Чоң-Алайдагы кар көчкү эки наристенин өмүрүн алды

Жаш-Тилек айылын район, облус менен байланыштырган жол.
Image caption Жаш-Тилек айылын район, облус борбору менен байланыштырган жол.

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында 19-февралда таңга маал жүргөн кар көчкү эки турак-жайды басып калып, эки наристе каза тапты.

Ѳзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кар көчкү алдында калган үйлөрдөгү он кишини жергиликтүү тургундар куткарып калышкан экен. Алар азыр аймактык ооруканада, абалдары жакшы деп айтылды.

Ал эми кар көчкү алдында калып кеткен наристе балдардын сөөгү түшкө жуук гана табылды. Алардын бири 3-класста окуган уул бала, экинчиси, 4-класста окуган кыз.

Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык катталаган жерге жардам алып жөнөп кеткен. Кырсык болгон аймакта куткаруучулар иштеп жатат деди министрлик. Ошондой эле Ош облусундагы өкмөттүн өкүлү да Жаш-Тилек айылына барганын басма сөз кызматы билдирди.

Ѳлкөдө соңку жааган калың кардан кийин бир катар аймактарда кар көчкү жүрдү. Эрте менен Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымына 1000 м3 көлөмдөгү кар көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылган.