Чүйдө сууга чөккөн кыздардын денелери изделүүдө

Чүйдө сууга чөккөн кыздардын денелери изделүүдө

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Чүйдө сууга чөккөн кыздардын денелери изделүүдө

Жайыл районунда Көкөмерен суусуна чөгүп кеткен 13 жана 14 жаштагы тестиер кыздарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматтарга караганда, кырсык 20-июлда Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылында орун алган.

Жергиликтүү калк жана жети куткаруучунун катышусундагы буга чейинки издөө иштери жыйынтыгын берген эмес.

Кыздардын денелерин издөө иштери бүгүн да улантылат.

Жыл башынан бери Кыргызстанда суу жана көлмөлөрдө чөгүп кеткендер саны 93ке жетти, алардын 61 көл сезону башталгандан берки убакыт аралыгына туура келет. (ES)