Чаткалга өзгөчө кырдаал абалы киргизилди

Оштун Чоң-Алай району. Сүрөттүн автордук укугу J\Sulaimankulov
Image caption Оштун Чоң-Алай району.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусундагы Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарындагы бийиктиги эки метрге чейин жеткен кар жана көчкүдөн улам өзгөчө кырдаал абалы киргизилгени тууралуу маалымдады.

Министрликтин расмий сайтында 11-февралдан бери тынбай жааган кардын бийиктиги эки метрге чейин жеткени айтылат.

"2017-жылдын 11-февралынан бери тынбай жааган кардын натыйжасында, Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында кардын көлөмү нормадан ашып, бийиктиги 2 метрге чейин жетип, жолдорго кар көчкүлөр тынбай түшүп жаткандыгына байланыштуу, Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин 2017-жылдын 14-февралындагы №29 буйругу менен Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди",-деп айтылат билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандагы тоолуу унаа жолдордо кар көчкү коркунучу жогору экенин эскертип жатат. Кечээ күнү бир катар унаа жолдорго кар көчкү түшүп, тазалоо иштери уланууда. Талас облусу менен борборду байланыштырган унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилип кайра алынды. Тоолуу Чоң-Алай районундагы кар көчкү алдында калган эки унаанын жүргүнчүлөрүн милиция кызматкерлери жана ошол жердеги кишилер куткарып калганы кабарланган.

Сүрөттүн автордук укугу J\Sulaimankulov

Ал эми бул соңку ӨКМ маалыматтары:

"Чаткал районунда 2017-жылдын 14-февралында саат 09:30да, 16:45те Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кирововка унаа жолунун 87-91-чакырымында көлөмү 3000м3 болгон кар көчкү түшкөн. Саат 14:45 чамасында 92-чакырымында көлөмү 1000м3 болгон кар көчкү түшүп, №27 жол тейлөө ишканасына таандык жеке "Субару-Легаси" үлгүсүндөгү мамлекеттик № B 83 69 AS унаасын 5-6 метрге сүрүп, бир аз басып калган. Унаада айдоочу өзү болгон, жабыркаган эмес. Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кирововка унаа жолунун 99-чакырымда, көлөмү болжол менен жалпы 3000м3 кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Жабыркагандар жок".

Өзгөчө абал киргизилген Чаткал аймагындагы унаа жолдорго атайын күзөттөр коюлуп, куткаруучулар нөөмөт менен көзөмөлгө алууда.

"Кар көчкү түшүү коркунучу бар кооптуу жерлерде жашаган турак-үй ээлерине убактылуу туугандарынын үйлөрүнө чыгып, жашап туруусуна эскертүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аталган айыл аймактардын жана айыл башчыларына тапшырылды",-деди ӨКМ.

Тектеш темалар