Президенттик шайлоонун күнү белгилүү болду

шайлоолор

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо ушул жылдын 19-ноябрында болот. Бул жѳнүндө 15-февралда президент Алмазбек Атамбаевдин БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабекова менен жолугушуусунда белгилүү болду. Президент шайлоого чейинки тогуз ай ичинде бардык кемчиликтерди жоюу зарылдыгын баса белгиледи.

Бул жылы Атамбаевдин президенттик бийлигинин мөөнөтү аяктайт. Ал жаңы мөөнөткө шайлоого барбай турганын, эч кандай мураскор операциясы болбой турганын көп жолу билдирген. Бирок ошого карабастан өлкөдөгү көптөгөн саясий күчтөр президенттин сөзүнө ишенбей, "мураскор" операциясына каршы чыгуу үчүн биригип жатышканы байкалууда.

Саясий партиялардын бирикмеси өз кезегинде шайлоо мыйзамын өзгөртүүнү караган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны Жогорку кеңешке сунуштаган жатат. Андагы башкы жаңылык - автоматтык эсептегич урналардан баш тартуу каралган.

Азыркы учурда президенттик жарышка түшөрүн "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев, "Ѳнүгүү-прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жарыя кылышты. Булардын соңунан "Республика" партиясынын жетекчиси Ѳмүрбек Бабанов да аттанары айтылып жатат.

Ошондой эле бийликтеги СДПК партиясынын талапкери катары шайлоого азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышат деген дагы күтүүлөр бар.