Башкы прокуратура Сарпашевди кызматынан бошотууну сунуштады

Тайырбек Сарпашев Сүрөттүн автордук укугу official

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу менен өлкөнүн премьер-министри Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында кабарланды. Буга себеп болгон жагдай катары Бишкек шаарындагы сатууга тыюу салынган Максим Бакиевге таандык мүлктүн сатылып кеткени көрсөтүлгөн.

«Мындай прокурордук чара көрүүгө Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Т.Сарпашевдин Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45-45а дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлккө арест салуу боюнча Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү негиз болду. Белгилеп кетчү нерсе, Мамлекеттик каттоо кызматы аталган чечимди кассациялык түрдө даттануу үчүн Бишкек шаардык прокуратурасынын атайын кабарлоо баракчасын алган. Мындан тышкары, Т.Сарпашев жогорудагыдай көрсөтмө берип жаткан мезгилде Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы аталган аныктамасы Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 2-ноябрындагы аныктамасы менен токтотулган. Прокуратура органдары тарабынан арест салынган кыймылсыз мүлк Максим Бакиевдин ишенимдүү өкүлү Ульяна Пакка таандык болгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Т.Сарпашев өзүнүн функционалдык милдеттерин жетишээрлик аткарбагандыктан жогорудагы мыйзам бузуу фактылары келип чыкты. М.Бакиевдин жана ага жакын адамдарга таандык мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу коомчулуктун жана мамлекеттин көзөмөлүндө тургандыгын билип туруп, Т.Сарпашев 2016-жылдын 30-ноябрында мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгына аталган жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсүн жөнөткөн. Муну менен ал Кыргыз Республикасынын "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Мыйзамынын 14-беренесинин 4-пунктунда каралган жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тиешелүү болгон чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда аларга укук ченемсиз артыкчылыктарды берүү тууралуу укук бузууларга жол берген»,-деп айтылат Башкы прокуратуранын расмий сайтында.

Мындан алдын бул маселе Жогорку Кеңештеги Бакиевдердин айланасындагы адамдарга тиешелүү мүлктөрдү изилдөө боюнча депуттатык комиссиянын жыйынында көтөрүлгөн эле. Анда Мамлекеттик каттоо кызматы бул айыптоолорду четке каккан.

Тема боюнча башка макалалар