Бишкекте афганчы-жоокерлер эскерилди

Бишкекте афганчы-жоокерлер эскерилди
Image caption Бишкекте афганчы-жоокерлер эскерилди

Афганистандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн тогуз жыл бою кан кечип, согушуп келген советтик жоокерлердин бул өлкөдөн чыгарылгандыгына ушул жылдын февралында туура 28 жыл толду.

Image caption Бул согушка жети миңден ашуун кыргызстандык катышкан

“Он сегиз жашка жаңы толгонумда согушка чакыруу келди. Дароо эле жолго чыкканбыз. Жалындап күйүп турган учурубуз эле. Алгач Түркменистандын Ашхабад шаарында, кийин Кандагар провинциясында кызмат өтөдүм. Албетте ал күндөрдү эстөө оор, ач калган, ызы-чуунун үнү жаңырган жерлер да. Тик учак качан бизге тамак алып келмейин ач калар элек, үйдү сагынып далай кат жаздык. Кайсы бири жеткенин деле билбейбиз. Мекенге болгон сүйүү мына ушундай күчтүү болчу”, - деп эскерди Би-Би-Сиге афган согушунун ардагери Теңиз Токтоналиев.

1979-жылдын 25-декабрында башталып, 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган афган согушунда 2,5 миллион афган эли каза тапкан. Бул согушка жети миңден ашуун кыргызстандык катышып, алардын 277 жарадар болуп, 250 каза тапты. Дагы төртөө азыркыга чейин дайынсыз.