Бекназаровдун айткандары атайын талдоого алынат

  • Абдыбек Казиев
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Азимбек Бекназаров
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Азимбек Бекназаров

"Ата-Журт" саясий патиясы 18-июль күнү Бишкекте курултайын өткөрүп, президенттикке өз талапкерлерин алып чыккан. Ошол жыйында саясатчы Азимбек Бекназаров да сөз сүйлөгөн.

Бүгүн Улуттук коопсуздук кызматы саясатчынын ошол сөзүнүн мазмунунда улуттар аралык мамилеге шек келтире турган чакырыктар бар же жогун текшерүү башталганын Би-Би-Сиге ырастады.

Бул ишти атайын филологиялык-саясий экспертиза аткарат. УКМК чыгарылган жыйынтыкка жараша ага юридикалык баа берилет деп жатат.

Мекеменин басма сөз кызматы, экспертизанын жыйынтыгы канча мөөнөттө белгилүү болоору азырынча так белгисиз экенин да кошумчалады.

Бирок Бекназаров өзү ал күнү сүйлөгөн сөзүнө кине тагууга эч кандай негиз жок экенин айтып, сөзүнүн төркүнүн толук түшүнүүгө чакырууда.

Бул кабарды бир нече маалымат каражаттары жазып, УКМК ырастагандан кийин социалдык тармактарда да талкуулар башталды.

Серепчилер улут маселелсине байланышкан ар кандай пикирлер, чакырыктар президенттик эле эмес, башка шайлоолордун алдында пайда болуп, талкуулар күчөй турганын айтып келишет. Соңку күндөрү да социалдык тармактарда президенттикке талапкерлердин тек жайын, уруусун сүрүштүргөн же ошого байланышкан маалыматтар да чыгып калып жатканын байкоого болот.