БШК: Текебаев 10-августка чейин тил сынагын тапшыра алат
- Азиза Марат кызы
- Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Убактылуу камактагы депутат Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкерлигин коюуда
Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкерлигин коюу үчүн тил сынагын 10-августка чейин тапшыра алат. БШК анын сынакка катышуусун камсыздоо соттун колунда экенин белгиледи.
Президенттике талапкерлердин алгачкы төртү 26-июлда кыргыз тили боюнча сынак тапшырыш керек эле. Алар убактылуу камактагы Өмүрбек Текебаев,Темир Сариев, Назарбек Нышанов жана Арстанбек Абдылдаев.
Акыркы үчү тил сынагын тапшырды. Нышанов менен менен Сариев жакшы көрсөткүч менен өткөнү белгилүү болду.
Күнүнө төрт талапкер тест берип турмакчы.
Ал эми сынакка катышуусун камсыздоо боюнча талаш-тартыш Текебаевдин тегерегинде жаралды. Анткени райондук соттун судьясы соттук ишке тиешеси жок деп аны камсыздап берүүдөн баш тарткан.
Текебаевдин соту жана президенттик шайлоо
Текебаевдин тарапташтары 26-июлда тестирлөө убактысы тушунда БШКнын алдына митингге чогулуп, партия лидерин сынакка катыштыруусун талап кылышты.
БШК өкүлдөрү “атамекенчилер” аларга басым жасап жатканын айтышты.
БШК Текебаевдин сынакка катышуусун камсыздоо маселесин талкуулары күтүлүп, анын жыйынтыгы журналисттерге түштөн кийин гана тааныштырылды.
Комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев убактылуу камактагы талапкерди сынакка катыштырууну ким чечип бериш керек деген маселе боюнча шайлоо мыйзамында боштук бар экенин түшүндүрдү.
“Эгер биздин укуктук механизмибиз жок болсо, кантип колдонобуз? Өзүбүз толуктап жазабызбы? Укуктук кемчиликтер расмий чечмелениши аркылуу толукталат. Мисалы, ошол мыйзамдын автору парламент чечмелесе болот. Экинчиден, кандайдыр бир мыйзамдык карама-каршылыктар болгондо тараптар сотко кайрыла алат. Соттун чечими укуктун булагы болуп эсептелет”,- деген Осмоналиев Текебаев сотко кайрыла алаарын айтты.
БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев камактагы талапкердин сынакка кирүүсүн камсыздоо механизминде боштуктар бар деди
Ал журналисттердин сот буга чейин баш тарткан деген суроосуна, кийинки инстанцияга кайрылса болоорун айтып, Текебаев 10-августка чейин тест тапшыра аларын билдирди.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайым орун басары Атыр Абдрахматова бир күн мурдагы жумушчу топтун жыйынында Текебаевдин маселеси чечилмейин анын сынак тапшыруу күнүн башка күнгө жылдыруу катын Тил комиссиясына жиберүүнү сунуштаган.
“Кечээги жумушчу топтун жыйынына юристтер, Өмүрбек Чиркешовичтин өкүлдөрү дагы катышты. Бирок бир пикирге келе алышкан жок. Мен БШК ар бир талапкердин укуктарын камсыз кылып беришибиз керек дедим. Шайлоо маалында башка органдардын бардыгы Борбордук шайлоо комиссиясынын көрсөтмөсүн аткарыш керек”, - деди Абдрахматова журналисттерге.
Сүрөттүн булагы, FACEBOOK
БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова "биз талапкерлердин укугун камсыздашыбыз керек" деди
Эми чечим тил комиссиясынан да көз каранды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын башка төрайым орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо боюнча мыйзамда ага карата соттун айыптоочу өкүмү чыкпаган тергөөдөн өтүп жаткан жаран талапкерлигин коё алары жазылган дейт. Анын айтымында, башка учурлар көрсөтүлгөн эмес.
Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкерлигин койгондор биринчиден мамлекеттик тилди билиш керек.
Оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Мегаком” компаниясына байланыштуу бир миллион доллар пара алган деп айыпталууда. Ал тергөө абагына февралдын соңунда алынган. Июндун башынан бери соту уланууда. Текебаев президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга аракет кылып жатат.