Жеңишке жеткиче жеңилүү ызасы көп болот
- Элеонора Сагындык кызы
- Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкекте 20-апрелде алгачкы жолу "FuckUp Night" аталышта өзгөчө кече өттү.
Адатта өз ишинде баар тапкан белгилүү инсандар өздөрүнүн ийгилик сырлары менен бөлүшчү кечелер көп өтөт. Бирок бул кечеде бизнесте, маданият чөйрөсүндө өз ордун тапкандар буга чейинки жолу болбой калган өз долбоорлору, жеңилүүлөрү тууралуу ачык айтып берип, бизнес башатында турган жаш ишкерлерди шыктандырууга аракет кылышты.
"FuckUp Night" же көп ирээт жолу болбой, бирок акыры ийгиликке жеткендер кечеси Бишкектеги "Тунгуч" театрынын концерттик холунда өтүп, ага 400гө чукул көрүүчү чогулду. Кыргызстанда биринчи жолу өтүп аткан бул иш-чаранын уюштуруучуларырын бири Мирсулжан Намазаалы долбоор жаш ишкерлерге дем берүү максатын көздөйт деп билдирди.
Айтымында, иши жүрүшкөн бир топ бизнесмендер өзгөчө форматтагы бул иш-чарага спикер болуудан баш тартышкан.
"Көптөгөн ишкерлерге кайрылдык, арасында "катааларым абдан көп болгон, бирок азырынча аны айтууга даяр эмесмин" дегендер да болду. Биз тандап алган спикерлерге караганда ушундай жоопту узаткандар көбүрөөк болду. Ошентсе да биз Бишкекте башкаларга пайдалуу болсун деп өздөрүнүн окуяларын айтып бергенге даяр спикерлерди чакырып, алар бүгүнкү кечеде чыгып сүйлөп атышат", - деди Мирсулжан Намаазалы.
"FuckUp Night" кечесине алты спикер чакырылган, алардын бири белгилүү бизнес-тренер, доктор Эркин Джаманбаев кезинде өнөктөштөрү менен коңшу Казакстанда саламаттыкты сактоо тармагындагы бизнес долбоорго $700 миң акча салып, бирок күйүп кеткени тууралуу айтып берди. Мындай каржылык ири жоготуудан кийин өзүнө келүү ал үчүн оңойго турган эмес.
"Бир жылча эчтеке кылбастан офисте жаттым. Анан жөн эле ушинтип ашыкча салмак кошуп жата берген болбойт го деген ой келди. Мындан соң буга чейин жашоомдо кылбаган нерселер менен алектенгенге өттүм. Жүгүрө баштадым, ал тургай жарым марафон чуркадым. Вокалга жазылдым, бирок ырдап кеткеним жок. Бокс менен машыга баштадым, дагы бир канча жерге жазылдым, жыйынтыгында жай жатканга убакыт такыр калбады. Ошентип жүруп отуруп тагдыр мени дайым жетелеген, өзүм көптөн каалаган ишке өтүп кеттим", - деди учурда арка моюн ооруларын даарылоо менен алек Эркин Джаманбаев.
Соңку жылдары Кыргызстандын ырчы, бийчи дегеле өнөр адамдарына эл аралык сынактарда ийгилик жылмаюуда. Бирок алардын жеңишке чейинки көргөн азабы да арбын. "Чехия жана Словакия таланттары" сынагынын 2011-жылкы баш байгесинин жеңүүчүсү жана Кытайдын "Элдик Оскар" сыйлыгынын лауреаты Атай Өмүрзаков кандай гана жеңилүү болбосун, өзүнө ишене билүү, үмүттү үзбөө ийгиликке алып келерине ишендирди. Ошондой эле жакын адамдардын колдоосу ал үчүн дайым дем-күч экенин айтты.
"Көп эле долбоорлорду ишке ашырдым, алардын баары эле ийгиликтүү болгон жок. Катааларым көп болду. Кыйын учурларда жакын адамдар мага жардам кылышат. Эң биринчи бул -апам жана мени менен иштешкен командам. Ошолоордун колдоосу менен баары жакшы болду деп ойлойм.
Ошол каталарыман өзүмө көп нерсе ала алдым жана тажрыйбам менен бөлүшкүм келип бул жерге келгем", - деди бийчи.
Ивент-менеджер, «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын», "Мен-бийчи" эл аралык фестивалынын уюштуручуларынын бири Дарика Асылбашева өнөктөшү Атай Өмүрзаков менен ийгилик жолунда көп жолу мүдүрүлгөнүн, бирок жыгылган сайын кайра туруп, жеңиштерди кантип багынтып келе жаткандыгы тууралуу айтып берди. Айтымында, бизнестин кандай түрү болбосун ийгилик үчүн өлкөдөгү стабилдүүлүк да негизги факторлордон.
"2012-жылы Атай мага эл аралык "Мен-бийчи" фестивалын уюштуруп берүүмдү өтүндү. Мен ага "буга чейинки тапкан акчаңа машина, үй алып ал" деп кеңеш кылдым. Бирок ал абдан дээлигип алыптыр, мен дароо макул болгон жокмун. 2010-жылдагы революциядан кийин Кыргызстанга конокторду чакыруу кандай гана оор болгонун элестете албайсыңар. Эл аралык бийчи, аткаруучулар "силер жакта согуш болуп аткан экен, биз бара албайбыз" дешип коопсуздук кепилдиктерин талап кылышты. Абдан оор болду, Атай алар менен жеке өзү сүйлөшүп атып келүүгө көндүргөн. Фестивалга чейин тапкан акчасын бүт бул долбоорго салып, чоң акча жоготкон. "Мен -бийчи" долбоору коммерциялык жактан чоң жоготуу болгон, бирок социалдык ийгилик болду",- деди ДарикаАсылбашева.
Кондитердик «Куликовский» үйүнүн директору Денис Гайворонский кезинде таттуу азыктарын кеңейтүү максатында Россия жана Казакстанда соода түйүндөрүн ачып, бирок андан компания пайда эмес, жалаң чыгымга учураганын айтып берди. Бирок өжөрдүктүн аркасында, учурда бул соода маркасы Казакстанда ордун таап, кийинки максат - Москваны багындыруу болууда.
Тазалык чарба каражаттарын сатып, химиялык тазалоо кызмат көрсөтүү ишканаларын иштеткен Борис Глобус бизнесте досторду жоготуу деген бар экендигин, кийин өнөктөштөр менен бет карашпай калбоо үчүн эмне кылуу керек, кеңештерин айтты.
"Ишкерликте негизги көйгөйлөрдүн бири шериктештердин бири "мен көбүрөөк жумуш жасап жатам" деген ойлой баштагандан тарта чыга баштайт. Үй-бүлөдө деле маселе мына ушул нерседен чыгат жана анын айынан шериктештикте бара бара жараңка чоңоет. Ошондуктан мен иш баштап жатканда алдыда пайда болчу маселердин баарын эске алып, кантип ишкерликте "ажырышасыңар" ошону ойлонуп койгонду кеңеш кылат элем. Баашында баары "оо иш баштадык" деп эргүүлөнүшөт, "жок ,андай болбойт, биз бири-бирибизге ишенебиз" дешет. Бирок алдын ала кантип ал бизнестен чыгасыңар шериктештер үчүн да, өзүңүз үчүн да жолдорду ойлоп койгонуңуз дурус", - деди ишкер Борис Глобус.
Спикерлер арасындагы эң эле жашы, ишкер Каниет Осмонкулов бизнес башталышында кандай кыйынчылыктарга тушугуп атканы менен бөлүштү. Кече ар бир спикердин сөзүнөн кийин көрүүчүлөр арасынан суроо-жооп менен улантылды.
FuckUp Nights концепциясы Мексикада 2012-жылы негизделген, бүгүнкү күнү мындай кечелер дүйнөнүн 70 өлкөсүндө өткөрүлүп келет.