Алмазбек Атамбаев эмгек өргүүсүн алды

Атамбаев акыркы жолу ушул жылдын башында кыска мөөнөттүү өргүү алган эле

Сүрөттүн булагы, president.kg

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 26-июлунан тартып эмгек өргүүсүн алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү маалымдады. Бирок өлкө башчысынын эс алуусу канчага созулары жөнүндө так айтылган жок.

Атамбаев акыркы жолу ушул жылдын башында кыска мөөнөттүү өргүү алган эле. Анда оппозиция өкүлдөрү президент "эмгек өргүүсүн чет өлкөдө мамлекеттин эсебинен өткөрөт" деп сындап чыккан болчу. Бирок президенттик аппарат мындай сындар чындыкка дал келбейт деп маалымдаган.

Өткөн жылы 19-сентябрда Атамбаев ден соолугуна байланыштуу БУУнун жыйынына бараткан иш сапарын токтотуп, текшерүүдөн өтүү зарылдыгына байланыштуу 2016-жылдын 20-сентябрынан тарта кыска мөөнөттүү өргүүгө чыккaн.

Анын абалы жакшы экенин, жумуш боюнча тапшырмаларды бергенин ошол учурда президенттик аппараттын жетекчиси болуп иштеген Фарид Ниязов билдирген. (ErA)