Желдей тараган жер титирөө кабары: адис эмне дейт?

Кыргызстанда майда жер титирөөлөр күнүнө катталып турат
Image caption Кыргызстанда майда жер титирөөлөр күнүнө катталып турат

Коопсуздук кеңешинин Бишкекте өткөн соңку жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун жер титирөө ыктымалдыгы тууралуу айтканы ар кандай ойлорго жем таштап жаткан учур. Анда Кыргызстандын 80 пайыз аймагында күчү 8-9 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн деп айтылган. Муну интернет колдонуучулар да ар түрдүү кабыл алып жатат. Алар социалдык тармактарга түрлүү пикирлерин жазышкан. Бири кудай сактасын десе, дагы бири суук кабар айтты деп министирди да тилдеген. Дагы башкалары коргонуунун ар кандай жолдорун жазышкан.

Сейсмология институтунун директорунун милдетин аткаруучу Өмүрбек Медералиев министрдин айткандарын сак болуу, кырсыктын алдын алуу өңүтүндө түшүнүү керектигин Би-Би-Сиге билдирди.

“Бул илимий тил менен айтканда зилзала болоо турган аймактарды аныктап райондоштуруу иштерин улантуу дегенди түшүндүрөт. Мунун атайын картасы түзүлөт. Мындай карта ар бир он жылда улам жаңыртылып, өзгөрүп турат. Ошондой эле министр курулуштун баардык түрүндө эрежелерди так сактоо зарылдыгынан кайрылды. Бул бир учурда кыргызстандын аймагынын сексен пайызында 8-9 баллга жеткен жер титирөө болот дегенди билдирбейт. Тактап айтканда, ар кайсы аймакта ар башка убакта ушундай коркунуч бар дегенди түшүндүрөт. Биз күнүгө жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянып, качан кайсы аймакта жер титирөө боло турганын болжолдуу айта алабыз”,- дейт Өмүрбек Медералиев.

Image caption Кыргызстанда эң кыйратуучу зилзала 1910-жылы катталган

Адис Кыргызстан каражаттын тартыштыгынан жер титирөөнүн толук кандуу алдын ала албай жаткандыгын да кошумчалады. Эрежеге ылайык, бул боюнча эң негизги көңүл бура турган багыттардын бири - курулуш тармагы. Бул иш курулуш жүрө турган аймакты аныктоодон тартып, курулуштун сапаты жана пайдалануу эрежеси менен тыгыз байланышкан.

Курулуш демекчи, учурда борбор калаанын өзүндө эле жалпысынан 100дөн ашуун көп кабаттуу үйлөр жана бийик имараттар курулуп жатат.

“Ошончо каражат коротуп жаткандан кийин куруучулар мындай чоң тобокелдерге барбайт. Себеби кокус бир кырсык же кыйроо боло турган болсо, ошого биринчи кезекте курган компания жооптуу. Андан кийин анан башкалар, анын ичинде биздин кызмат. Ошондуктан ал жерде бир эле биз эмес, өздөрүнүн ички көзөмөлүнөн тартып, бир канча текшерүү жүргүзүлөт. Бирок ар кандай деңгээлде эреже бузуулар бар экендигин да четке какпайбыз. Аларга чара көрүп кайрадан оңдоп чыгууга милдеттендиребиз. Онго жакын обьектиде мындай көрүнүштөрдү аныктап, бөгөт коюп жатабыз. Курулуп жаткан имараттардын жалпы саны менен салыштырып ала турган болсок, эреже бузгандар жокко эсе деп айтса болот”,- дейт Мамэкотехинспекциянын атайын адиси Шараф Ачылдиев.

Image caption Бишкекте курулуп жаткан имараттар, жеке менчик турак үйлөрдүн сапатынан күмөн санагандар аз эмес

Бир нече жылдардан бери жеке курулуш компаниясын жетектеп келе жаткан Бейшенбек Иманалиев кардар турак жай сатып алаарда билген адис менен ийне-жибине чейин тешерип, андан сырткары текшерүүчү мекемелердин уруксат кагазын талап кылуусу зарыл дейт.

Жер титрөөнүн кесепеттери тууралуу кеп болгондо, шаар ичиндеги көп кабаттуу имараттар менен катар эле шаар четиндеги жаңы конуштар да баш оору экени көп эле айтылат. Бирок азырынча алыгылыктуу иш жүрбөгөндөй.

Адистер курулуштун сапатын сактоодо адам фактору башкы ролду ойной турганын эскертишет. Алар чакан үй болсо да адис менен кеңешип, сапатуу материалдарды пайдаланып, такай көзөмөлдөөгө чакырышат.