Медиа айдыңда исламофобия үч эсеге көбөйдү

Исламофобиялык ой-пикирлер «Кайран элим, кайда баратабыз» деген баннерге арналган материалдар менен пикирлерде көп кезигет
Image caption Исламофобиялык ой-пикирлер «Кайран элим, кайда баратабыз» деген баннерге арналган материалдар менен пикирлерде көп кезигет.

Жаңы изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандын маалымат каражаттарында исламофобия учурлары үч эсе көбөйүп кетти. 2014-жылы изилдөөчүлөр исламга каршы маанайдагы риториканы медиа материалдардын жети пайызынан табышып, бул теманы талкуулагандар интернетте 19 пайызды түзгөн. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча исламобиялык маанайдагы пикирлер, агррессивдүү сөздөр Интернетте 81 пайызга жетти. Бул жөнүндө Борбордук Азиядагы тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби жүргүзгөн "ММК менен Интернеттеги исламофобия, пропаганда жана сабырсыздык 2016" деп аталган иликтөөсүнүн отчетунда айтылат.

Медиа мониторингдин жүрүшүндө эксперттер медиа каражаттарында исламга каршы чакырыктар айтылган 470 макала, пост, сүрөттөрдү белгилешкен. Кылдат талдоолордун натыйжасында исламофобиянын бир нече категориясы аныкталган.

  • Макалалардын 54%да авторлор мусулмандарды атайы негативдүү контекстте көрсөтүшкөн.
  • Материалдардын 27%да мусулмандардын образы алардын маданиятына коркунуч катары сүрөттөлгөн.
  • Макалалардын 11%да туура эмес салыштыруулар менен мусулмандардын образын душман түрүндө көрсөтүшкөн.
  • Материалдардын 5%да авторлор этникалык, диний дана социалдык проблематиканы аралаштырып, бул темага эч кандай тиешеси жок контекстте беришкен.
  • Исламга каршы риториканын 3%да мусулмандар элдин тынч турмушуна коркунуч катары көрсөтүлүп, аларга кастык маанайдагы лексиканын кыйыр формалары колдонулган.

Ошондой эле изилдөөнүн жүрушүндө эксперттер Кыргызстандын калкына сурамжылоо жүргүзүп, коомдук мейкиндикте исламофобия көйгөйүнө кандай пикирде экенин сурашкан.

Сурамжылангандардын 75% мусулмандарга каршы агрессия, жек көрүү, жактырбоо айтылган билдирүүлөрдү угушканын билдиришкен. 22% мындай маалыматтардын этникалык топторго айтылганын угушканын белгилешкен. 3% эч нерсе угушкан эмес.

Жек көрүү пикирлери тараган каналдар катары респонденттер Интернетти, газеталарды, коомдук иш чараларды, телекөрсөтүүлөрдү аташкан. Ал эми мындай маалыматты тараткандар катарында биринчи кезекте журналисттер менен авторлорду, саясатчылар менен коомдук ишмерлерди, интернет керектөөчүлөрдү, милицияны, көчөдөгү адамдарды, мугалимдер менен тарбиячыларды белгилешкен.

  • Исламофобия көрүнүштөрүнүн 34% - эң көбү газеталарда учурайт. Андан кийин онлайн-басылмаларда - 31%, социалдык тармактарда - 30%, телекөрсөтүүлөрдө - 5%.
  • Исламофобия Сирияга кыргыз жарандарынын кетип жатканы жөнүндө макалалар боюнча эң көп чыккан - 31%. Бул теманы талкуулары дискриминациялуу лексика жана ар кандай ашыкча чакырыктар менен коштолууда.
  • Андан кийин «Кайран элим, кайда баратабыз» деген баннерге айтылган материалдар менен пикирлерде көп кезигет-17%.
  • Жума намазынын убактымын узартуу жөнүндө темада 7%, мечиттерде түнкү азандын үнүн азайтуу темасында 4% болгон.
  • Ошондой эле чиновниктер менен саясатчылардын туура эмес айтылган сөздөрүндө да 3% учурайт.

Негизги тыянактар:

  1. Кыргыздын коомдук мейкиндигинде исламофобиянын деңгээлине медианын, авторлор менен журналисттердин, контент жасагандардын түшүнүк деңгээли өтө чоң таасир берүүдө. Алар көбүнчө өздөрүнүн стереотиптерин таңуулап жатышат.
  2. Исламофобиянын жайылышында Интернеттин ролу күчөдү. 2014-жылдакыга караганда анын динамикасы үч эсе көбөйдү. Исламофобия азгырык күчтөргө өзүнчө бир база болуп кызмат кылууда. Анткени исламдын образын дегуманизациялоо жана эмоционалдуу пикирлер азгырык кылууда абдан күчтүү аргумент болуп саналышы мүмкүн.
  3. Исламофобиянын таркаган каналдары да көбөйдү, талаш талкуулардын, темалардын диапазону кеңейди. Алар исламофобдор менен диний адамдардын ортосунда кайым айтышууларга потенциалдуу арена болуп берүүдө. Ар кандай конфессиядагы, этникалык түрдөгү, курактагы адамдардын арасынан ар кыл комментаторлор, жек көрүүчү топтор көбөйдү.

Тектеш темалар