Президенттик шайлоо – 2017

  • Үгүт иштери

    Эң курч атаандаштыкты жараткан шайлоо

    Кыргызстандагы бул жолку президенттик шайлоо өлкө тарыхында биринчи жолу кимдин жеңип чыгары бүдөмүк болгон абалда өтүүдө. Айталы, буга чейинки шайлоолордо сөзсүз бийлик сүрөгөн талапкер өтүп келери анык эле болуп калчу.

  • Атамбаев Бабановду жакшы көрөт, бирок Жээнбековду артык көрөт

    Президенттик мөөнөтү бүтүп бара жаткан Алмазбек Атамбаев талапкерлер ичинен өзүнүн КСДП партиясы жылдырып аткан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду эсепке албаганда, "Республика" партиясынын лидери, бизнесмен Өмүрбек Бабановго артыкчылык берери белгилүү болду.

  • Мадумаров: Шайлоодо акча маанилүү эмес, элге таянам

    "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясынын лидери, белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров президенттик шайлоо жарышына катыша турганын жарыя кылды. Анын талапкерлиги партиянын курултайында көрсөтүлөт деп күтүлүүдө.

  • Видео, Шайлоочулар аял талапкерди колдойбу?, Узактыгы 2,49

    Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленди. Азырынча ага катышуу ниетин он чакты гана талапкер билдирди. Кыргыз коомчулугу аял талапкерди колдойбу?

  • Орусия төбөлдөрү бийлик талапкерин сынаганы келдиби?

    Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Бишкекке расмий иш сапары менен келди. Ага удаа эле кийинки аптада Кыргызстанга Орусиянын Федерация жыйынынын төрайымы Валентина Матвиенконун да келиши күтүлүүдө.

  • Шайлоо-2017: Саясий каралоо сезону башталды

    Шайлоого 2,5 ай калганда президенттикке талапкерлер арасында күрөш күчөдү. Талапкерлер өзүн үгүттөө менен чектелбестен каршылаштарына карата кара пиар менен да көмүскө алек болуп жатканы байкалат.

  • Чыгармачылыкка жок, а көчүргөнгө маш талапкерлер

    Үгүт жараянына саналуу гана күндөр калды, бул жолку агит кампанияда талапкерлер сreative көрсөтө алары күмөн. Бул шайлоодо изденүү жок, бирок көрүнөө плагиат – көчүрүп алуу күчөдү.

  • У.Кочкоров: "Элдик талапкер" кыймылы кандидатын 12 талап менен электен өткөрөт

    Кыргызстанда "Элдик талапкер" деп аталган коомдук-саясий кыймыл түзүлүп, алдыдагы президенттик шайлоого өз талапкерин алып чыгууну көздөп жатат. Кыймылга бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер мүчө болуп кирген.

  • Бийликтин фаворит талапкери Сооронбай Жээнбеков

    Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду алдыдагы президенттик шайлоо үчүн мыкты талапкер деп атады. Өкмөт башчынын талапкерлиги 15-июлда өтө турган КСДП курултайында расмий көрсөтүлгөнү жатат.

  • Т. Асанбеков: президенттикке талапкер болууну мигранттар сунуштады

    "Мекен Ынтымагынын" лидери Темирбек Асанбековду партиянын саясий кеңеши жана Орусияда миграцияда жүргөн бир катар кыргызстандык активисттер президентикке талапкер катары алып чыгары белгилүү болду.

  • Президенттикке талапкер канча кол топтошу керек?

    Президенттикке талапкерлердин кол топтоо маселесинде жарандык коом жана БШК ортосунда талаш чыкты. Боршайком талапкерлерге 40 миңден ашык эмес кол топтоо тууралуу чектөөлөр киргизүүгө аракет кылган.

  • Шайлоодо социалдык желелер ролу кандай болот?

    Кыргызстанда интернетти үзгүлтүксүз такай колдонгон жарандар саны 2 миллион 600 миң адамды түзөт. Канчалык таң калыштуу болбосун бирок кыргызстандыктар эң көп катталган социалдык желе бул - ВКонтакте.

  • Текебаев: президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир этем

    Оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда адвокаттар Текебаев президенттикке ат салышуу үчүн тил сынагына катышуусун камсыздап берүүнү өтүнүштү.

  • Шайлоо 2017: Тобокелчиликтер жана чакырыктар

    Күздө өтчү президенттик шайлоо буга чейинкилерден айырмаланып өтө кризистик учурда өткөнү жатат дешет байкоочулар. Терроризм, коом ичиндеги ажырым, диний фактор келе жаткан шайлоонун негизги коркунучтары аталууда.

  • КСДПнын президенттике талапкери Жээнбеков тууралуу пикирлер

    Социал-демократтардан президенттикке Сооронбай Жээнбековдун талапкер катары чыгышы күтүлгөн кадам болчу дешүүдө аналитиктер.

  • З. Курманов: Акчалуулар бийликке жулунганда, лидердин чыгышы күмөн

    "Азыр олигархтардын заманы болуп калбадыбы. Фабрика-завод куруп, автомобиль же учактарды жасагандар эмес, базарда отуруп ''семичке саткан'' адамдар бийликке келип жатат",-дейт профессор Зайнидин Курманов.

  • Кыргыздын башчы шайлоо тарыхы

    Кыргыздардын тарыхында жана улуттук салттарында шайлоо аркылуу башчы тандоонун таржымалы кандай? Сөз кезеги тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыс Молдокасымовдо.

  • Партия атынан эмес, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер көп

    Кыргызстандагы бир дагы партия президенттик шайлоого байланыштуу өз ичинде праймериз өткөргөн жок. Ал чакта президенттикке үч гана талапкер партия атынан жылдырылды. Негизинен шайлоого талапкерлер өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанышууда. Эмне үчүн?

  • Президенттик шайлоодо диндин орду кандай болот?

    Кыргызстандын бул жолку президенттик шайлоосунда дин чоң ролду ойнойт деп жатышат эксперттер. Анткени эки жыл мурдагы парламенттик шайлоо алдында диний баалуулуктарды жар салуу, диний лидерлерди колдонуу аракети болду.

  • Добуш соодалоо ооздукталабы же оожалабы?

    Кыргызстанда шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Айрым эксперттер шайлоо фонддорунун көбөйтүлүшүн, ансыз да добуш сатып алуу көйгөйү курч болуп жатканда аны андан бетер оожалтпайбы деп кооптонуп жатышат.

  • “Республика-Ата-Журттун" ынтымагы суудубу?

    Депутат Өмүрбек Бабанов өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке талапкерлигин койду. Тандемдеши Камчыбек Ташиевдин азырынча шайлоого ким менен барары белгисиз.