бою эле Ак үйдүн же Жогорку соттун алдында нааразы болгондордун пикеттери токтобой келатат.

Создуккан сот реформасы

2010-жылдан кийин келген бийлик соттордун катарын тазалоону баштап, сот кызматына талапкерлерди атайын түзүлгөн кеңеш тандап алууда. Бирок сот реформасы дагы деле коомчулуктун нааразылыгын жаратып келатат. Эксперт Кайрат Осмоналиевдин айтымында, сотторду тескөө реформасы али күнчө эч бир натыйжасын көрсөтө элек:

"Тандоо кеңеши формалдуу түрдө эле уюшулган. Бир жылда бир жолу гана жолугуп коюшат. Реалдуу түрдө сот реформасы күн сайын өтүшү керек. Элдин көйгөйлөрүн чечүү керек. Азыр канчалаган арыздар, кайрылуулар түшүп жатат. Ошолорду карап, элдин сотторго ишеним деңгээлин көтөрүш керек. Бирок дагы эле кыймылдабай отурушат".

Кыргызстанда жарандар сот териштирүүлөрүнүн айлап-жылдап чечилбей, создугуп кеткенинен көп жабыр тартып жатканы айтылууда. Ошол себептүү Кыргызстан калкынын сексен пайызы сотторго ишеним артпайт деген сөз жарандык активисттердин оозунан түшпөй келатат.

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева өз кезегинде мындай кескин берилген баага макул эмес. Ал жыл аягында Би-Би-Сиге берген маегинде сот чечимдерине нааразы болуп жогорку инстанцияга даттангандардын саны жалпы каралган иштердин он пайызга гана жете турганын жүйөө келтирген эле:

"Статистикага кайрылалы, быйылкы тогуз айдын ичинде биринчи инстанцияларга 103 168 иш түшкөн. Булардын ичинен каралганы 88 369. Ушулардын экинчи инстанцияга же аппеляциялык жана кассациялык тартипте кайра даттанылганы 9626. Демек, жалпы 100 пайыз каралган иштердин болгону 11 пайызы гана кайра каралып жатат. Калган 89 пайызы судьяларга ишенген үчүн кайра даттанган жок да. Экинчи инстанциядан кийин гана көзөмөл иретинде Жогорку Сотко даттанууга жол берилет. Эми тогуз ай ичиндеги ушундай иштерди карасак, экинчи инстанцияга кайрылган 9626 иштен 3709 иш гана Жогорку Сотко даттанылган. Демек, мындан сотторго нааразы болгондор канчалык аз экенин байкоого болот. Эми 80 пайыз эл сотторго ишенбейт деп ушундан кийин айтууга болобу?".

Кыргызстан бийлиги көп жылдан бери сот системасын реформалоо милдетин алдыга коюп келатат. Оппозиция болсо сот реформасы жүрбөй, тескерисинче, чиелишкен жагдайда турат деп бийликти сынга алууда.

Тектеш темалар