Министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг өтүүдө

Саламаттыкты сактоо министринин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг
Image caption Саламаттыкты сактоо министринин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг

Саламаттыкты сактоо министринин жумуштан кетүүсүн талап кылып бүгүн жыйырмадай жаран Ак үй алдына митингге чыгышты. Алар медицина тармагында шарттар улам начарлап баратканын айтып, ага карабастан жемкорлук күч алып жатат деп нааразылыгын билдирүүдө.

“Өзүм пенсионермин. Диабет оорума байланыштуу жыл сайын профилактикадан өтүшүм керек. Бирок биздин бир да оорканада жай жок, жолотушпайт дагы. Тез жардам менен келгендерди гана алабыз дешти, анда эмне калгандары өлө берсинби? Ден-соолуктан ажыроосу кеп эмеспи? Министр такыр иштебейт, реформа кылуунун ордуна баарынын ашмалтайын чыгарды. Анын жумуштан кетүүсүн талап кылабыз. Бизге карапайым элди түшүнгөн, көйгөйлөрүбүздү чечкен министр керек”, - деди жашы жетимишке жакындаган Карымшак Кудайбергенов.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев мындан 3 жыл мурда кызматка киришкен. Ал бул тармактагы коррупцияны жоюу боюнча бир канча аракеттер күчөтүлүп жатканын байма-бай айтып келүүдө. Бирок соңку кездери ал жасаган реформанын карааны көрүнбөй жатат деп коомчулук тарабынан көп сынга кабылып жатат.