Бишкекке Сталиндин эстелигин орнотуу демилгеси кайрадан айтылды

Быйыл октябрь революциясына жүз жыл толот. Бул тарыхый окуяны белгилөө тууралуу "Кыргызстан коммунисттери" партиясы демилге көтөрүп жатат.
Image caption Быйыл октябрь революциясына жүз жыл толот. Бул тарыхый окуяны белгилөө тууралуу "Кыргызстан коммунисттери" партиясы демилге көтөрүп жатат.

Быйыл октябрь революциясына жүз жыл толот. Бул тарыхый окуяны белгилөө тууралуу "Кыргызстан коммунисттери" партиясы демилге көтөрүп жатат. Алар эгемендик алгандан бери 7-ноябрь унутта калды деп нааразылыгын билдирди. Бирок социалисттик түзүлүштү четке кагып, анын кесепеттери өтө оор болгон дегендер да жок эмес.

100 жылдыктын урматына коммунист Исхак Масалиев шаардык мэрия макулдугун берип, эл каршы чыкпаса борбор калаага Сталиндин эстелигин орнотуу ниети бар экенин билдирди. Башка өлкөлөрдү эске албаганда Кыргызстандын өзүндө да Ленин, Сталин сыяктуу тарыхый инсандардын эстелиги боюнча маал-маалы менен талкуулар жүрүп келген.

Image caption Бишкекке Сталиндин эстелигин орнотуу демилгеси кайрадан айтылды

Профессор Жумакадыр Акеенев октябрь революциясы кыргыз элин улут катары жок болуп кетүүдөн сактап калгандыгын айтат. Ал Кыргызстан совет доорунда зор ийгиликтерге жетсе, эгемендүү болгондон бери көп жагынан андай көрсөткүчтөр жок деп эсептейт.

"Соңку жүз жылды ала турган болсок улуу октябрь революциясы биринчи орунда турат. Ленин бийликке келгенден кийин, дароо Кытайга качкан кыргыздарды кайрадан мекенине кайтарып келүү үчүн 2 миллион алтын рубль бөлүп аракет кылган. Ошол революциясы болбогондо кыргыздар эмне болмокпуз аны бир кудай билет. Бүгүн болсо биз эгемендүү мамлекетпиз, Бириккен улуттар уюмуна мүчөбүз.

Карап көрсөңөр баардык тармак боюнча өлкөдөгү эң ири курулуштар ошол доордо курулган. Мына эгемендүү болгонубузга жыйырма алты жылга аяк басты. Азыр болсо бирин-экин курлуштарды биз сырттан келген карыз акчаларга куруп жатабыз. Союз учурунда мунун баары өз каражатыбызга бүткөрүлгөн. Акыркы жылдары эгер ошол революция болбогондо Англиядай, башка өнүккөн өлкөлөрдөй болмокпуз деген ойлор айтылып жүрөт. Бул өтө жаңылыш пикир",-дейт Жумакадыр Акенеев.

Image caption Кыргызстанда октябрь революциясынын 100 жылдыгын белгилөө демилгеси көтөрүлдү

Деген менен дүйнөдө алгачкы жолу ишке ашкан социалисттик революция көп кыйроого алып келди деп эсептегендер да жок эмес. Айрымдар бул революциянын эпкини тийбеген өтө майда мамлекеттер азыр дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү экенин жүйө келтришүүдө. Алар совет доору жүз миңдеген адамдардын өлүмүнө себепкер деп сынга алышат.

"Кыргыздарга өтө чоң трагедиягы алып келген. Келгенде эле каршы чыкандарды басмачы деп 30-40 миң кишини кырганын тарыхчылар жазып жүрөт. Жарымы качып, талаа түздө кырылган. Алардын бир тобу Рахманкулдун урпактары деп азыркыга чейин мекенин таппай жүрбөйбү. Андан кийин тыңыраак оокат кылгандарды кулак деп кыргынга алып, алардын саны 50 миңге жакын. Аман калгандарын Украинага чейин суруп салды. Репрессия да болсо 40 миң адамды жок кылды. Жок кылганда да каймагын, мыктыларын терип салды. Ошонтип генофондду жоготуп алдык. Мен кээде ойлойм, ошонун айынан азыркыга чейин темеселеп келе жатабыз",-дейт Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов.

Image caption Өмүрбек Абдырахманов: Октябрь революциясы кыргыздарга өтө чоң трагедиягы алып келген

"1956-жылы XXсъезде КПСС көптөгөн чыныгы коммунистерди актап бул кылмышты моюнубузга алганбыз. Өткөндү сындап тоталитардык режим деп атабыз. А биз эмне азыр тоталитаризмде жашабай атабызбы? Азыр АКШ бүт дүйнөгө өзүнүн баалулуктарын орнотом деген аракеттери глобалдык тоталитаризм эмеспи? Бул тоталитаризм. Ким АКШга каршы сүйлөсө ошол душман болуп жатат. Өз мезгилинде 50-60 миллион калкты кырып кетти деп коммунистерди жамандагандардын бүгүн калптары чыкты. Айланайын болгон калкы бир миллион болсо 50-60 миллионду каяктан кырып кетет алар? Биз чындык үчүн жетимиш үч жыл кыргыздар совет мамлекеттинде жашагандыгы бизге көбүрөөк жакшылык алып келген деп айтып жатабыз",-дейт Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев.

Демилгечилер сунуш кылып жаткан октябрь революциясынын 100 жылдыгын белгилөө боюнча азырынча кыргыз өкмөтүнүн так жообу белгисиз. Айрым мекемелер бул боюнча атайын конференция, талкууларды өткөрө турганы айтылууда.

Тектеш темалар