Чуусу бүтпөгөн Бакиевдер мүлкү

Тайырбек Сарпашев Скрябин көчөсүндөгү жерди каттатканда ал камакта эмес болчу дейт
Image caption Тайырбек Сарпашев Скрябин көчөсүндөгү жерди каттатканда ал камакта эмес болчу дейт

Максим Бакиевдин жер тилкеси боюнча өткөн аптада тутанган чырга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев кызматтан убактылуу кетти.

“Өкмөттүк комиссиянын ишине тоскоол болбош үчүн өзүм арыз жаздым. Комиссия ар тараптуу иликтейт деп ишенем”, - деди Тайырбек Сарпашев журналисттерге.

Мунун алдында эле Сарпашевдин Максим Бакиевдин арест коюлган жер тилкесин каттоого тиешесин текшерүү үчүн өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Өткөн аптада Башкы прокуратура Сарпашев арест коюлса дагы жерди башкага каттап берген деп аны кызматтан алууну өкмөт башчыга сунуштаган.

Бирок Башкы прокуратура бул ишти эмнеге азыр гана алып чыкты деген дооматтар айтылгандан бери бир да кошумча маалымат бере элек.

Анын басма сөз кызматынын өкүлү Назик Байгазинова болгону буларды айта алды:

“Сарпашев көрсөтмө берип жаткан мезгилде Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы аныктамасы Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 2-ноябрдагы аныктамасы менен токтотулган болчу”.

Бакиевдин жер тилкеси 2010-жылы камакка алынган. Сарпашев 2014-жылдагы камак алынсын деген райондор аралык соттун чечими менен 2016-жылы аны каттатканын айтууда. Бирок Башкы прокуратуранын кассациялык даттануусунан кийин 2016-жылы 2-ноябрда Бишкек шаардык сот жерди кайра камакка алган экен. Тайырбек Сарпашев бул тууралуу расмий маалыматты 28-декабрда алганын, жер тилкеси ага чейин катталганын айтты. Ал мыйзамды эч бузбаганын кайталап келатат.

Мамлекеттик каттоо кызматын бир жарым жылдан бери жетектеп келаткан Сарпашев президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир эте алат деген жаңылыш ишеним менен айрым саясий күчтөр аны кызматтан алууга аракет жасап жатканын айтты.

“Оппоненттерим көп эле. Азыр расмий оппозиция бар, ал парламентте. Күгзү күрөшкө ар биринен бирден талапкер бар. Ошондуктан бөлүп айтууга болбойт, бирок айрым саясатчылар Мамлекеттик каттоо кызматына, Сарпашевге болгон сындарды күчөтүп, 70 пайыз жалган кошуп жатат. Муну саясий күрөш дейт, мен күрөшүүгө даярмын”, - деди Сарпашев.

Бул чуу башталаардан мурдараак эле, адегенде өкмөттүн жалпы тагдырын чечебиз деп, бирок эртеси күн жыйында Сарпашевди гана талкуулаган “Республика-Ата-Журт” анын дарегине катуу сындарды айткан. Анын лидери Өмүрбек Бабанов кызматтан алуу тууралуу сөз кылган:

“Сарпашев мүлктү кайра каттоого жазуу түрүндө буйрук бергенин Башкы прокуратура жазып жатса да премьер-министр чара көрбөдү. Премьер аны эмнеге кызматтан кетирбей жатат? Мен түшүнө албайм”.

Бул жер тилкесинин чоо-жайын Бакиевдердин мүлкүн иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия андан мурдараак айтып чыккан эле. Сот камап, кайра камактан алып жаткан чакта 2016-жылы 19-декбарда үчүнчү колго сатылып кеткен. Депутаттык комиссиянын төрагасы Канатбек Исаев бул боюнча билдирүү жасаган:

Image caption Кыргызстанда көптөгөн баалуу мүлктөргө ээлик кылган, аларды мамлекет азыркыга чейин толук алалбай жаткан мурунку президенттин уулу Максим Бакиев учурда Лондондо жашайт

“Жети жылдан кийин мурунку сатуу жокко чыгарылып, Максим Бакиевдин биринчи фирмасына кайра сатылып жатат. 2016-жылы 19-декабрда Бакиевдики экени сотто аныкталган “Глобал Эдвертайзинг” фирмасы өтө ийгиликтүү түрдө жасалма тарапка саткан. Биздин комиссия чуу көтөргөндө кайра арест коюлду. Биздин сурообуз, башкы прокурордун орун басарына болду. Эмнеге Бакиевдин эле бир фирмасына мурда арест коюлган, да башкасына коюлган жок. Ошондой эле эмне үчүн кассациялык даттануу боюнча демейде беш күндө жеткен кабар мамлекеттик органдарга эки айда жеткен. Азыр Бакиевдердин шек жараткан башка мүлктөрү боюнча да мамлекеттик органдарга кайрылып жатабыз”.

Бул жер тилкеси Бакиевдер кеткенден бери мамлекетке өтпөй жүргөн алардын көп мүлктөрүнүн чети гана болушу мүмкүн экенин 2010-жылдан кийин системаны ичинде жүрүп билгендер четтен айтууда.

Алар Башкы прокуратуранын элге чети чыгып калганда гана чара көрө баштаганын, соттордун арести коюп кайра алуу аракеттерин жана ушул өңдүү учурлардын баарын алганда, шектүү жагдай бар экенин маалымат каражаттарына жазууда.

Кеп Бишкектин ортосундагы Скрябин көчөсүндөгү эки үйдүн ордун ээлеген бир гектардан ашык жер тилкеси тууралуу болуп жатат.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин убактылуу өкмөт Бакиевдердин мүлктөрүн тизмелеп, мамлекетке алган. Айрымдары улутташтырылбай, колдон колго өтүп жүргөндүгү тууралуу талкуулар алигиче токтобой келет.