Президенттик шайлоого кимдер келатат?

Бакыт Төрөбаев жана Темир Сариев президенттик шайлоого бара турганын расмий билдирген алгачкы саясатчылар болду
Image caption Бакыт Төрөбаев жана Темир Сариев президенттик шайлоого бара турганын расмий билдирген алгачкы саясатчылар болду

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттикке ат салышарын жарыялады. Буга чейин “Ак шумкардан” Темир Сариев президенттик шайлоого бара турганын расмий билдирген. Күз айларына пландалып жаткан президенттик шайлоого талапкерлердин атаандаштыгы башталды. Экөөнөн башка талапкерлердин катышаары азырынча бейрасмий түрдө айтылууда.

Президенттик шайлоого талапкерлерден расмий билдирүүлөр

Бүгүн президенттик шайлоого өз талапкерлигин расмий жарыялаган Бакыт Төрөбаевдин партиясы жеңишке жетиш үчүн катуу бел байлагандай. Президенттик шайлоого байланыштуу серепчилердин, ал тургай президенттин оозуна илинген Төрөбаев программасын азыртан таанытууга киришти.

“Өлкөбүздүн өнүгүшүндө биз үчүн эң маанилүү – бул адам. Ар бир адамды өнүктүрсөк, өлкө да өнүгөт. Биздин программада элдин жөнөкөй катмары, мугалимдер, дарыгерлер баш болуп юридикалык жана социалдык коргоого алынганы тууралуу кенен жазылган. Андан сырткары, чет өлкөгө иш издеп кеткендерге өзүбүздүн өлкөдөн жумуш таап берүү мүмкүнчүлүктөрү каралган. Ал эми тышкы саясатта, Орусия менен болгон мамилени сактап, Европа менен алаканы жакшыртабыз”, - деди Төрөбаев.

Ал эми өлкөдөгү белдүү саясатчылардын бири, презденттикке талапкерлигин коём деген Темир Сариев шайлоо таза өтүшүнө көбүрөөк көңүл буруп жатканын айтып, жаны системаларды сунуштаган эле.

“Менимче мураскер болбойт, бул тууралуу Атамбаев өзү дагы билдирген. Шайлоодо эл тандайт жана таза тандайт. Бийликтин алмашышында эч кандай мыйзам бузуу же административдик ресурсту колдонуу болбошу керек. Буга каршы сөзсүз аракет кылабыз”

Кайсы партия кимди көрсөтөт?

Бакыт Төрөбаев жана Темир Сариев президенттик шайлоого бара турганын расмий билдирген алгачкы саясатчылар болуп жатканы менен, буга чейин эле коомчулукта башка дагы бир катар талапкерлердин аттары аталып, жада калса кайсынысында мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенине чейин жоромолдонуп жатат. Маселен, бийликтеги КСДПнын атынан бир эмес, эки-үч талапкердин аты аталууда. Республика-Ата-Журттан Өмүрбек Бабановдун, оппозициядан Аида Салянованын ысымы аталып жатат. Буга чейин бир партияга бириккен саясатчылардын атынан да дагы бирөө даярданып жаткандыктан, баш-аягы ондой талапкер болушу мүмкүн экени айтылууда.

“КСДПдан Темир Жумакадыров, Сапар Исаков көрсөтүлүшү мүмкүн. Башында Канат Исаев деп да айтылган, бирок ал азыр каралбай калды окшойт. Анан албетте Сооронбай Жээнбеков түндүк-түштүктү бириктирген, жакшы чарбакер катары көрсөтүлүшү ыктымал. Ал эми оппозициядан “Ата-Мекен” партиясы койбойт деп ойлобуз, эгер коё турган болсо Аида Салянованы чыгарышы мүмкүн. Келдибеков, Мадумаровдор дагы биригип, Келдибековдун талапкерлигин коёбуз дешкен, бирок буларда мүмкүнчүлүк азыраак”, - деди Би-Би-Сиге аналитик Азамат Аттакуров.

Ал эми президент болсо өткөн жылдын аягында талапкерлер жөнүндө сөз кылып жатып, Өмүрбек Бабанов жана Бакыт Төрөбаевди баса белгилеген. Бирок ошончо жоромолдорго карабай Кыргызстанда саясий кырдаал бат өзгөргөндүктөн, жоромолдор ордунан чыкпай да калышы мүмкүн.

“Бизде буга чейин эле болуп келгендей, бизде бардык саясйи күчтөр регионалдык балансты сактоого умтулушат. Бирок азырынча бул партиядан бул чыгат, же ушул талапкерде жеңүү шансы көп деп айтууга болбойт. Мен бул тууралуу эч нерсе дей албайм”, - дейт саясат таануучу Самар Сыргабаев.

Буга чейни өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугуна байланыштуу бийликтен эртерээк кетиши мүмкүн деген айың-кептер тараган. Бирок мындай кептерди анын партиялаштары да, башка фракция өкүлдөрү да төгүндөйт.

Image caption Өмүрбек Бабанов: Президентти мөөнөтүнөн мурда кетет дегенге негиз жок

“Мен дагы бул сөздөр ушак деп ойлойм. Себеби Амабаев иштеп жатат. Аны мөөнөтүнөн мурда кетет дегенге негиз жок. Ден-соолугу да жакшы”, - деген депутатӨмүрбек Бабанов.

Алмазбек Атамбаев бийликке 2011-жылы октябрдан өткөн шайлоодо келген. Андыктан анын мыйзамдуу мөөнөтү 1-декабрда соңуна чыгат.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент бир гана жолу алты жылдык мөөнөткө шайланат.