Кален Сыдыкова кайнене-келин тууралуу

Кален Сыдыкова: "Кызмат кылдыруу келинге кордук көрсөтүү эмес"
Image caption Кален Сыдыкова: "Кызмат кылдыруу келинге кордук көрсөтүү эмес"

Эмне үчүн кыргыз коомунда келин-кайнене маселеси улам көтөрүлүп турат? Келин эмне үчүн кызмат кылуу түшүнүгү менен ээрчише жүрөт? Жазуучу Кален Сыдыкова бул тууралуу Би-Би-Сиге ой бөлүштү.

Келиндин жаңы бүлөгө келиши

Келин башка тарбиядагы, башка көз караштагы үй-бүлөгө келгенде психологиялык жагынан жабыр тартат. Ал мейли чоң окуу жайын бүтсүн, мейли онунчу классты бүтүп барсын, бирөөнүн үйүнө сиңип, аны кабыл алыш кыйын.

Ал үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн сырын, кулк мүнөзүн билиш керек. Аны билиш үчүн эки-үч жыл жөн эле кетет.

Түшүнүгү тайкы кайненелер да болот. Келин келээри менен эле көп жылдык тажрыйбасы бар келиндей кылып, тигини жасай койгон жок, муну жасай койгон жок дешет. Баласы жактырып алып жатса, келинди өзүнүн кызындай эле кабыл алыш керек.

Ар бир бүлөнүн өзүнүн ички тартиби да болот. Мисалы, бардар үй-бүлөдөн келген кыз болсо аны дароо сарамжал эмес дегендин ордуна, “бизде муну мындай үнөмдөш керек” деп түшүндүрүү зарыл. “Майрамда мындай болуш керек, тартыш учурда мындай болуш керек” деп, идиш-аяктын кайда турушун, кирдин кандай жуулушун, алардын үйүндө конок кандай тосулаарын да келинге үйрөтүш керек.

Келин–кайнене

Мен келин менен кайнене эле эмес, жалпы адамзатты жаман, жакшы жана орточо деп үчкө бөлөм. Бул келинге да, кайненеге да тиешелүү. Келин абдан жаман же кайнене абдан жаман деген болбойт.

Азыр кыздардын баарында маалымат бар, фильмдерди көрүшөт, интернет карашат. Турмуштан ордун таап калыш үчүн келин дагы аракет кылыш керек. Кайнене менен гана эмес, бүлөнүн башка мүчөлөрү менен да мамиле курууга туура келет. Сүйлөшүп жүргөн жигитиңдин да барганда мамилеси өзгөрөт. “Таруунун барар жери тегирмен, кыздын барар жери теңирден” деген кыргыздын жакшы макалы бар. Кээ бири күйөөдөн деп жүрөт, кандай жерге барарың бир гана кудайдан.

“Келин-кайнене”, “келин – кызмат кылуу” түшүнүктөрү

1994-жылы Пекинде БУУнун аялдар боюнча конференциясы болду. Ошондо “Эркекти тарбиялоо – инсанды тарбиялоо, аялды тарбиялоо – улутту тарбиялоо” деген ураан болду. Демек, аялды тарбияласаң, улутту тарбиялаган болосуң. Буга кыргыз олуттуу көңүл буруп келген. Кан куда, бел куда болуп, ата-энесин, генологиясын билген.

Келин – келген жердин тукумун улоочу. Ага биринчи кезекте болочок эне катары караш керек. Келинди убактылуу күч катары кароо – бул, тайкы көз караш.

Келин-кайнене, келиндин кызмат кылуу түшүнүгү эми жөн эле жашоодон келип чыккан. Кыргыздын турмушунда кайынатанын орду абдан чоң. Ал аялдын, айрыкча келин-кесектин ишине кийлигишкен эмес. Баарын кайнене башкарган. Ошондуктан кайненеге байланыштуу. Анан албетте кайнене улуу болгондон кийин келинге жүк түшөт.

Бирок бул келинге кордук көрсөтүү эмес. Бул анын күнүмдүк оокаты. Ал өзүнүн, балдарынын жашоосу. Үй-бүлө күтүп кетейин деп, чарбам болуп калсын деп эмгек кылсаң, анын эмнеси жаман? Муну саясатташтырып, татаалдаштырып деле кереги жок. Келин барган үйдүн оокатын өзүнүкү деп билиш керек. Кайненем үчүн жасап жатам дебеш керек. Ал ошол жерди ээлеп калат, кайра ошого аракет кылыш керек. Өзү да келин күтөт, кайненесин кастарласа, аны да келечекте келини, уулу сыйлайт.

Жашоонун принциби өзү ушундай – кайсы адам болбосун турмуш дайыма оор. Аны жеңил-желпи деп ойлобош керек. Турмуш ошонусу менен кымбат, өмүр да ошонусу менен кайталангыс. Ошондуктан бири-бирин түшүнүп, жакшы көрүп, тагдыр берген жакшылыктарды алып жашаганга аракеттенип, максат кылып жашаш керек. Турмуш эч качан жеңил болгон эмес.